Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 14.07.2023

Наманганда дыйкандар саман үчүн салык төлөйт

Azattyk.org 

Өзбекстандын салык департаменти Наманган облусунда күрүч жана буудайдан кийин калган саманга салык салынарын билдирди. Ага ылайык жыйналган ар бир таңгак саман үчүн салык төлөнөт. Дыйкандар бул жобо бюджетти толтуруу айласы экенин айтууда. Айыл чарба боюнча адистер Намангандагы жаңы салык ансыз да эгин менен пахтанын акчасын өз убагында албаган дыйкандарды кыйнап, эт менен сүттүн баасын көтөрүшү мүмкүн дешет. Мамлекеттик салык башкармалыгынын облустагы бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары... Читать дальше...

Azattyk.org сайтына коюлган бөгөт алынды

Azattyk.org 

"Азаттык Медиа" мекемесинин azattyk.org сайтына Маданият жана маалымат министрлигинин чечими менен былтыр октябрда коюлган бөгөт алынды. Бүгүн, 14-июлдан тартып өлкөнүн бардык аймактарында биздин сайт ачылышы керек. Эгерде сиз аzattyk.org дарегиндеги сайтыбыз ачылбай жатса, кайсы интернет провайдери жана кайсы аймакта экенин жазып, бизге кабар бериңиз. Биздин сайттан өлкөдөгү жана дүйнөдөгү окуялар боюнча ыкчам, бейтарап маалыматтарды ала аласыз. "Азаттык" элдин жана эркиндиктин үнү!

Ашимбаева: "Ай Кью" мектеби былтыр 19 балага аттестатты мыйзамсыз берген

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги Токмок шаарындагы “Ай Кью" менчик мектептин аттестат ала албай жаткан бүтүрүүчүлөрү тууралуу түшүндүрмө берди. Бишкекте 14-июлдагы басма сөз жыйынында министрдин орун басары Токтобүбү Ашимбаева бул мектеп күндүзгү жана сырттан окууга лицензия алып, бирок экстернат (бир жылда эки класс) боюнча тиешелүү документтери болбогонун айтты. Лицензия алуу тууралуу эки жолу арыз берилгенин, бирок талапка ылайык шарттары жок болгондуктан документ ала албаганын белгиледи. ... Читать дальше...

Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга эки талапкер арыз берди

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоого катышуу үчүн "Эл үмүтү" партиясынын лидери Алмаз Аскар уулу менен буга чейинки шайлоого катышкан Эртай Искаков Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди. Алмаз Аскар уулу былтыр жазында Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округундагы шайлоого катышып, үчүнчү орунда келген. Анын аты соңку парламенттик шайлоодо президент Садыр Жапаровдун уулу Рустамга байланыштуу аталган. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Рустам Жапаров парламенттик шайлоого камылга көрүп... Читать дальше...

ТИМ: Астанада мушкер сабаган кыргызстандыктын иши көзөмөлдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын борбору Астана шаарындагы соода борборлордун биринде сабалган кыргызстандык жаран тууралуу билдирүү таратты. Анда окуя "MEGA Silk Way" соода борборунда болгону, жабырлануучу 13-июлда Астанадагы кыргыз элчилигине чакырылып,  керектүү укуктук кеңеш берилгени айтылат. "Бүгүнкү күндө бул окуяга байланыштуу Казакстандын укук коргоо органдары керектүү иш-аракеттерди көрүп жатат. Бул маселе ТИМдин көзөмөлүндө турат", -деп жазылган маалыматта. Бул окуя 18-июнда болгон. Читать дальше...

Түркмөнстанда кайыр сурагандар жапырт кармалууда

Azattyk.org 

Түркмөнстандагы Балкан облусунун бийлиги кайыр сураган жана үй-жайы жокторго каршы рейд өткөрүп, жапырт кармап жатат. Анын алкагында ондогон адам, анын ичинде балдар жана майыптар дагы полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды. Бийлик муну «кайыр сурагандар президенттин беделине шек келтирип жатканы» менен түшүндүрдү. Түркмөнстан алтын жылдан бери экономикалык кризиске дуушар болуп келет. Өлкөдө жумушсуздук күч алып, калктын жашоо деңгээли дароо төмөндөп кеткен. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *