Чаткалда адам атууга шек саналган тургун эки айга камалды
Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун 38 жаштагы Ж.С.К аттуу тургунун аткан 30 жаштагы С.Ж.С аттуу жаран соттун чечими менен эки айга камалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын билдирди. Милициянын маалыматына караганда, окуя 7-июлда 14.30дар чамасында болгон. Ок жеген адам оор абалда алгач райондук ооруканага түшкөн, кийин Бишкек шаарына которулган. Учурда бул фактыны тергеп-иликтөө жүрүп жатат. Милиция ок атууга жеткен окуя тууралуу кеңири маалымат берген жок. Читать дальше...