Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Равшан Жээнбековдун жубайы Алимбаева үй камагына чыкты

0
Равшан Жээнбековдун жубайы Алимбаева үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 29-июлда үй камагына чыкканын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Мындай өтүнүчтү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү келтирип, сот аны канааттандырган. Алимбаева 24-сентябрга чейин үй камагында болот.

Ушул эле күнү мурдараак УКМК Салкынай Алимбаева кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо мамлекеттик мекемелерде таанышы бар экенин айтып, жеңишти алып берүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн 500 миң АКШ долларын алганы аныкталганын маалымдаган.

Атайын кызмат бул факты боюнча Алимбаева менен бирге "Инфосистема" мамлекеттик ишканасы жана бул кылмышка тиешеси бар айрым жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылганын билдирген. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери аягына чыгып калганын, бул боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалаган.

25-майда Алимбаева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Шектүүнүн адвокаты Разак Ашимбаевдин ага Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу “коррупция” беренеси менен айып коюлганын айткан. Жактоочу окуя былтыр болгонун, Алимбаеванын тиешеси жок экенин билдирген.

26-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алган, шаардык сот да бул чечимди күчүндө калтырган.

21-июлда Биринчи май райондук соту Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтүн 25-сентябрга чейин узарткан.

Кийинчерээк Алимбаеванын абалы начарлап кеткени, аны медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө өтүнүч берилгени айтылган. Ага 7-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде операция жасалганын анын сиңдиси Алтынай Алимбаева 26-июлда "Азаттыкка" ырастаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *