Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Азербайжан армениялык автокербенди Тоолуу Карабакка өткөрбөй койду

0
Азербайжан армениялык автокербенди Тоолуу Карабакка өткөрбөй койду

Азербайжан бийлиги Лачын коридору аркылуу армениялык жүк ташуучу автоунаалардын кербенин өткөрбөй койду. Ереван билдиргендей, алар жикчил Тоолуу Карабакка гуманитардык жардам алып баратышкан.

Армениянын өкмөтү 25-июлда Тоолуу Карабакка 360 тонна ун, өсүмдүк майы, шекер жана башка эң керектүү азык-түлүктү жеткирүү аракетин көрөрүн билдирген. Армян аткаминерлери ошондой эле орусиялык бейпил күчтөрү кербенди коштоп барарына үмүт артып жатышкан.

26-июлда кечкисиин Лачын коридорундагы өткөрмө бекетке 19 жүк ташуучу унаа барганда, аларды азери аскерлери өткөрбөй коюшту.

Азербайжандын тышкы иштер министрлиги автокербенди "чагым" деп атап, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү аракети деп айыптады. Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин жардамчысы Ереван алардын өлкөсүнө болгон "аймактык дооматтан баш тартуусу зарыл" экенин билдирди.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян: "Биз Тоолуу Карабактагы армяндар туш болгон кырдаалга көз жуумп коё албайбыз", - деп Твиттерге жазды.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымга созулган коридор. 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында Лачын коридорунда Орусиянын бейпилдик күчтөрү жайгашкан.

2023-жылдын 23-апрелинен Лачын коридоруна Азербайжан көзөмөл-өткөрмө бекетин жайгаштырган. Коридор 15-июндан баштап жабылганы тууралуу кабарланган.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей этностук армян отурукташкан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *