Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты

0
Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Сот адилеттиги үйүн ачты

Президент Садыр Жапаров 27-июлда Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы Сот адилеттиги үйүн ачты. Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, бул жай мурдагы университеттин үч кабаттуу имаратында жайгашкан, оңдоп-түзөөгө бюджеттен 40 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. Президенттин резервдик фондунан дагы 14 миллион сом берилген.

"Бул каражатка имаратты оңдоп-түзөөдөн сырткары, сот отурумдары өтчү залдардын эмеректери толук жаңыланды, санариптик программалар орнотулду, майып жана улгайган адамдарга шарт түзүлдү. Сот адилеттиги үйүндө Жалал-Абад облустук, Жалал-Абад шаардык, Жалал-Абад облусунун административдик соттору жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыгы жана анын кызматтык бөлүмдөрү жайгашкан. Бир күндө 350-400 адамды тейлөөгө мүмкүнчүлүк бар",-деп жазылган маалыматта.

Садыр Жапаров өз сөзүндө "Кыргызстанда көз карандысыз сот адилеттигинин тутуму орноп, жарандардын жана бизнестин укуктарын тийиштүү деңгээлде корголушу керектигин баса белгиледи",-деп көрсөтүлгөн. 

Март айында Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында алгачкы Сот адилеттиги үйү ачылган.

Жыл башында парламентте Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда соттор дагы деле толук эркин эмес экенин моюнуна алган. Ал судьялардын ишин чектеген мыйзамдар бар экенин, аларды оңдоого аракеттер көрүлүп жатканын билдирген.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Ал реформанын чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атаган. Анын жыйынтыгында жергиликтүү соттордун 312 судьясы ар кайсы аймактарга ротация болгон. Бирок коомчулукта сотторго байланыштуу сын-доомат азая элек.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *