Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 23.05.2023

Пакистандагы чет элдик мунай компаниясында төрт киши өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Пакистандын түндүк-батышындагы газ жана мунай өндүргөн ишканага ондогон куралдуу адамдар кол салып, төрт полиция кызматкери жана эки күзөтчү мерт кетти. Бул тууралуу 23-майда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдиришти. Ооганстан менен чектеш аймакта жайгашкан MOL компаниясынын заводун Венгрия иштетет. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз моюнуна алган жок. Жергиликтүүлөр чабуулду пакистандык талибдердин "Техрик-и-Талибан Пакистан" тобунан көрүп жатышат. Аймактын полиция башчысы билдиргендей... Читать дальше...

Таркович: Кыргыз футболуна жаңылык киргизем

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаңы дайындалган башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 23-майда Бишкекте маалымат жыйын куруп, оюнчуларды издеп жатканын билдирди. Анын штабы 33 футболчуну машыгууга чакырган. Ал азыр команданы июнда өтө турган мелдешке машыктырып жатат.

Казакстанда "Жемкорлукка каршы" биримдигинин жетекчиси жети жылга кесилди

Azattyk.org 

Казакстандын Орол шаардык соту "Калк жемкорлукка каршы" биримдигинин жетекчиси 23-майда Аслан Өтеповду жети жылга эркинен ажыратты. Сот аны көз боемочулук жана пара алууга күнөөлүү деп тапты. Өтепов өзү жана анын тарапташтары иштин саясий өңүтү бар экенин айтышууда. Өтепов ошондой эле соттун чечимине каршылыгын билдирип, 21-майда баштаган ачкачылык акциясын токтотпой турганын айтты. Буга чейин прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну суранган. Адвокаты болсо активисттин камалышына кызыкдар адамдар бар экенин айтып, актоону өтүнгөн. Читать дальше...

Чуулгандуу маек: Апрелчилер Кошалиевге каршы чыкты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Курманбек Бакиевден интервью алган Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) журналисти Кадыр Кошалиев кызматтан кеткенин билдирди. Анын Элдик курултайдагы ыйгарым укуктары да талаш жаратууда. Мунун алдында Апрель окуясынын катышуучулары Кыргызстандын мурдагы президенттери Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүүгө каршы экенин билдирип, Бишкекте акцияга чыгышты. Апрелчилердин акциясы 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынын катышуучулары 23-майда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы... Читать дальше...

Орусияда аскерге чакырылгандар чет өлкөгө чыга турган паспортун тапшырууга милдеттүү

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик думасы 23-майда үчүнчү окууда кабыл алган мыйзамга ылайык, аскерге чакырылгандар эми чет өлкөгө чыга турган паспортун полициянын миграциялык бөлүмүнө тапшырышы керек. Документти кызмат өтөп келгенден кийин гана кайра алышат. Бул мыйзамдагы нормалар комиссиянын аскерге чакыруу тууралуу чечими чыккан 18ден 27 жашка чейин эркектерге тиешелүү. Юристтердин түшүндүрүүсүнө караганда, аскердик комиссариаттан чакыруу алган, бирок чечим чыга электер паспортторун тапшырууга милдетүү эмес. Читать дальше...

Милиция Чүй районунун тургунун энесинин өлүмүнө шек санап кармады

Azattyk.org 

21-майда Чүй районунда 68 жаштагы аялдын сөөгү өзү жашаган үйүнөн табылган. Милиция кызматкерлери аял токмоктон улам көз жумганын аныктап, "Киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдагандай, тиешелүү экспертизанын жана ыкчам жургүзүлгөн аракеттердин натыйжасында маркумдун өлүмүнө шек саналып, анын 46 жаштагы уулу кармалган. Кармоо учурунда ал мас абалында энесине кол көтөргөнүн айткан. Тергөө иштери уланууда. Расмий маалыматтарга ылайык... Читать дальше...



Жарандык активист Илимдер академиясынын алдына пикетке чыкты

Azattyk.org 

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн 23-майда Улуттук илимдер академиясынын алдында пикет өткөрдү. Ал “Азаттыкка” билдиргендей, бул акциясы менен академиянын жетекчилигине мурдагы президент Аскар Акаев боюнча позициясын билдирүүгө үндөдү. Активист колуна “А.Акаевдин дарсы зарылбы? Эмнеге унчукпайсыз?” деген жазуу кармап турду. 2005-жылдагы Март окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаевдин жана жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келгени азыркы учурда талкуу жаратып жатат. Читать дальше...

Талант Өмүралиев Мамлекеттик өнүктүрүү банкын жетектейт

Azattyk.org 

Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жаңы жетекчи болуп Талант Өмүралиев бекитилди. Мындай чечим банктын директорлор кеңешинин 23-майдагы жыйынында кабыл алынганын Мамлекеттик мүлк фондунан “Азаттыкка” маалымдашты. Директорлор кеңешинин дагы бир чечимине ылайык, банктын мурдагы жетекчиси Улан Сарбанов башка ишке өтүп жатканына байланыштуу ээлеген ордунан бошотулду. Ал Мамлекеттик өнүктүрүү банкын быйыл, 19-апрелден тартып жетектеп келе жаткан. "Азаттыктын" ишенимдуү булактарынын маалымдашынча, Сарбанов... Читать дальше...

"Манас" оркестринен кеткен музыканттар "Ойнону" түздү

Azattyk.org 

Президенттик “Манас” камералык оркестринин дирижерлук жана көркөм жетекчилик кызматынан алынган Эрнис Асаналиев жаңы түзүлгөн “Ойно” оркестри менен Бишкекте концерт берди. Анын курамында өзү менен “Манас” оркестринде чогуу иштеген кесиптештери да бар.

Kaktus.media басылмасына каршы арыз боюнча сот чечими чыкты

Azattyk.org 

Бүгүн, 23-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Вечерний Бишкек" басылмасынын Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча чечим чыкты. Судья Жылдыз Сайдылдаеванын чечимине ылайык, Kaktus.media басылмасы жарыялаган макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арыз жарым-жартылай канааттандырылды. Натыйжада, кабарчы 500 миң сом, "Промедиа Плюс" коомдук фонду (басылманын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилди, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик пошлина төлөө талабы да коюлду. Читать дальше...

Өкмөт мамлекеттик ишканаларга көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик ишканалардын, өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишин талкуулаган жыйын өткөрдү. Анда акционердик коомдор үчүн бирдиктүү отчеттуулук формасын иштеп чыгуу жана бекитүү, көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди. Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйында жана II кварталда республикалык бюджеттин аткарылышына байланыштуу маселелер талкууланганын кабарлады. Бирок киреше жана чыгашасы көп компанияларды атаган жок. ... Читать дальше...

Ленин округу: шайлоого катышуудан дагы бир талапкер баш тартты

Azattyk.org 

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуудан талапкер Бакытбек Мураталиев баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдап, ал шайлоого катышпасы тууралуу Боршайкомго шайлоо бюллетени басылып чыккандан кийин маалымдаганы үчүн, 100 миң сомдук күрөөнү кайтарылбай турганын билдирди. Аталган аймактан шайлоого 29 талапкер катышат.  Башында 32 талапкер катталып, кийин үчөө баш тартты. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 28-майда өтөт. Читать дальше...

Аба ырайы: жамгыр жаайт

Azattyk.org 

24-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16... Читать дальше...

Араван районунда айыл өкмөтүнүн башчысы камакка алынды

Azattyk.org 

Ош облусунун Араван районунда айыл өкмөтүнүн башчысы камакка алынганын бүгүн 23-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Атайын кызмат билдиргендей, айыл өкмөтүнүн башчысы башка... Читать дальше...

Орусияда полиция 100дөн ашуун тажик студентин сабаганы кабарланды

Azattyk.org 

Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарындагы Техникалык университетте билим алган тажикстандык студенттерди өзгөчө багыттагы милиция отрядынын (ОМОН) өкүлдөрү катуу сабап кетишкен. Бул тууралуу жабыркагандар 22-майда "Озоди" радиосуна билдиришкен. Маалыматка караганда, окуя 19-майда универститеттин жатаканасында болгон. Студенттердин айтымында, беткапчан, тапанча жана электршокер кармаган полиция кызматкерлери имаратка кирип барып, адегенде видеокамералардын баарын өчүрүшкөн. Алар ошондой эле студенттердин документтерин... Читать дальше...

ӨКМ ашууларда кар көчкү коркунучу сакталып жатканын эскертти

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23-24-май күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүүсү ыктымал экенин эскертүүдө. Маалыматка караганда, Каракол-Эңилчек  жолунун 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу, Барскоон - Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында, Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. ӨКМ узак жолго чыккан айдоочуларды транспорттун ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырды. Читать дальше...

Индия экспортко чыга турган жөтөл дарыларын текшерүүнү күчөтөт

Azattyk.org 

Индия мындан ары жөтөл дарыларын экспорттоонун алдында милдеттүү түрдө текшерүүдөн өткөрөт. Бул тууралуу өкмөт чыгарган токтомдо жазылганын Reuters кабарлады. Индияда чыгарылган дарыларды Гамбия жана Өзбекстандагы ондогон балдардын өлүмүнө байланыштырып келишет. Маалыматка ылайык, эми жөтөлдүн дарысы четке сатылардын алдында мамлекеттик лабораториянын сертификаты болушу керек. Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган өкмөттүн токтомунда эреже 1-июндан күчүнө кирери белгиленген. Айлампасы 41 миллиард... Читать дальше...

Нукус окуясын иликтеген укук коргоочуга Өзбекстанга кирүүгө уруксат берилген жок

Azattyk.org 

Өзбекстандын Каракалпакстан автоном республикасындагы былтыркы кандуу окуяны көз каранды эмес иликтөөгө катышып жаткан казакстандык укук коргоочу Галым Агелеуовго Өзбекстанга кирүүгө уруксат берилбей койду. Бул маалыматты ал бүгүн 23-майда «Азаттыкка» өзү тастыктады. Укук коргоочу буга чейин Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында эки жолу болгонун, бул жолу, 22-майда Бишкекте иштери менен жүрүп, Ташкентке учарда рейстен алынганын айтып берди: «Биз окуя болгон, адамдарга ок атылган бардык жерлерге барып, документтештиргенбиз. Читать дальше...

Кадыр Кошалиев УТРКдан кеткенин билдирди

Azattyk.org 

Кадыр Кошалиев Улуттук телерадиокорпорациясынын (УТРК) баяндамачысы кызматынан кеткенин бүгүн 23-майда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал курултай мыйзамын кабыл алуу Кыргызстандагы номур биринчи маселе болуп жатканын белгилеп, ага каршы иштеп жаткан күчтөр бар экенин айтты: "Жумушум да көп болуп жатат. Ошондуктан өз каалоом менен бүгүн арызымды жазып бердим. Бүгүндөн тартып бүтүндөй күчүмдү курултай мыйзамын кабыл алууга жана ушул иштерди иретке салууга жумшайм". УКТР бул... Читать дальше...

Депутат Токторбаевдин малдан салык алуу сунушу коомдук талкууга коюлду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаевдин мал-жандыктан салык алууга байланыштуу мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, жеке менчигинде 40 баш кой-эчкиси, 3 баш уй, 2 баш жылкысы барлар салык төлөөчү деп саналат.   "Мыйзам долбооруна ылайык, салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты жылына бир жолу төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт: койлорго жана эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сом. Айыл чарба жаныбарларына... Читать дальше...

“Акнет” иши: Ажимудиновго өкүм чыкты

Azattyk.org 

“Акнет” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкананын мурдагы президенти Кубан Ажимудинов Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен жети жылга эркинен ажыратылганын 23-майда “Азаттыкка” мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, өкүм 4-апрелде чыккан. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” деген беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, жалпы режимдеги колонияда жети жылдык жаза мөөнөтүн чегерди. Читать дальше...

Казакстанга зер буюмдарды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган адам кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандан Казакстанга баалуу металлдарды мыйзамсыз ташыган каналга бөгөт коюлганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 19-майда "Акжол-автожол" өткөрүү пунктунда жалпы салмагы 25 кг 925 гр күмүштөн жасалган зер буюмдарын уруксат кагазы жок Казакстан тарапка алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалган. Шектүү Казакстандын жараны. УКМК кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, төлөнбөй калган салыктын суммасын тактоо иштери жүрүп жатканы кошумчалады. Читать дальше...

"Акнеттин" интернет байланышы үзгүлтүккө учуроодо

Azattyk.org 

«Акнет» компаниясынын интернет байланышы бүгүн 23-майда үзгүлтүккө учурап жатат. Болжол менен таңкы саат алтыдан бери компаниянын абоненттери интернеттеги айрым сайттар ачылбай, байланыш жакшы болбой жатканын айтууда. Мындай техникалык мүчүлүштүктүн себеби Казакстанда жайгашкан  башкы провайдердин ишиндеги техникалык көйгөйгө байланыштуу болуп жатканын «Азаттыкка» «Акнеттин» call-борборунан билдиришти: “Бизден жогору турган провайдердин ишинде маселе жаралып жатат. Ошондуктан мындай маселе дээрлик бардык провайдерлерде байкалууда. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *