Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 21.07.2023

Дүйшөмбү Ага Хан университети курулган жерди кайтарууну талап кылды

Azattyk.org 

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун прокуратурасы Хорогдогу Борбор Азия университети курулган жер тилкесин мамлекетке кайтарып берүүнү талап кылды. Буга чейин өткөн айда Хорогдогу Ага Хан лицейи жабылган. Андан мурда Ага Хан фондуна караштуу Serena Khorog INN мейманканасы улутташтырылган. Университет жайгашкан жерди 1990-жылдардын аягында Ага Хан Өнүктүрүү фонду сатып алган. Тажик бийлиги бул жер мыйзамсыз алынганын билдирүүдө. Жогорку экономикалык соттун сайтындагы маалыматка караганда, прокуратуранын арызы 12-июлда каралмак. Читать дальше...

Энергетика тармагына жарым жылда 11,3 миллиард сом бөлүндү

Azattyk.org 

Кыргызстанда энергетика тармагын каржылоого соңку алты айда 11,3 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу 20-июлда финансы министри Алмаз Бакетаев өкмөттүн жыйында билдирди. Ага ылайык, энергосекторду капиталдаштырууга 5,4 миллиард сом, күз-кыш мезгилине даярдыкка 5,3 миллиард сом, Камбар-Ата ГЭСин курууга 416,3 миллион сом, ал эми "Бала-Саруу" чакан ГЭСин курууга 225 милион сом берилди. Бул жыйында энергетика министри Таалайбек Ибраев соңку жагдайлардан улам бул тармакка үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштаган. Читать дальше...

УКМК жасалма кыргыз паспорту бар чет өлкөлүк кармалганын кабарлады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жасалма кыргыз паспортун алып жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалганын билдирди. Ага ылайык, учурда бул кылмышка тишеси бар башка адамдарды аныктоого байланыштуу иликтөө уланып жатат. Шектүү УКМКнын тергөө абагына камалды. Ушул жылдын май айында Стамбулда кандуу чабуулга байланыштуу айып коюлган өзбек жаранынан кыргыз паспорт табылган. Анын алдында, март айында УКМК Өзбекстандын жаран Кыргызстандын паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген деген шек менен кармалганын билдирген. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *