Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2023

Новости за 26.07.2023

Кемпир-Абад иши: абактагылар эл аралык уюмдарга кайрылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар АКШнын, Германиянын, Франциянын, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчилерине жана Еврокомиссия менен Европарламентке кайрылуу жасады. Кайрылууда президент Садыр Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө персоналдык санкция салуу өтүнүчү жазылган. Кат... Читать дальше...

Мал аткезчилиги: чек арачыларга каршылык көрсөткөн беш адам камалды

Azattyk.org 

Чек ара кызматы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда мал аткезчилиги менен алектенгендерди кармоо учурунда алар каршылык көрсөткөнүн билдирди. Ага ылайык, 24-июлда аталган райондо кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган тилкесинен бодо мал айдап өтүүгө аракет кылган адамдардын тобу аныкталган. Кармоо учурунда чек арачыларга каршылык көрсөткөн. "Алардын мыйзамсыз аракеттерин токтотуу үчүн чек ара күзөтчүлөрү эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бирок аткезчилер жаалданып, бийлик өкүлдөрүнө кол салууга аракет кылган. Читать дальше...

Аба ырайы: күн ысык болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кабарлагандай, 27-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 20…25... Читать дальше...

Талибдер сулуулук салондоруна тыюу салды

Azattyk.org 

Ооганстанда  Талибан кыймылы түзгөн өкмөттүн буйругу менен шейшембиден тарта миңдеген сулуулук салондору жабылды. Муну менен кыз-келиндер киреше алып келген булактан, теңтуштарына жолугуп, баарлашуучу жайлардан ажырап калды. Талибандын Адеп-ахлак министрлиги "аялдардын келбетине кам көрүүгө корогон көп суммадагы акча үй-бүлөлөрдүн жакырлануусуна алып келүүдө" жана айрым "косметикалык процедуралар ислам эрежелерине туура келбейт" деген негизде буйрук чыгарганын билдирди. Аялдардын билим алуу... Читать дальше...

Лейлекте аткезчилик менен эт ташыган Тажикстандын жараны кармалды

Azattyk.org 

Тажикстандын Кожент шаарынын 30 жаштагы тургуну Баткен облусунда аткезчилик менен кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматта кармалган адам 23-июлда таңга жуук Лейлек райондагы Жаңы-Жер айыл аймагынан алган 700 кг койдун этин Тажикстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган.  Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) жана 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголуп, атайын кызматтын... Читать дальше...

Ленин округундагы кайра шайлоо: тогуз адам БШКга арыз берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоого катышуу үчүн 26-июлга карата тогуз адам арыз берди. Алар: Эртай Искаков, Аскар Алмаз уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнев, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев жана Токтогул Какчакеев. Буга чейин БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган парламенттин экс-депутаты Жаныбек Абиров бул округдагы кайра шайлоого катыша албай турганын билдирген. Читать дальше...

Кутманованын иши: Бийликтин көздөй кадрынын талаштуу карьерасы

Azattyk.org 

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кармалып, тергөө абагына камакка алынды. Мындай маалыматты 25-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет таратты. Кутмановага министрликти жетектеп турган эки жыл ичинде ири коррупциялык схемаларды уюштурганы жана ага айрым кесиптештери менен жакын туугандарын катыштырганы боюнча айып тагылууда. Экс-министр өзүнө жана жакындарына тагылган айыптарды четке кагып, "өлкө жетекчилигине туура эмес маалымат жетип жатат" деп актанган эле. Читать дальше...

Садыр Жапаров энергетикадагы өзгөчө кырдаал режимин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 26-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине  энергетика тармагына киргизилген өзгөчө кырдаал режими тууралуу түшүндүрмө берди. Анда мындай жарлыккка кол койгон себебин Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүү зарылчылыгы менен негиздеди жана "сарсанаа болууга" негиз жоктугун айтты. "Эч кандай өзгөчө кырдаал түзүлгөн жок. Бул жарлык менен энергетика тармагында кандай гана маселе жаралбасын, министрге ыкчам чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бердик. Маселен... Читать дальше...

"Сөөктү араң алып келдик". Айперинин Алматыдагы табышмактуу өлүмү

Azattyk.org 

Өткөн аптада Алматыда кыргызстандык келин балдарынын көзүнчө өз жанын кыйганы кабарланды. 29 жаштагы Айперинин жакындары бул каргашалуу окуя үчүн маркумдун күйөөсүн айыптап жатышат. Өткөн аптада Алматыда кыргызстандык келин балдарынын көзүнчө асынып алганын кабарланды. 29 жаштагы Айперинин жакындары бул каргашалуу окуя үчүн маркумдун күйөөсүн айыптап жатышат. Бир катар казакстандык маалымат каражаттары коңшуларына шилтеме берип, маркумдун үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип келгенин жазып чыгышты. Читать дальше...

Алты айда жол кырсыгына себепкер 550дөй айдоочу из жашырып кеткен

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги өлкөдө "Унаа издөө" операциясы жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын алкагында уурдалган машиналарды, жол кырсыгына себепкер болгон, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуларды издөө иштери күчөтүлөрүн маалымдады. Ошондой эле машина базалары, тейлөө жайлары текшерилип жатат. "Ушул жылдын алты айында машина уурдоого байланыштуу 123 факт катталган. Айрым фактылары аныкталбай калып жатат. Соңку жарым жылда жол кырсыгын жасагандан кийин 539 айдоочу ошол жерден качып кеткен. Алардын ичинен 12 учуру адам өлүмү менен коштолсо... Читать дальше...

Төө-Ашуудагы тоннелди күнүгө 10 сааттан жабуу башталды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелди оңдоо иштерине байланыштуу 26-июлдан тартып 6-августка чейин күнүгө 10 саатка жабуу башталды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу машиналар түнкү саат 3төн тартып күндүзгү саат 4кө чейин өткөрүлбөйт. Жеңил машиналар үчүн жол эртең мененки саат 6дан күндүзгү саат 4кө чейин жабык болот. Ал эми Бишкекти көздөй келе жаткан машиналар болсо ушул эле убактарда жолдун 144 чакырымында (Суусамыр өрөөнү) токтотулат. Читать дальше...

Министрлик: дары-дармек сатып алууга өткөн айда 1 млрд. сом бөлүндү

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына дары-дармек сатып алууга өткөн айда 1 миллиард сом бөлүнгөнүн билдирди. Бул тууралуу министрликтин 25-июлда жарым жылдык иши тууралуу жыйынында айтылды. Өткөн айда президент Садыр Жапаров бул ишканага бөлүнгөн каражат убагында берилбей жатканын сынга алган. Мындан улам "Кыргызфармация" толук иштей албай жатканын, заводдор менен жаңы келишимдерди түзүү шарты болбогонун билдирген. “Эгер казынада акча жок болсо, мен дагы түшүнүү менен мамиле кылмакмын... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *