Ысык-Көлдөгү кырсык: катердин айдоочусунун бөгөт чарасы аныкталды
Чолпон-Ата шаарында эс алуучу жайлардын биринде этиятсыздыктан эки адамдын өлүмүнө алып келген катердин 16 жаштагы айдоочусунун бөгөт чарасы аныкталды. 26-июлда Ысык-Көл райондук соту шектүүнү 26-сентябрга чейин мыйзамдуу өкүлүнүн көзөмөлүнө өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, сот шектүүнүн жашы жете электигин, туруктуу жашаган жери жана өздүгүн тастыктоочу документи бар экенин, жасаган кылмышы этиятсыздыктан жасалган кылмыштарга кире турганын эске алган. Читать дальше...