"Эл үмүтү" стипендиясына 17 студент талапкер болууда
Быйыл "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына 17 студент талапкер болууда.
Республикалык комиссия алардын тизмесин карап чыгып, өкмөткө жөнөткөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Былтыр бул стипендияга тогуз студент тандалып, жалпы 30 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
Стипендия Колумбия, Стэнфорд, Жонс Хопкинс атындагы университеттерде жана башка чет мамлекеттердеги окуу жайларда окуп жаткан студенттерге берилери айтылган.
Президент Садыр Жапаров былтыр май айында "Эл үмүтү" деп аталган эл аралык стипендиясын түзүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Бериле турган акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.
Документке ылайык, техникалык жана инженердик багыттарга артыкчылык берилет. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырса болот.
Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө он стипендия бөлүнөт.
Кыргызстандык студенттердин чет өлкөлөрдө окуусун колдоо боюнча мурда "XXI кылымдын кадрлары" деген улуттук программа иштеген. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер чет өлкөдө университетти бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу.
Кийинчерээк программаны каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган. (КЕ)