Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 10.05.2023

Кыргызстанды кыялбаган корейлер

Azattyk.org 

Кыргызстандык корейлер негизинен Чүй облусу менен Бишкекте жашайт. Борбор Азиядагы корейлердин көбү 1930-жылдары Ыраакы Чыгыштан өкүмзордук менен көчүрүлгөн элдин тукумдары. Алар бул аралыкта Кыргызстанда иштеп, үй-бүлө күтүп, айрымдары жергиликтүү элдин тилин, динин кабыл алган.

БУУ Иранды өлүм жазасынан баш тартууга үндөдү

Azattyk.org 

АКШда сот экс-президент Дональд Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө күнөөлүү деп, жабырлануучуга беш миллион доллар төлөөгө милдеттендирди. Баткендин Кара-Бак айылында аткезчиликке шектелген үч адам менен милициянын ортосунда чыр чыкты. Кыргызстандын улуттук валютасы - сомго быйыл 30 жыл.

Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медалга ээ болду

Azattyk.org 

Токмок шаарындагы Баласагын атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Иван Решетников химия сабагы боюнча эл аралык олимпиадада коло медал утту. Эл аралык Менделеев атындагы 57-олимпиада Казакстандын борбору Астана шаарында өттү, ага Кыргызстандан алты окуучу катышканын Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. Менделеев атындагы эл аралык олимпиада жыл сайын өткөрүлөт. Ага КМШ, Балтика жана Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн окуучулары катышып, химия предмети боюнча билимин сынашат. Кыргызстандык 12 окуучу быйыл февралда физика... Читать дальше...

Пакистанда Имран Хандын жүздөгөн тарапташтары кармалды

Azattyk.org 

10-майда сот Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Ханга 2018-2022 жылдары өкмөттү башкарып турган маалда мамлекеттик белектерди мыйзамсыз сатып жиберген деген айып такты. Аны 9-майда антикоррупциялык агенттиктин өкүлдөрү кармап кетишкен. Хан коррупция тууралуу буга чейинки дооматтарды да  четке кагып келген. 70 жаштагы мурдагы крикет жылдызы Имран Хан былтыр апрелде бир нече жумалык саясий кризистен кийин кызматтан четтетилген. Пакистандын парламенти ага ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Читать дальше...

Акыйкатчы кызматына Мирлан Жээнчороевдин талапкерлиги сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына талапкер катары көрсөтүлөт. Аны "Альянс", "Ынтымак" жана "Элдик" фракциялары сунуштап жатканын "Альянс" фракциясынан 10-майда "Азаттыкка" маалымдашты. Мирлан Жээнчороев парламенттин мурдагы бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон, "Альянс" партиясынын тең төрагасы. Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Читать дальше...

Ооган кыргыздарынын тагдыры тууралуу тасма Ошто көрсөтүлөт

Azattyk.org 

Режиссер, журналист Жаңыл Жусупжандын ооган кыргыздарынын тагдыры, кыялы менен кусалыгы жөнүндө тартылган тасмасы Ошто көрсөтүлөт. “Үркөр, үркөр үч жылдыз, үркүп кайда барасың” деп аталган даректүү фильмде адегенде Нарынга, анан Алайга көчүрүлгөн үй-бүлөлөрдүн тарыхый журтунда баштан кечирип жаткан турмушу чагылдырылган. Ооган кыргыздарын Кыргызстанга көчүрүү 2017-жылы башталып, андан бери 100гө чукул адам алып келинген. Бирок алардын бир тобу кайра кетип калышкан. Даректүү тасма 2017-жылдан баштап төрт-беш жыл тартылган. Читать дальше...

Австрия мамлекеттик кызматкерлердин TikTok колдонуусуна тыюу салат

Azattyk.org 

Австриянын ички иштер министри Герхард Карнер 10-майда билдиргендей, расмий Вена мамлекеттик кызматкерлерге кызматтык телефонуна TikTok орнотууга тыюу салат. Бир катар Батыш мамлекеттери, анын ичинде Британия менен АКШ жана Евробиримдикке мүчө өлкөлөр коопсуздук маселелеринен улам мамлекеттик кызматкерлерге бул тиркемени колдонууга тыюу салышкан. Кытайлык ByteDance компаниясына караштуу TikTok социалдык тиркемеси өкмөттөр жана тийиштүү мекемелердин тыкыр көзөмөлүндө турат. Буга Кытай бийлиги... Читать дальше...

"Парламент - өзү курултай". Жумушчу топ курултайчылардын укугун азайтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кайрадан биринчи окууда карап, концепциясын кабыл алды. Документ буга чейин парламенттин тармактык комитетинде жана жалпы жыйынында колдоо тапкан эмес. Аны кайра иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңеште жумушчу топ түзүлүп, Элдик курултайдын бир топ ыйгарым укуктары азайганы айтылды. Бир жылдан бери кабыл алынбай келаткан долбоор тууралуу сөз кылабыз. Жумушчу топтун сунушу Жогорку Кеңеш 10-майдагы жыйынында “Элдик курултай жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Читать дальше...



“Апам Лиля, таятам Жусуп Турусбековдор менен сыймыктанам”

Azattyk.org 

Ондогон даректүү кинотасмалары менен таанылган кыргыздын алгачкы кинорежиссер кызы Лиля Турусбекова көзү тирүү болгондо 8-майда токсон жашка чыкмак. Лиля Турусбекованын кызы Асел Даниярова “Азаттыкка” апасы Лиля жана таятасы, белгилүү акын, драматург Жусуп Турусбековдордун экинчи дүйнөлүк согуш учуруна туш келген жашоо таржымалы, чыгармачылыгынын сырлары жана калтырган мурастары тууралуу айтып берди.

Казак тарапта калган жер маселеси: Чүй дарыясына жумушчу топ барат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана тийиштүү мекеме-органдардын өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ Чүй дарыясынын жээги жуулган жагдайды жеринен иликтеп, чара көрөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев билдирди. Ал бул көйгөй анын көзөмөлүндө экенин айтып, каражат бөлүү маселеси дагы караларын айтты. Мунун алдында Чүй дарыясынын кыргыз-казак чек арасын бойлой өткөн бөлүгүндөгү жээктерди бекемдөөгө кыйла аз акча бөлүнгөнү белгилүү болгон. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Читать дальше...

Казакстан Орусияга кирген электроника товарларына бажы көзөмөлүн күчөттү

Azattyk.org 

Казакстан Орусияга өткөрүлгөн электроника товарларына бажы көзөмөлүн күчөттү. Казакстан аркылуу Өзбекстандан дагы товарлар алынчу. Бул эки мамлекет тең Samsung, LG, Bosch, Electrolux сыяктуу компаниялардын ири импортоочусу болуп эсептелинип келген.  Соодагерлер электрониканы Кыргызстан, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарынан ташый баштагандыктан, Орусияда баа 10-12% кымбаттады. Казакстан Орусияга салынган санкцияларды айланып өтүүгө өз аймагын колдонууга жол бербестигин апрель айынын башында... Читать дальше...

Ала-Букада Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык жаран кайтарылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Ала-Букада жайып жүргөн койлору менен кошо Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык жаранды 9-майда үйүнө кайтарды. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 7-майда Ала-Бука районундагы "Май" чек ара тозотунун жетекчисине райондун Кара-Үңкүр айылынын тургуну Абдукарим Анарбаев кайрылган. Ал кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде кой жайып жүргөн Медербек Исмаилов аттуу чабан дайынсыз болуп жатканын билдирген. Читать дальше...

"ВИЧ жукканын укканда элден качтым". Аялуу топтун азабын укпаган талкуу

Azattyk.org 

Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын жуктургандар соңку бир жылда дагы миңден ашуун адамга көбөйүп, оорулуулардын жалпы саны 12,5 миңден ашты. Арасында балдар да бар. Адистер соңку жылдары инфекцияны жыныстык жол менен жуктургандар басымдуу болуп жатканын белгилешүүдө. Ал арада Жогорку Кеңеште Глобалдык фонддун Кыргызстанга бөлө турган 29 млн. долларына байланыштуу кайрадан талаш-талкуу жаралды. Айрым эл өкүлдөрү бул каражаттан баш тартуу маселесин дагы көтөрдү. Глобалдык фонд - СПИД, кургак учук, безгек жана гепатитке каршы күрөшкөн эл аралык уюм. Читать дальше...

Ленин округу боюнча шайлоочулардын тизмеси такталды

Azattyk.org 

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан добуш берүүчүлөрдүн тизмеси көзөмөл иретинде такталды. Ага ылайык, 28-майда 124 671 шайлоочу добуш бере алат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, шайлоочулар тизмеде бар-жогун "Тизме" порталынан текшере алышат. Тизмеден өзүн таба албагандар аймактык шайлоо комиссиясына паспорту менен барып, тактоо үчүн арыз менен кайрылышы керек. Арызды аталган порталдагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук түрдө да берүүгө болот. №26 Ленин бир... Читать дальше...

Лейлектеги аскерлер аралашкан чырдан улам кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Аскердик прокуратура Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Мурас айылында жергиликтүү тургундар менен жоокерлер аралашкан калайман мушташка байланыштуу кылмыш ишин козгоду Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратурадан кабарлашты. Көзөмөлдөөчү орган жакынкы күндөрү тийиштүү экспертазалар дайындаларын айтып, окуяны тергөөнүн чоо-жайы тууралуу азырынча кененирек маалымат бере элек. Буга чейин президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев мушташ турмуштук чырдан, бир-эки адамдын айынан чыкканын... Читать дальше...

"Акыркы коңгуроо" үчүн акча чогултууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн салттуу "Акыркы коңгуроо" майрамы 25-майга белгиленди. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин буйругу менен бул күндү майрамдоого акча чогултууга тыюу салынды. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, буйрук бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү.   Ошондой эле Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктардын башчылары, райондук жана шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилерине ата-энелер менен жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети жүктөлдү. Читать дальше...

Нукус окуяларына байланыштуу эки активист сырттан соттолду

Azattyk.org 

Каракалпакстан жумуриятынын борбору Нукус шаарынын соту 10-майда «Алга, Каракалпакстан» кыймылынын лидери Аман Сагидуллаев менен Казакстандагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Ниетбай Уразбаевди сыртынан 18 жана 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Өзбекстандын Жогорку Соту билдирди. Мурдараак Сагидуллаев менен Уразбаев сот тууралуу кабары жок экенин, аларга эч кандай чакыруу келбегенин билдиришкен. Былтыр алар жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршы чыгышкан. Читать дальше...

Казак тарапта калган жер көйгөйү: Чүйдүн жээгин бекемдөөгө аз акча бөлүндү

Azattyk.org 

Чүй дарыясынын кыргыз-казак чек арасын бойлой өткөн бөлүгүндөгү жээктерди бекемдөөгө аз акча бөлүндү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, быйылкы жылга беш объект куруу үчүн 177 миллион сомго жакын акча керек деп эсептелген. Анын 50 миллион сому гана берилди. Бөлүнгөн бул каражатка эми чукул жасалышы керек деген эки объект бүткөрүлмөкчү. Кыргыз өкмөтү жана президенттин администрациясы Чүйдүн жээгин бекемдөөгө эмнеге кыйла аз акча бөлүнгөнү тууралуу азырынча комментарий бере элек. Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

11-майда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23; Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 20…25. Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Сот Дональд Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптуу деп тапты

Azattyk.org 

АКШда арачылар соту 9-майда Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Дональд Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптуу деп тапты. CNN телеканалы маалымдагандай, сот Трампты журналист жана жазуучу Жин Кэрроллго беш миллион доллар айып пул төлөөгө милдеттендирди. 79 жаштагы Кэролл Трампка каршы арыз менен сотко төрт жыл мурда кайрылган. Дональд Трамп өзүндө 1996-жылы Нью-Йорктогу дүкөндөрдүн биринде зордуктаганын билдирген. Трамп бул дооматтын баарын четке кагып, Кэролл өз китептерин сатуу үчүн бул ызы-чууну колдонуп жатканын айткан. Читать дальше...

УКМК Баткендеги аткезчилик окуясы боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткенде аткезчиликке шектелген үч адам менен күч кызматкерлеринин ортосунда болгон окуя тууралуу маалымат берди. Мекеме 10-майда билдиргендей, шектүүлөрдүн биринин үйүнөн коңшу өлкөдөн аткезчилик жолу менен ташылып келген 36 кутудагы 18 миң пачка акциздик маркасы жок тамеки табылган, анын жалпы баасы 1 миллион 800 миң сом деп эсептелүүдө. Баткенде аткезчиликке шектелген адам жана анын эки уулу милиция кызматкерлерине күч колдонгону үчүн убактылуу... Читать дальше...

Манасчы Рысбай Исаков Өзбекстанда өткөн эл аралык таймашта биринчи орунду алды

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын манасчысы Рысбай Исаков Өзбекстанда өткөн эл аралык “Айтуучулар сынагында” биринчи орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземи 9-майда өттү. Мындан сырткары аталган театрдын директору Азиз Биймырза уулу жана төкмө акыны Акматбек Султан уулу атайын сертификаттар менен сыйланды. Сынак 6-8-май күндөрү Өзбекстандын Гүлистан шаарында уюштурулган. Быйыл үчүнчү жыл өткөн маданий иш-чарага бул жолу 30дан ашуун өлкөнүн өкүлү – музыканттар, ырчылар, акындар катышты.

ЖКда "Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү таратуу сунушу четке кагылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 10-майдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун карап, аны четке какты. Өткөн айдын аягында парламенттин тармактык комитети дагы бул сунушту колдогон эмес. Талкуу маалында бир катар депутаттар жагдайдан чыгуу үчүн конституцияны өзгөртүү тууралуу сунуштарды айтты. “Бүтүн Кыргызстан” өткөн айда өкмөттүн курамын толугу менен кызматтан кетирүүнү сунуштаган жана мындай чечимге Министрлер кабинетинини Баш мыйзамдагы... Читать дальше...

Султанбаев Жапаровдун Москвада сый тамакка катышпаган себебин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Москвадагы эртең мененки сый тамакка кыргыз президентинин катышпаган себебин түшүндүрдү. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Жапаров ошол маалда орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушууга барганын билдирди. "Садыр Жапаров 8-майда кечинде КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин расмий эмес сый тамагына катышкан. Кийинки күнү параддын аякташы менен кыргыз делегациясы расмий сапардын алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушууга барды. Читать дальше...

Улуттук валюта сомго 30 жыл болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын улуттук валютасы сомго бүгүн 10-майда 30 жыл болду. Улуттук банк бул датага байланыштуу жарыялаган маалыматында кыргыз сому өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү экенин, анын ишенимдүү колдонулушу, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баасынын туруктуулугу 30 жылдан бери тастыкталып келе жатканын белгиледи. Сомдун 30 жылдыгына карата бүгүнтөн тартып 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттордун жаңы, бешинчи сериясы жүгүртүүгө чыгарылды. Улуттук валюта 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө киргизилген. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *