Кыргыз-казак чек арасы: жүк ташыган машиналардын тыгыны жаралды
Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка”, “Чалдыбар” жана “Ак-Жол” өткөрмө бекеттеринде бир канча жүк ташыган машина Казакстандан Кыргызстанга өтө албай турганын билдирди. Узун тыгындын себебин Салык кызматынын “Жыйынды пост” маалымат системасынын ишинин үзгүлтүккө учураганы менен түшүндүрдү. Ага ылайык, бул автоматташтырылган система 27-июлда кечки саат 22.50до белгисиз себептерден улам бузулуп калган. “Ошол эле маалда Чек ара кызматынын тышкы миграцияны каттоо системасы штаттык режимде иштеп жатат. Читать дальше...