Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Кочкордо токойдун жерин балык чарбага берүүгө каршы эл чогулду

0

Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылынын ондогон тургуну бүгүн, 26-июлда токойдун жерин балык чарбасын куруу үчүн берүүгө каршы чогулду.

Алар президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, токой, тал-дарыгы кыйылып жатканын, жер берилсе алардын жайыты тарып каларын айтышты. 

Райондун акими Эрмекбай Омошев "Азаттыкка"  балык чарбасы үчүн жерди Токой кызматы бергенин, ишкердин колунда бардык документтери бар экенин билдирди.

"Ал Токой чарбасынын жери. Ал жерди сынак аркылуу балык чарбасына берген.  Жерди алган ишкер 3,5 миллион сомду токойдогу жоготуулар үчүн төлөп, бардык тиешелүү документтерди алган. Эл азыр жайытыбыз азайып кетет деп нааразы болуп жатат. Бизде андан башка дагы жерлер балык чарбаларына берилген. Кочкордун абасы, суусу балык чарбасына ыңгайлуу болгондуктан ушундай чарба ачууга байланыштуу бизде азыр көптөгөн арыздар бар. Мамлекеттин жерин мамлекет башкарат да. Андан башка жол жок. Баарыбыз эле ишкерлерге бут тосуп каршы чыга берсек болбой калбайбы. Чогулгандар эки боз үй тигишкен, азыр алар менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат",-деди Омошев.

Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы азырынча буга байланыштуу комментарий бере элек.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 250дөн ашык балык чарбасы бар.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *