Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 22.05.2023

Орунбеков Кадыр Кошалиевдин маегин саясатташтыруунун кереги жок деп билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаровдун маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 22-майда журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маегине байланыштуу маалымат таратты. Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүдө Орунбеков Кадыр Кошалиевди Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасынан кетирүү талабына минтип жооп берген: "Элдик курултай бекиткен регламенттин 25-пунктуна ылайык, төрага жана анын орун басарлары делегаттардын көпчүлүк добушу менен шайланат. Демек... Читать дальше...

Качкын президенттерди калк кечиреби?

Azattyk.org 

2005-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Аскар Акаевдин бул жолку Бишкекке сапары талкууга түштү. Академик Акаевдин тарапташтары мурдагы президент бул жолу Кыргызстанга Кыргыз Техникалык университет жана Илимдер Академиясына лекция окуш үчүн келгенин билдирди. Мындан соң элдик толкундоолордун аркасында бийликтен кетип, 18 жылдан бери Орусияда жашап жаткан Акаевдин дарстарына алгач студенттер каршы чыгып, кийин маселе парламентке чейин көтөрүлдү. Жыйынтыкта Билим берүү министрлиги лекциянын болбой турганын жарыялады. Читать дальше...

Блогер Жолболдуева журналисттин өлүмүнө байланышкан иш боюнча акталды

Azattyk.org 

Баткен облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз деп таап, актады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан "Азаттыкка" маалымдашты. Ага ылайык, 22-майдагы сот отурумунда Батмакан Жолболдуева Кылмыш кодексинин 190-беренеси "Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу" менен айыпсыз деп табылды. Кылмыш кодексинин 280-беренеси "Ээнбаштык" менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды. Кылмыш кодексинин 379-беренеси "Документтерди... Читать дальше...

Молдовада Орусияга, Грузияда өкмөткө каршы митингге чыгышты

Azattyk.org 

Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин студенттери мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршылык билдиришти. Кемпир-Абад иши боюнча абакта отургандардын бешөө ачкачылык акциясын улантууда. Кишиневде он миңдеген тургундар өлкөнүн европачыл өкмөтүн колдоп митингге чыкты.

Беларус: NEXTA басылмасынын мурдагы башкы редакторуна ырайым берилди

Azattyk.org 

Беларуста NEXTA оппозициялык басылмасынын мурдагы башкы редактору Роман Протасевичке ырайым берилди. Бул тууралуу БелТА агенттиги кабарлады. Ал майдын башында Минскидеги сотто Беларустагы бийликти басып алуу кутумуна жана массалык башаламандык уюштурууга айыптуу деп табылып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Анын алдында экстремисттик топко жетекчилик кылган деген айып да тагылган. Басылманын иши боюнча күнөөлөнүп жаткан дагы эки киши – Степан Путило 20 жылга жана Ян Рудик 19 жылга сыртынан кесилди. Читать дальше...

Кыргызстандан сыртка автоунаа сатуу 12,1 эсеге көбөйдү

Azattyk.org 

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, быйыл январь-март айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 2 988 автоунаа сатылды. Бул былтыркы жылдагы ушул убакытта сатылган машиналардан 12,1 эсе көп. Былтыркы үч айда болгону 160 автоунаа сыртка сатылган. Сыртка сатылган унаалардын ичинен 3,2 млн. долларлык 988 автоунаа Казакстанга, 10,6 млн. долларлык 936 автоунаа Орусияга сатылган. Статистика комитети ошондой эле бул аралыкта Кыргызстан электромобил импортунун көлөмүн көбөйткөнүн маалымдоодо. Читать дальше...

Пашинян: Ереван Тоолуу Карабакты Азербайжандын аймагы деп таанууга даяр

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереван өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Жумурияты” деп атаган аймакты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экенин билдирди. Бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздоого тийиш. Пашинян мындай билдирүүнү 22-майдагы маалымат жыйынында жасады. Премьердин айтымында, Армения Азербайжандын 86 миң 600 чарчы километр жерин, анын ичинде Тоолуу Карабакты тааныйт, ошол эле маалда расмий Баку Армениянын 29 миң 800 чарчы километр аймагын таанышы керек. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: абактагы ачкачылык, жети айга созулган тергөө

Azattyk.org 

"Кемпир-Абад иши" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча камакта жаткан саясатчылардын айрымдары бийлик менен абактын жетекчилиги басым кылып жатканын билдирип, кайрадан ачкачылык жарыялады. Бул иштин тергелип жатканына жети ай болду. Адвокаттар тергөө дээрлик аяктап калганын, иш жакын арада прокуратурага жөнөтүлүп андан ары сотко өтүшү мүмкүн экенин айтышууда. Ачкачылык кармагандардын талабы Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында отургандардын арасынан беш адам 19-майдан бери саясий ачкачылык кармап жатышат. Читать дальше...



Бишкекте Europe Summer Fest фестивалы өткөрүлөт

Azattyk.org 

Бишкектин Ынтымак паркында 26-27-майда биринчи жолу Europe Summer Fest Bishkek фестивалы өтөт. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштуруп жаткан иш-чарага келгендер Батыштын маданияты, соода-сатык жүргүзүүсү, ашканасы, музыкасы менен тааныша алат. Аны Кыргызстандын белгилүү эстрада жылдыздарынын чыгармалары коштойт. Европа Биримдиги каржылап жаткан Ready for Trade долбоору менен биргеликте европалык бренддердин катышуусунда мода шоу да болот. Долбоор кыргызстандык компанияларга продукцияларды... Читать дальше...

ЖМК мыйзамындагы талаштуу жоболор

Azattyk.org 

Президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Медиа эксперттер менен юристтер документ сөз эркиндигин чектеп, маалымат каражаттарын жапырт көзөмөлгө алат деп эскертүүдө. Мыйзам долбоорундагы коркунучтар жана тобокелчиликтер эмнеде?

Бишкекте кичи автобус менен жеңил машине кагышып, төрт киши жараат алды

Azattyk.org 

Бишкектин Тыналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган кичи автобус менен жеңил автоунаа кагышып, төрт киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады. Кырсык 22-майда түшкү саат 12:30га жакын болгон. Маалыматка караганда, жабыркагандардын үчөө кичи автобустун жүргүнчүлөрү жана жеңил машиненин айдоочусу. Алардын алган жарааты тууралуу маалымат айтылган жок. Окуя боюча тергөө иштери башталып, керектүү экспертиза дайындалганы айтылды. Читать дальше...

Жаза аткаруу кызматы абакта ачкачылык кармагандар тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта отургандардын арасында ачкачылык кармап жаткандар боюнча маалымат берди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы беш киши ачкачылыкты улантып жатканын, алардын абалы "дурус" экенин билдирди. Алар - Али Шабдан, Акылбек Айтбаев, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов жана Атай Бейшенбек. ЖАК тараткан маалыматка караганда, алар Атай Бейшенбекти айып изоляторунан чыгарууну, Равшан Жээнбеков менен Илгиз Сарылдак уулун мурдагы отурган абак бөлмөсүнө алып келүүнү талап кылышкан. Читать дальше...

Амангелдиев Кытай менен соода 2,7 эсеге өскөнүн маалымдады

Azattyk.org 

2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын соода мурунку жылга салыштырмалуу 2,7 эсеге өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди. Анын сөзүнө караганда, соода алаканы дагы өстүрүү үчүн Кытай менен чек арадагы өткөрмө бекеттерин кеңейтүү жана үчүнчү өткөрмө бекетин ачуу макулдашылды. "Жакынкы арада бул багытта эки тараптуу жумушчу тобу түзүлөт. Читать дальше...

Кадыр Кошалиевдин Элдик курултайдан кетиши тууралуу маселе көтөрүлдү

Azattyk.org 

Таласта Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин бул кызматтан кетиши тууралуу талап коюлду. Биринчи курултайдын Талас облусу боюнча делегаттары 20-майда жыйын өткөрүшкөнүн “Азаттыкка” бүгүн 22-майда Кара-Буура айыл өкмөтүнөн делегат Иманбек Байсеитов билдирди. Байсеитов ал жыйында Кошалиевге төрага катары ишеним көрсөтпөө керектигин айткан: “Интервьюсун карап отурсам, курултай жөнүндө да суроо берип, сунушун сурап жатат. Ал бизге сунуш бере турган адам эмес. Ал 30 жылга сыртынан соттолгон адам. Читать дальше...

Тажикстан Сириядагы лагерден 100дөн ашык аял жана баланы кайтарды

Azattyk.org 

Тажикстан "Ислам мамлекети" радикал уюмунун катарында согушкан жоочулардын аялдарын жана  балдарын Сириядан мекенине кайтарганын билдирди. «Озоди» радиосу жазганына караганда, Тажикстандын Сирия жана Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайдзода атайын рейс тажик башкалаасына 21-майдын кечинде келгенин, 31 аял жана 73 жашы жете элек бала өлкөгө кайтарылганын билдирди. Аялдардын көбү Сирия жана Иракка 2014-2016-жылдары күйөөлөрүн ээрчип кеткен. Террордук уюм талкалангандан кийин алар Сириядагы лагерлерге жайгаштырылган. Читать дальше...

Ирандын президенти Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин башчысын алмаштырды

Azattyk.org 

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Али Шамханини кызматтан алып, анын ордуна Ислам революциясынын сакчылар корпусунун мурдагы жетекчиси Али Акбар Ахмадианды дайындады. Ал 10 жылдан ашуун мурда АКШ, БУУ жана Еврошаркеттин санкцияларына киргизилген. Жаңы дайындоо тууралуу маалымат 22-майда президенттин расмий сайтына чыкты. Жетекчилерди алмаштыруу 67 жаштагы реформачыл Шамхани кош жарандыгы бар Алиреза Акбари менен байланышта болчу деген кабарлардын фонунда болуп отурат. Читать дальше...

УКМК кыргыз-өзбек чек арасында пара алып жүргөн чек арачылар кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде жүргүнчүлөрдөн пара алып жүргөн деген шек менен бир нече чек ара кызматкери кармалганын  22-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Чек ара кызматынын «Кайтпас» жана «Өтүкчү» өткөрмө бекеттеринде 16-майда Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен козголгон иштин алкагында тинтүү жүргүзүлүп, алдын ала “пара” деген белги коюлган акча каражаттары табылган. Читать дальше...

Ошто жаңы салынган тротуарлардын 60% жараксыз деп табылды

Azattyk.org 

Ош шаардык кенешинин атайын түзүлгөн депутаттык комиссиясы жаңы төшөлгөн тротуарлардын 60% жараксыз деп тапты. Бул тууралуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Мирбек Маматов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Ош шаарындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн салынган жолдун сапаты текшерилгенде, айрым жерлеринде чөп чыгып, кээ биринде асфальт урап түшкөнү аныкталды. Комиссия тиешелүү мекемелерге мунун баарын калыбына келтирүү үчүн эки ай убакыт берди. Калаадагы тротуарлардын баарын оңдоп-түзөө иштери былтыр башталган. Читать дальше...

Аба ырайы: өткүн өтөт, тоолордо кар жаайт

Azattyk.org 

23-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Тоолордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12... Читать дальше...

УКМК Сузакта көмүскө иш алып барган медресе аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз, жашыруун иштеп жаткан эки медресенин (хужра) ишмердүүлүгү токтотулганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Тотуя айылында 2022-жылдын аягынан бери  эки медресе эч кандай уруксаты жок иштеп жатканы аныкталган. "Эркектер медресесинде 25тен ашык балдар (9 жаштан 18 жашка чейин) окушкан. Студенттер медресенин аймагында жашашкан, жашаган жериндеги орто мектептерге барышкан эмес,... Читать дальше...

"Казатомпром" компаниясынын экс- жетекчиси Жакишевдин 14 жылдык жаза мөөнөтү аяктады

Azattyk.org 

"Казатомпром" улуттук уран казуучу компаниясынын мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишев 14 жылдык жаза мөөнөтү 21-майда аяктаганын билдирди. "Менин абак мөөнөтүм соңуна чыкты. Мен боштондуктамын!" – деп жазды Фейсбук баракчасына 11 жыл түрмөдө отуруп, үч жылдай мурун шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан Жакишев. "Азаттыктын" казак редакциясы анын адвокаты жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болбогонун жазды. Жакишев 2009-жылдын 21-майында кармалып... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: укук коргоочулар ачкачылык кармагандардын абалынан кабар алды

Azattyk.org 

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардан кабар алды. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, беш киши ачкачылык кармоону улантууда. Алар тамак-аштан баш тартып, суу ичип жатышат. Абалдары канааттандырарлык экени айтылды. Рысбеков ачкачылык кармап жаткандар кимдер экенин атаган жок. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандар аларды улам башка бөлмөгө которуп... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасын бөлүп турган Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө тапшырмасы берилди

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 21-майда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара чеги болуп саналган Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иши менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Ажикеев жээктерди бекемдөө ишин эки аптанын ичинде баштоону тапшырды. "Чүй дарыясынын жээктери борпоң топурак жана кум-шагыл болгондуктан суу жеп, азыркы учурда дарыянын нугу Кыргызстандын аймагына жылган. Буга ылайык аталган дарыянын жээктерин бекемдөө... Читать дальше...

Кыргызстан-Кытай жогорку чыңалуудагы электр линиясын куруу макулдашылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Кытайдын электротехникалык ТВЕА компаниясы менен жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясын куруу тууралуу макулдашууга кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 22-майда билдирди. Макулдашуунун негизги максаты – Кыргызстандан Кытайга карай 220-500 кВ электр берүүчү аба чубалгысын куруу экенин билдирген мекеме ал аркылуу өлкөдө өндүрүлгөн ашыкча электр энергиясын коңшу өлкөлөргө кымбат баада экспорттоого мүмкүнчүлүк ачыларын белгиледи. Бул долбоор алкагында... Читать дальше...

SpaceX Эл аралык космос станциясына туристтердин экинчи тобун жөнөттү

Azattyk.org 

SpaceX компаниясы жекшембиде Эл аралык космос станциясына туристтердин экинчи тобун жөнөттү. "Фалкон-9" ракетасы жана "Крю дрэгон" кемеси Флоридадагы Канаверал тумшугунан учурулду. Экипажды НАСАнын мурдагы пилоту жана Эл аралык станциянын алгачкы аял-командири Пегги Уитсон баштап кетти. Топко ишкер Жон Шоффнер, жана сауд арабиялык астронавттар Райян Барнави жана Али аль-Карни кирет. Рак клеткаларын изилдөөгө адистешкен Барнави космоско жөнөгөн биринчи саудиялык аял болуп калды. Бир жумалык сапар... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *