Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

IRI: саясатчылар рейтинги, кымбатчылык жана жумушсуздук

0
IRI: саясатчылар рейтинги, кымбатчылык жана жумушсуздук

Эл аралык республикалык институттун (IRI) жаңы сурамжылоосу жарыяланды. Ага катышкандар өлкөдө жумушсуздук жана кымбатчылыкты негизги көйгөй деп аташкан. Президент баш болгон саясатчыларга баа берилген. 

"Кимге көбүрөөк ишенесиз?"

IRI соңку изилдөөсүндөгү "саясатчылардын же коомдук ишмерлердин кимисине көбүрөөк ишенесиз" деген суроого респонденттердин 35% президент Садыр Жапаровду атаган. Былтыр бул көрсөткүч 38% болгон. Кийинки сапта Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге 14% ишеним көрсөтүлгөн. Былтыр Ташиевге карата ишеним көрсөткүчү 18% болгон.

Андан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековдун рейтинги былтыркы 11 пайыздан 13% өссө, дагы бир депутат Адахан Мадумаровдуку 10 пайыздан 6% төмөндөдү.

Ошондой эле сурамжылоого катышкандар “жакшы пикирде” деген саясатчылардын алдыңкы сабында Садыр Жапаров (64%), Нуржигит Кадырбеков (33%), Камчыбек Ташиев (31%), Эрулан Кокулов (16%) жана Дастан Бекешев (10%) турат.

Ал эми “парламенттик шайлоо жакынкы жекшембиде өтө турган болсо кайсы партияга добуш бермексиз” деген суроого берилген жооптордо “Ата Журт Кыргызстан”, “Ыйман Нуру”, “Бүтүн Кыргызстан” алдыга чыккан. 

Активист Айбек Теңизбаевдин пикиринде, сурамжылоонун жыйынтыгы кандайдыр бир деңгээлде чыныгы жагдайдан кабар берет. 

“Мен үчүн сурамжылоодо кандайдыр бир маалымат бар. Нуржигит Кадырбеков жана анын партиясы алдыга чыгыптыр. Ал Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиев сыяктуу мамлекеттик ресурс менен имиджин көтөрбөйт. Бул эмнеден кабар берет? Коом диндешип баратканы байкалууда. Диний багыт мындан ары дагы актуалдуу боло баштайт деген ойдомун", - деди Теңизбаев.

Теңизбаев Мадумаровдун рейтингинин төмөндөшүнө саясатчыга карата каралоолор себеп болгон деп эсептейт.

Жарандык активист Адил Турдукулов сурамжылоонун жыйынтыгы өлкөдөгү абал жөнүндө толук маалымат бербейт деген пикирде.

“Дайыма элдин көпчүлүк бөлүгү азыркы бийликти колдой берет. Азыркылардын ордуна башка бирөөлөр келсе деле эл аларды колдоп чыгат. Андыктан сурамжылоону сын көз караш менен кароо зарыл. Бул сурамжылоонун өзүндө парадокс бар. Көп көйгөйлөр аталып, бирок бийликке эмнеге жогорку баа берилип жатат? Бул дагы ишенбөөгө негиз болууда", - деди Турдукулов.

Чынында дал ушул эле институттун 2019-жылдагы ноябрь-декабрь айындагы сурамжылоосун карасак, ошол кезде бийликте турган Сооронбай Жээнбеков респонденттер ишеним арткан саясатчылардын катарында болгон. Анда Өмүрбек Бабанов 21% менен алдыга чыгып, экинчи орунда 16% менен Сооронбай Жээнбеков болгон. Ал эми Камчыбек Ташиев 7%, Садыр Жапаров 3% көрсөткүчкө ээ болгон.

"Эң олуттуу көйгөй кайсыл?”

Сурамжылоодо “эң олуттуу көйгөй” катары жумушсуздук (29%) жана кымбаттчылыкты (28%) аташкан. Ошондой эле бул катарда үчүнчү болуп өлкөдөгү коррупцияны (14%) белгилешкен. Үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдүн катарында каржылык муктаждык, насыя төлөөдөгү кыйынчылык биринчи орунда турганын көрүүгө болот.

Активист Айбек Теңизбаев бийлик сурамжылоодогу ушул жыйынтыктарга көңүл бурушу керек дейт. 

"Тааныштар жумушсуздукка кабылып жатканын көрүүдөбүз. Ошол себептеп ушул эки көйгөй жарандардын турмушуна таасир этүүдө. Мындан улам бийлик бардык ресурсун экономикага жана элдин социалдык көйгөйүн чечүүгө багытташы керек экени көрүнүп турат”.

Эл аралык республикалык институттун сурамжылоосунда коррупция темасы дагы изилденген. Анда "Кыргызстан үчүн эң олуттуу көйгөй - коррупция" деп эсептегендер 65% түздү.

"Өтө коррупциялашкан мамлекеттик органдар" деп сот, МАИ, медицина, милиция, жогорку окуу жайлар, прокуратура жана бажы кызматын көрсөтүшкөн. Кыргыз бийлигинин жемкорлук менен күрөшүүсүн сурамжылоого катышкандардын 56% "начар" деп баалады.

Бийликтин жакшы көрсөткүчтөрү

Азырынча президенттин администрациясы сурамжылоого байланыштуу комментарий бере элек.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттердеги баракчасында IRIдин соңку изилдөөсүндөгү бийликке карата оң көрсөткүчтөрдү белгиледи.

Мисалы, “өлкөдөгү абал туура же туура эмес багытта өзгөрүп жатабы” деген суроого сурамжылоого катышкандардын 78% “туура багыт” деп жооп берген. Андан сырткары, үй-бүлөдөгү экономикалык абалын респонденттердин 67% “кандайдыр бир деңгээлде жакшы” деп айткан. Ал эми акыркы 12 айда Кыргызстандын экономикалык абалын 46% “кандайдыр бир деңгээлде оңолду” деп жооп беришкен.

Сурамжылоодо демократияны 45% респондент "башкаруудагы мыкты форма" деп баалаган. Бул көрсөткүч мурунку жылдардан анча деле айырмаланган жок.

Медиага карата ишеним жана "Азаттык"

Сурамжылоого катышкандар “Азаттык” радиосунун жаңылыктарына жана саясий маалыматтарына көбүрөөк ишене турганын билдиришкен. Андан кийинки орундарда “Кыргызстан обондору", "Эл ФМ" “Биринчи радио”, “Марал ФМ” жана “Санжыра” радиолору бар.

Сурамжылоого катышкандардын 81% саясий маалыматтарды интернеттен, 48% теледен көрөрүн, 30% туугандарынан, досторунан, 6% радиодон, 6% кесиптештеринен угарын, 5% гезиттерден окуй турганын айтышкан.

Андан тышкары, респонденттердин 20% маалыматты Ютубдан, Инстаграмдан 11%, Фейсбуктан 7%, “Азаттыктан” 4%, WhatsApp 3%, эки пайызы Akipress жана башка маалымат агенттиктерден ала турганын билдиришкен.

“Сиз телеканалдардын кайсынысынын жаңылыктарына жана саясий маалыматтарына баарынан көбүрөөк ишенесиз” деген суроого 23% УТРКнын, 8% ЭлТР, 6% “Ала-Тоо 24”, 3% Ош ТВ каналдарына жана 2% “Азаттык” деп жооп беришкен.

IRI уюму 5-майдан 25-майга чейин жарандардын үйүнө барып, бетме-бет маектешүү жолу менен сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 18ден жогорку жаштагы 1500гө жакын кыргызстандык катышкан.

Уюмдун кабарлашынча, IRI жүздөн ашуун өлкөдө 1000ден ашуун изилдөө жүргүзүп, 1,5 миллиондон көп адамдардан сурамжылоо өткөрүп, ар кандай маселелерди талдап келет. Сурамжылоо атайын социологиялык ыкмалар менен жүргүзүлөт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *