Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 21.05.2023

Акаевдер Бишкекке келди. Студенттер нааразылык билдирүүдө

Azattyk.org 

2005-жылдагы Март окуясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келгени талкуу жаратты. Акаевдерге жакын адамдар ал башкалаада жогорку окуу жайларда лекция окуй турганын билдирди. Буга айрым студенттер нааразы болуп жатканы маалым болду. Өткөн аптада элдик толкундоонун аркасы менен бийликтен кулатылгын дагы бир мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маеги талаш жараткан эле. Бийлик жана башка тиешелүү... Читать дальше...

Жер көчкү коркунучу бар аймактардын картасы түзүлүүдө

Azattyk.org 

Жер көчкү коркунучу бар аймактардын картасы Ош жана Жалал-Абад облустарындагы Өзгөн, Алай жана Сузак райондорундагы кооптуу жерлерде мониторинг жүргүзүү жана атайын жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн негизинде түзүлмөкчү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, жер көчкү коркунучун изилдөө жаңы ыкмалар менен жүргүзүлүп, божомолдоонун тактыгы жогорулайт. Мекеменин билдирүүсүндө, жер көчкүлөрдүн учурдагы абалы жана кооптуу аймакта жашоосун улантып... Читать дальше...

Студенттер Акаевдин лекция окушуна каршы кайрылуу жолдошту

Azattyk.org 

Исхак Раззаков атындагы кыргыз техникалык университетинин айрым студенттери окуу жайда мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окуусуна каршылык билдирип чыгышты. Алар 21-майда окуу жайдын ректорунун атына кайрылуу жолдоп, анын тексти студенттердин Телеграмм каналына жарыяланды. Студенттердин бири Элхан Алыбаев Телеграмга "Акаевдин качандыр бир келечегин уурдап алган жаш муундун алдында лекция окуу дымагын - мен шылдыңдоо катары эсептейм", - деп жазды. Ректорат кайрылуу тууралуу комментарий бере элек. Читать дальше...

Аба ырайы: Өткүн өтөт

Azattyk.org 

22-майда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жеолерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26 Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 Баткен... Читать дальше...

Алайдын Кум-Шоро айылында жер көчкү жылып жатат

Azattyk.org 

Алай районундагы жыйырма күн мурун активдешкен жер көчкү дале жылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү жер көчкү суткасына 30 сантиметр жылып жатканы байкалган. Май айынын башында Алай районундагы Будалык айыл аймагынын Кум-Шоро айылында көлөмү 355миң куб метр жер сүрүлүп, эки үй-бүлө коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлгөн. Аталган айылдагы жер көчкү 2003-2004-жыдары пайда болгон. Ошол учурда жети үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү сунушу берилип... Читать дальше...

Эне күткөн жаз, күлгө айланган күйүт

Azattyk.org 

Согушка кеткен эки агасын эне акыркы деми калганча күттү, келип калар деген үмүт аны жарым кылым ашуун сооротуп жүрдү. Жалындаган боорлорунун чоочун жерде кепинделбей жерге берилгенин ойлоп күйүтү күчөп кетчү. Айбек Абдылдаевдин “Чоң энем күткөн жаз” аңгемесиндеги арман-күйүт миллиондорду бүк түшүргөн.  Күтүү  Айбек Абдылдаевдин “Чоң энем күткөн жаз” аңгемеси мага айылымды, төрт баласы менен күйөөсүн канмайданга узатып, алардын бирөө да кайтып келбей, кайрандарын эскерген сайын шуу үшкүрүп, күйүткө... Читать дальше...

Аксыда сел 50 койду агызып, 50дөй үйдүн короосун каптады

Azattyk.org 

20-май күнү, саат 17:30дар чамасында Аксы районунда мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Авлетим айыл аймагында 48 үйдүн жана мектеп,  балдар бакчасынын короолорун сел каптады.  Баястан айылынын жайытында 50 чакты койду сел агызып кеткен. Мындан сырткары катуу шамалдан райондун Кара-Суу, Кара-Жыгач, Сыны, Кара-Ой айылдарында үйлөрдүн жана сарайлардын чатырлары учуп, сынган. Зым карагайлар кулагандыктан, Кара-Жыгач айыл аймагындагы Дардак-Дөбө жана Кара-Жыгач айылдарында болжол менен 430 үйдүн электр жарыгы өчүп... Читать дальше...

Кыйноолорго каршы борбор жабык жайларда аял укугу көп бузуларын аныктады

Azattyk.org 

Кыргызстанда жабык жайларда аялдар түрдүү зордук-зомбулукка дуушар болуп, укуктары көп бузулат. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борбор маалымдады. Анда "Аялдардын ар-намысы тебеленип, сексуалдык ыдык көрүшөт, кыйноолорго, орой, катаал мамилеге, психологиялык гана эмес, күч колдонулган зомбулукка туш болушат. Мындай зомбулуктарга кайсы бир кылмыш ишине шек саналган же айыпталган аялдар гана эмес, күбөлөр, жабырлануучулар да дуушар болушат" деп жазылган. Борбордун баяндамасында жазылгандай... Читать дальше...

Ысык-Көлдө 11 жаштагы кыз сууга агып каза болду

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда бешинчи класста окуган кыз сууга агып кетип каза болду. Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү кабарлагандай, кырсык 19-майда болгон. 11 жаштагы кыз сиңдиси менен чогуу ошол күнү кечке жуук, саат 17:40 чамасында мал тоскону үйүнөн чыккан. "Эже-сиңдилер мал келгенче көчөдө ойношкон. Кыз жээкке барып, сууга түшүп кеткен, агыны катуу суу секелекти агызып кеткен. Кыздын сиңдиси үйүнө барып кабар берген",- деп жазылат маалыматта. Милицияга ошол күнү кечинде Таш-Кыя айылынын тургуну сууда кыздын сөөгү жатканын көрүп... Читать дальше...

Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Быйыл Энелер күнү 21-майга туш келди. Президент Садыр Жапаров энелерге жолдогон куттуктоосунда кыргыз эли эзелтен энелерди аздектеп, сыйлап, ыйык тутуп келгенин айткан. "Биз коомдун өнүгүшүнө, өлкөнүн өркүндөп-өсүшүнө зор салым кошуп келе жаткан апаларга, жалпы эле аялзатына кам көрүүнү эртеңки келечегибизди аныктай турган негизги милдет деп билебиз. Мамлекетибиздин социалдык саясатынын эң маанилүү артыкчылыктуу багыты деп карайбыз", - деп жазылган куттуктоодо. Читать дальше...

Ошто оюн-зоок борборунда чыккан өрт толук өчүрүлдү, жабыркагандар жок

Azattyk.org 

21-май күнү 8:40 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү "Ташрабат" комплексинин имаратынан чыккан өрт толук өчүрүлдү.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашты. Маалыматка ылайык, өрт чыккан жерге алты өрт өчүрүүчү бригада тартылып, 9:30да толук чектөөгө алынган. Жалын болжолдуу түрдө имараттын 1300 чарчы метрден ашык жерин каптаган. Өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат. 31-мартка караган түнү Бишкектеги "Алькони" заводунан өрт чыгып, болжол менен 3500 м2 аянты күйгөн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *