Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 13.05.2023

Конституцияны өзгөртүү демилгеси талкууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев зарылчылык болсо Конституция дагы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы жана анын айланасында талкуу жүрүп жаткан маалда айтты.

Курсант кыздын өлүмүнө шектүү эки айга камалды

Azattyk.org 

ИИМ академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүүнүн бөгөт чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, эки айга камакка алынды. Маркумду быйыл январда жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине коюп кеткен. Башкы прокуратура унааны мурда кармалган шектүү эмес, анын уулу башкарганын аныктаган.

Оркестрлер арасында өткөн сынак аяктады

Azattyk.org 

12 -майда Бишкекте оркестрлер арасында II республикалык сынак жыйынтыкталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 600гө жакын өнөрпоздор катышып, таланттарын тартуулашты.

Бишкекте Кытай-Кыргызстан автожолун куруу жана кеңейтүү долбоору талкууланды

Azattyk.org 

Бишкекте 13-майда Оштогу “Эркечтам” пункту аркылуу Кытай-Кыргызстан автожолун куруу жана кеңейтүү долбоору талкууланды. Ага президенттин администрациясынын, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, тийиштүү министрлик, мекемелердин жана Кытайдын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Талкууда тараптар өз ара жүк ташууну көбөйтүүгө эки тараптын кызыкдар экендигин белгилеп, өз ара байланыштарды улантууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча сунуштарды берүүнү макулдашышты. Читать дальше...

"Эмдөө гана оорунун алдын алат". Кыргызстанда кызылча, кызамык күч алды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку эки жылда дээрлик токтоп калган кызамык (корь) оорусу кайрадан катталып жатат. Быйыл жыл башынан бери бул кооптуу жугуштуу илдет менен 300дөн ашуун адам катталды. Алардын дээрлик бардыгы жаш балдар жана басымдуу бөлүгү эмделбегендер. Адистер ар кандай себептерден улам балдарын эмдетүүдөн баш тарткандардын саны азайбай жатканын белгилешүүдө. Вакцинадан жабыркаганын айтып, анын сапатынан күмөн санаган ата-энелер дагы бар. Кызамак оорусуна байланыштуу Бишкектеги Жугуштуу оорулардын... Читать дальше...

Милиция Ошто көп сандагы курал-жарак табылганын билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Ош шаарында кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандагы курал-жарак табылганын кабарлады. Расмий маалыматка караганда, эки күн мурда акча алмаштыруучу жайды карактап, Кара-Суу районунда автоунаага ок чыгарган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Эки кылмыш тең ири өлчөмдөгү акчаны алуу максатында жасалган. ИИМ кармалгандардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар экенин, шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде автоматтар... Читать дальше...

Таласта “Тоо театрлары фестивалы” өтөт

Azattyk.org 

Талас шаарында 22-26-майда Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын 15 жылдык мааракесине карата “II Тоо театрлары фестивалы” өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук театрдын режиссеру Чолпон Эрик кызы билдирди. Фестивалга Кыргызстандагы театрлар катышат жана акыркы эки жылда сахналаштырылган, башка фестивалдарга катыша элек спектаклдар калыстар тобунун сынына сунушталып, алар бир нече номинация боюнча ат салышат. Читать дальше...

УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылды

Azattyk.org 

13-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун Бишкектеги жаңы имараты президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ачылды.  Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, борбор эл аралык стандарттарга жооп берген акыркы технологиялык жабдуулар, аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен жабдылган. Киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча... Читать дальше...



Курсант Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүү эки айга камалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 13-майда 24 жаштагы Айза Улан кызынын өлүмүнө шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны эки айга камоо чечимин чыгарды. Башкы прокуратура курсант кызды машинасы менен сүзүп кеткен негизги шектүү кармалганын 12-майда кабарлаган. Прокуратуранын маалыматына караганда, буга чейин бул ишке шектүү катары кармалган милициянын мурдагы кызматкери автоунаада болгон эмес жана уулун жазадан куткаруу үчүн күнөөнү өз моюнуна алганы аныкталды. Шектүүнүн атасы өзүнүн оорусу жана майыптыгы бар болгондуктан... Читать дальше...

Мирлан Жээнчороев акыйкатчы  кызматына талапкер болуудан баш тартты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев акыйкатчы  кызматына талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев "Азаттыкка" кабарлады. Буга чейин Жээнчороевдин талапкерлигин парламенттеги “Альянс”, “Ынтымак” фракциялары жана “Элдик” депутаттык тобу көрсөткөн.   Парламенттеги “Ата Журт- Кыргызстан” фракциясы акыйкатчылыкка Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөткөнү белгилүү болду. 46 жаштагы Жаманбаева буга чейин башкы прокурордун орун басары болгон. Читать дальше...

Өзбекстандагы кезексиз шайлоо. Мирзиёев эмнеден кооптонот?   

Azattyk.org 

Өзбекстанда 9-июлда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы муну 8-майда жарыялады. Дагы үч жарым жыл бийликте отурууга убактысы бар азыркы президент эмнеге буга чейинки мөөнөтүн жокко чыгарып, шашылыш жаңы шайлоого камынууда?

"Ымыркайымды дагы эле жоктойм"

Azattyk.org 

Статистикалык маалыматка ылайык, кош бойлуулуктун кеминде 10-15% боюнан түшүп калуу же өлүү төрөлүү менен аяктайт. Ошол эле кезде, баланы жоготуу темасы ачык талкууланбай, аялдарды айыптоо жана уят сезими менен коштолот. Бойдон түшүү учурларына эмне себеп? “Эже-сиңдилер” программасында талкуулайбыз.

Талас облусунун жетекчилиги УКМКнын билдирүүсүн четке какты

Azattyk.org 

Президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Талас шаардык мэриясынын жана облустук өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары тигүү фабрикасын курууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн деген маалыматын четке какты. Бул туууралуу 12-майда облустук бийлик тараткан билдирүүдө айтылат.  "Тигүү фабрикасын куруу долбоорунун документтери “Мамлекеттик экспертиза” мекемеси тарабынан такталып, эреженин негизинде экспертизадан өткөн. Андан кийин Талас шаардык... Читать дальше...

Ысык-Көлдө Run the Silk Road эл аралык марафону башталды

Azattyk.org 

13-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Run the Silk Road эл аралык марафону башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты. Спорттук иш-чаранын алкагында марафон (42 км 195 м), жарым марафон (21 км 97 м), 10 км, 3 км аралыктарында жана скандинавиялык басуу боюнча жарыштар өтүүдө. Жалпы байге фонду 1 млн. 534 миң сомду түзөт. Марафон ШКУнун эгидасынын алдында 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл 4-жолу өтүп... Читать дальше...

Кочкор-Ата: 40тан ашуун окуучу ууланган мектеп карантинге жабылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы 40тан ашык окуучу ууланган №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектеп карантинге жабылды. Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айсулуу Абдрасулова мектепте 2-3 күн тазалоо иштери жүргүзүлөрүн "Азаттыкка" билдирди. 11-майда аталган мектептеги 6-7-8-класстардын, жалпысынан 42 окуучу өздөрүн жаман сезип, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Учурда 26 бала ооруканада жатат. Бешөө дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Читать дальше...

Токмок жана Талас шаарларынын башчылары алмашты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев жана Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Самаев берген арызына ылайык, Шабданов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан алынганы белгиленген. Мамлекет башчынын дагы бир тескемесине ылайык, Максат Нусувалиев Токмок шаарынын, Эрмат Жумаев Талас шаарынын мэри болуп дайындалды. Урматбек Самаевди УКМК "Токмок жылуулук"... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш: Бийликтин тең салмактуулугу жана элдин үнү

Azattyk.org 

Демократиялык коомдо парламенттин эркиндиги жана күчтүүлүгү бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту кармоодо жана элдин үнүн угузууда чоң ролго ээ. Эгемендик алгандан бери Кыргызстан ар кандай форматтагы бир нече Жогорку Кеңешти көрдү. Алардын тарыхтагы орду өтөгөн кызматына жана жүргүзгөн саясатына жараша ар кандай бааны алды. Эмне себептен парламент бийлик сересинде өз милдетин так аткарууга тийиш? Кубат Оторбаевдин “Демократия баалуулуктары” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында мына ушул маселе тууралуу сөз болот. Читать дальше...

Нарын университетинин магистрлик борборунун башчысы пара берген деп шек саналууда

Azattyk.org 

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Магистратура, аспирантура жана докторантура борборунун директору чоң суммадагы  пара берүүгө шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) билдирди. Маалыматта ал УКМК кызматкерине 4 миң доллар өлчөмүндө сыйлык берген деп шек саналып жатканы жазылган. "Б.М.А. билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки материалдардын алкагында текшерүүдөн өтүп жаткан. Анда кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, студенттерди кабыл алуу... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *