Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

ИИМ Интернеттеги алдамчылар жаңы ыкмаларды жайылтып жатышканын эскертти

0
ИИМ Интернеттеги алдамчылар жаңы ыкмаларды жайылтып жатышканын эскертти

Ички иштер министрлиги Интернет аркылуу алдамчылык менен алектенген шылуундар улам жаңы ыкмаларды жана схемаларды ойлоп таап жатышканын билдирди. Мекеменин бүгүн, 25-июлда жарыяланган маалыматында мындай көрүнүш жайылып жатканы, алар адамдардын ишенчээктигинен пайдаланып улам бирин ар кандай жарнамалык акциянын шылтоосу менен көңүлүн бурдуруп, алдап кетип жатышканы белгиленди:

“Жарнамаларында мамлекеттин биринчи адамдарынын, коомдук жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн, дин кызматкерлеринин, бизнес өкүлдөрүнүн фото жана видеолорун колдонуп жатышат. Белгисиз бирөөлөр социалдык түйүндөрдө, өзгөчө Telegram мессенжеринде кирешелүү деген инвестициялык долбоорлорду жарнамалап, аларды салым кошууга көндүрүп, убакытты жана күч-аракетти коротпостон акча которууну жана үзгүлтүксүз киреше алууну сунушташат. Бирок аны табуу же кошкон салымды кайтарып алуу мүмкүн эмес”, - деп эскертти ИИМ.

Кыргызстанда соңку жылдары "каржылык пирамида" сымал алдамчылык күчөгөнү да буга чейин эскертилген.

ИИМдин билдиришинче, миллиондогон акчасын алдырып койгондор миңдеп саналат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *