Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 07.07.2023

Баткенде 11 млн. доллар каржылык колдоо менен агрардык долбоор башталды

Azattyk.org 

Баткен облусунун аймагында айыл чарба аянттарын кеңейтүү, заман талабына ылайык продукция өндүрүүнү, сактоо, кайра иштетүү, айыл чарба продуктуларын экспортко чыгаруу, сугат суу жеткирүү, сууну үнөмдүү пайдаланууга багытталган долбоор башталганын облустук бийликтин басма сөз кызматы «Азаттыка» кабарлады. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык долбоорду ишке ашыруу үчүн атайын жыйын өтүп, ишке ашырмай болгон АРИС уюмунун эксперттери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары... Читать дальше...

Караколдо жоголгон эки кичинекей кыздын сөөгү каналдан табылды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдүн Каракол шаарында жоголгон эки жана беш жашар кыздардын сөөгү Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан табылганын кабарлады. Кыздар көчөдө ойноп жүрүп жоголгону тууралуу 6-июлда күндүзгү саат 3төр чамасында маалымат түшкөн жана ошондон тартып издөө токтогон эмес. Мунун алдында аталган министрлик өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйгөнүн билдирген. Бейшембиде, 6-июлда эле өлкөдө төрт адам сууга чөгүп, үчөөнүн сөөгү табылганын, бир адамды издөө уланып жатканын маалымдаган. Читать дальше...

Жыл башынан бери кызамык жуккан миңден ашык учур катталды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда кызамык жуккан учурлар көбөйүп жатканын билдирди. Мындан улам бул дартка каршы вакцинанын убагында алуу маанилүү экенин эскертти. Мекеменин маалыматына караганда, оору жуктургандардын дээрлик 81% эмдөөдөн өтпөгөндөр экенин белгиледи. "Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык жуккан 1001 учур катталды. Ооругандардын көбү (81%) бул ооруга каршы эмделген эмес. Вакцина албагандардын 29% жашы жетек электигине алты жана сегиз ай) байланыштуу эмделген эмес. Калган 33% эмдөөдөн баш тарткан. Читать дальше...

ӨКМ 6-июлда төрт адам сууга чөгүп, үчөөнүн сөөгү табылганын кабарлады

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 6-июлда өлкөдө төрт адам сууга чөгүп, үчөөнүн сөөгү табылганын, бир адамды издөө уланып жатканын билдирди. Кырсыктар Чүйдөгү Люксембург жана Жаңы-Турмуш айылдарында, Жети-Өгүздө жана Чолпон-Ата шаарында болгон. Мунун алдында аталган министрлик Кыргызстанда жыл башынан бери 50дөн ашык адам сууга чөгүп каза болгонун билдирген. Ага ылайык, былтыркы жылдын ушул маалына карата кырсык 25% өскөн. Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашык жаш бала... Читать дальше...

Караколдо беш жана эки жашар кыздарды издөө уланууда

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында беш жана эки жашар кыздарды издөө уланып жатканын кабарлады. Ага ылайык, кыздар 5-июлда күндүзгү саат 3төр чамасында көчөдө ойноп жүрүп дайыны чыкпай калган. Бул маалымат түшкөндөн бери издөө иштери токтой элек. "Кыздарды издөөгө Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн беш куткаруучу, шаардык милициядан 60 кызматкер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан 10 кызматкер тартылды", - деп жазылган маалыматта. Читать дальше...

Төрөбаев электр энергиясын чектөөнү катуу көзөмөлгө алууну тапшырды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 6-июлда күз-кыш мезгилине карата өкмөттүн даярдыгы тууралуу жыйын өткөрдү. Республикалык штабдын отурумунда Токтогул суу сактагычындагы абал, көмүр менен камсыз кылуу жана өткөн жылы катуу сууктан улам Майлуу-Суу жана Орловка шаарларындагы окуялардын алдын алуу маселелери талкууланды. "2023-жылдын 1-октябрына Токтогул суу сактагычына 14,34 млрд. метр куб сууну топтоо пландалса, суунун аз агып келгенен улам быйыл октябрда суунун көлөмү 12,4 млрд. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *