Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Аймактык реформа: Нарындагы 63 айыл өкмөтү 27ге чейин кыскарды

0

Нарын облусунда аймактык реформанын алкагында 63 айыл өкмөтү ирилешип, 27ге чейин кыскарды. Бул тууралуу облустук администрациянын жарым жылды жыйынтыктаган чогулушунда айтылды.

Президенттин Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов бул реформаны ишке ашырууга 10 миллион сом акча бөлүнгөнүн билдирди. Ирилештирүүнүн негизинде 113 миллион сом үнөмдөлөрүн, аны үч жылга аймакка калтыруу сунушталып жатканын белгиледи. 

Аймактык реформа үчүн Ысык-Көл облусунун Түп району дагы пилоттук долбоор катары тандалып алынган. Өткөн аптанын аягында өкмөттүн жыйынында райондогу 13 айыл өкмөтү бешке чейин кыскартылганы айтылган.

2022-жылы ноябрда Элдик курултайда президент Садыр Жапаров административдик-аймактык реформа Түптөн башталарын билдирген.

Быйыл апрель айында Жапаров аймактык реформаны Нарын облусунда пилоттук режимде баштоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары административдик-аймактык реформа парламенттин макулдугусуз жүргүзүлүп жатканын сынга алышкан.

Былтыр сентябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматынан өз эрки менен кеткен. Ошондо ал "жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзүм жетти, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечтим" деген эле.

Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Сулаймановдун дооматына жооп берип, "Аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес" деп айткан.

Садыр Жапаров “Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына” былтыр октябрда кол койгон жана Министрлер кабинетинин бул багыттагы жыл башында жүргүзө турган иш планын бекиткен. Анда аймактык реформа жүргүзүү маселеси да каралган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *