Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Кайра шайлоо: Жумалиева Абировду каттоого каршы экенин билдирди

0
Кайра шайлоо: Жумалиева Абировду каттоого каршы экенин билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Акбалык Жумалиева Бишкектиги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берген Жаныбек Абиров тууралуу комментарий берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына анын арызы каралып жатканда каршы добуш берерин жазды.

“Мыйзамда “Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес” деп турат. Бош мандаттын пайда болушуна жана эки жолу бюджеттен акча кетип шайлоо өтүшүнө Абировдун өзүнүн арызы негиз болгон. Ошондуктан ал жаран бул орунга ат салышууга моралдык да укугу болбошу керек. Абиров азырынча арыз гана берди, каттала элек. Мен каттоого каршы добуш берем”, - деп жазды Жумалиева.

Мунун алдында БШКнын дагы бир мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абиров бул округдагы кайра шайлоого катыша албастыгын, бирок БШК коллегиялдуу орган болгондуктан аны арызы тууралуу чечим жалпы жыйында кабыл алынарын билдирген.

БШКга Абиров арыз бергени тууралуу 28-июлда белгилүү болду.

Аталган округдан депутат болгон Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган. Бул округда кайра шайлоо 28-майда өткөн.

Боршайком бирок добуш берүүнүн жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген.

Учурда Абировду кошкондо кайра шайлоого катышуу үчүн 10 адам арыз берди. Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылы 28-ноябрда өткөн.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *