smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 19.05.2023

Түркияда шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды

Azattyk.org 

19-майда Түркияда жекшембиде өткөн президенттик жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгын өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы расмий сайтында жарыялады. Анда Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, анын негизги атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу добуштардын 44,88% топтоду. АТА альянсынан чыккан Синан Оган 5,17%, “Мамлекет” партиясынын лидери Мухаррем Инже 0,43% добуш алды. Маалыматта түркиялык шайлочулардын 88,92 % катышканы кабарланды. Түркиянын тарыхында шайлоочулар... Читать дальше...

Британиянын парламентинин өкүлдөрү “Азаттыктын” иши боюнча кыргыз бийлигине кайрылды

Azattyk.org 

Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кернс өлкөдөгү сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” тегерегиндеги окуяга байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылды. Бул тууралуу ал 19-майда Бишкекте журналисттер менен жолуккан учурда билдирди. “Биз Кыргызстандагы жарандык коомдун абалы менен тааныштык, өзгөчө адам укугу, аялдарга болгон мамиле жаатында жакшырта турган иштер бар экен. Өзгөчө “Азаттыктын” айланасындагы окуялар тууралуу кабардарбыз жана абдан тынчсызданып турабыз. Читать дальше...

Кытай Борбор Азияны бооруна тартабы?

Azattyk.org 

Кытайдын лидери Си Цзинпинь Борбор Азияга 4 миллиард доллардай жардам берерин жар салды. Адистер муну менен Бээжин Орусиянын таасириндеги чөлкөмдө лидерликти колго алды деп баалашты. “Кыргызстандын жарандыгын алып берем” деген жарыялар Орусиянын жарнамалык сайттарында көбөйдү. Президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Нарбеков жана Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов кармалды.

Атай Бейшенбек айып изоляторуна камалганы боюнча билдирүү таратты

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган жарандык активист Атай Бейшенбек айып изоляторуна камалганы үчүн абак жетекчилигин күнөөлөп жатат. Бүгүн 19-майда анын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланган билдирүүдө ага телефонду “өзүлөрү беришкени”, сырттан телефон киргизүү мүмкүн эместиги, кирип-чыккан сайын атайын аппарат менен тинтүү кылынары жана камера оозунда бир эмес, эки видеокөзөмөл турары айтылды: “Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилиги өлкө башчысына жагалдануу максатында мыйзамсыз тинтүү жүргүзүп... Читать дальше...

Курсант кыздын өлүмү: Күбөнү коркуткан шектүү адам кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) академиясынын курсанты Айза Улан кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан шектүүнүн таанышы камакка алынганын бүгүн 19-майда Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ал киши шектүүгө каршы көрсөтмө берген күбө кызды коркутуп, көрсөтмөлөрүнөн баш тартууга, тергөөгө жалган маалымат берүүгө мажбурлаган жана бул талабын аткарбаса күч колдонорун, аны каралаган маалыматтарды Интернетке жарыялай турганын айтып,  коркутуп-үркүткөн. Бул адам, башкы көзөмөл мекемеси билдиргендей... Читать дальше...

Калашникованы каматкан жагдайлар

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) өкмөт түзгөн "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун" жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары "коррупцияга" шек саналып камалганын билдирди. Анда "ири өлчөмдөгү мамлекеттин акчасы негизсиз коротулганы аныкталды" деп жазылган. Аталган фондго байланыштуу кылмыш иши козголгону ушул айдын башында белгилүү болгон. Калашникова парламентте сын-дооматтын баарын четке каккан. Өкмөт фонддун айланасындагы жагдайлар тууралуу азырынча комментарий бере элек. Атайын... Читать дальше...

Кытай лидери Бээжин Борбор Азияга 26 миллиард юань бере турганын айтты

Azattyk.org 

Кытайдын лидери Си Цзинпинь Бээжин Борбор Азияга жалпысынан 26 миллиард юань же төрт миллиард долларга жакын каржылык колдоо жана кайтарымсыз насыя берерин билдирди.  Си Цзиньпин 19-майда "Кытай – Борбор Азия" саммитинде сүйлөгөндө дүйнөгө туруктуу, өнүккөн жана күчтүү байланыштары бар Борбор Азия керектигин айтты. "Синьхуа" агенттиги кабарлагандай, ал Бээжин Борбор Азия өлкөлөрүнө укук коргоо органдарынын коопсуздук жана коргонуу тармактарындагы дараметин бекемдөөгө жардам берүүгө даяр экенин белгиледи. Читать дальше...



Тизелеп кечирим сураган окуучу кыздын видеосу боюнча маалымат берилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда окуучу кызды классташынын алдында тизелетип кечирим суратып жатышкан видео боюнча териштирүү жүрүп жатканын 19-майда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мектептин администрациясына, социалдык педагогдоруна жана класс жетекчилерине мыйзам чегинде жаза чарасын колдонуу милдеттендирилди. Окуя Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектепте быйыл 31-январда болгону расмий тастыкталды. Кызды кечирим суратууга эмне себеп болгону айтылган жок. Читать дальше...

Январь окуялары: 25 айыпталуучу шарттуу жаза алды

Azattyk.org 

Казакстанда былтыркы Январь окуяларына айыпталган 25 киши шарттуу жаза алды. Чечимди 19-майда Алматынын Бостандык райондук соту чыгарды. "Камакта отургандардын баары эркиндикке чыгарылды. Шарттуу жаза алгандар пробациялык көзөмөлдө болушат", – деди адвокат Айнара Айдархан. Буга чейин прокурор айыпталуучулардын баарын күнөөлүү деп таап, алардын 13үнө шарттуу жаза берип, калганын эки жылдан төрт жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Айыпталуучулардын бири Думан Канатбек Январь окуялары маалында атып өлтүрүлгөн. Читать дальше...

ЕРӨБ Өзбекстанга 15 мектеп курууга грант берет

Azattyk.org 

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарында эл аралык стандарттарга жооп берген 15 мектеп курууга грант бөлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү министрлиги билдирди. Макулдашууга Самаркандда өткөн ЕРӨБдүн Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынында кол коюлду. Министрликтин маалыматына караганда, долбоордун жалпы баасы 55-75 миллион доллар. 16-18-май күндөрү ЕРӨБдүн Башкаруучулар кеңешинин Самарканд шаарында өткөн жыйынында бир катар келишимдерге кол коюлганы кабарланган. Читать дальше...

Ринат Урматбек уулу кудо боюнча уландар арасында Дүйнө чемпиону болду

Azattyk.org 

Кудо боюнча уландар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык эки спортчу алтын жана коло медалдарды утушту. Спорттун аталган түрү боюнча федерациянын президенти Валерий Кимдин "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, мелдеш 13-14-майда Жапониянын Токио шаарында өтүп, ага 30 өлкөнүн спортчулары катышкан. Таймаштар бир нече жаш курактагы уландар, кыздар жана чоңдор арасында болгон. 19 жашка чейинкилер арасында (U-19) Ринат Урматбек уулу 250 бирдик категориясында (спортчунун бою менен салмагы кошулуп эсептелет) үч атаандашын утуп... Читать дальше...

Кемпир-Абад боюнча камалып отургандар ачкачылык жарыялашты

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандар бүгүн 19-майдан тартып саясий ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу алардын өлкөнүн акыйкатчысына жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна жолдогон ачык кайрылуусунда айтылды. Ачкачылыктын негизги себеби катары Кемпир-Абад боюнча абакта отургандарды улам бир бөлмөгө которуп жатышканы белгиленди, бул аларга карата басым деп бааланды жана андай мамилени токтотуу талабы коюлду. Кайрылууда “Кемпирабадчылардын камакта мыйзамсыз олтурганына 7 айдын жүзү болду. Читать дальше...

“Тойбосс” колбасаларын текшергенде чочконун ДНКсы чыкпаганын билдирди

Azattyk.org 

“Тойбосс” компаниясы продукцияларына жүргүзүлгөн лабораториялык текшерүүлөрдө алар өндүргөн колбасалардан чочконун ДНКсы чыкпаганын билдирди. Ишкананын социалдык тармактардагы баракчаларына чыккан маалыматка караганда, Кыргызстандагы эки, Казакстандагы бир жана Орусиядагы бир ветеринардык лабораторияларга 57 үлгү жөнөтүлүп, алардын баарынан тең чочконун эти чыккан эмес. Изилдөөлөрдү Бишкектеги Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору, “Адал-Азык” компаниясы, Орусиянын Иркутск аймактар аралык ветеринардык лабораториясы... Читать дальше...

Боом капчыгайында селге каршы жаңы метеостанциялар орнотулууда

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун аймагындагы Боом капчыгайына кошумча автоматтык метеостанциялар орнотулуп жатканын бүгүн 19-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, долбоорду ишке ашырууга Internet Society (ISOC) эл аралык программасы жардам берүүдө. Боомго эки жерге коюлган чакан станциялардын жана маалымат чогултуучу атайын жабдыктардын негизги максаты – жалпы аба ырайына жана сел жүрүү коркунучун алдын алууга байланыштуу метеорологиялык маалыматтарды чогултуу, изилдөө экени айтылды. Читать дальше...

Деңиз жээгинде тоолорду сагынган Нуриза акын

Azattyk.org 

Нуриза Өмүрбаева миграцияда жүргөн акын. Жакында "Бейтааныш бекет" аттуу китеби жарык көрдү. Өзүнүн айтымында ага чет жерде жүргөндө жазылган ырлар кирген. Нуриза менен мигарция жана чыгармачылык тууралуу маектештик. - Нуриза, сиз миграцияда жүргөн акындардын бирисиз. Кыргызстандан кеткениңизге канча болду? - Дээрлик он жыл. 2013-жылы "Ай менен сырдашуу" деген китебим чыгып, ошондон кийин кеткем. Андан бери он жыл өтүптүр. Ортодо келип-кетип жүрдүм. Быйыл бир жолугушуу болсунчу деп чыгармачылык... Читать дальше...

20-майдын аба ырайы: жаан жаайт

Azattyk.org 

19-20-май күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. 20-майга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Читать дальше...

Мыйзамсыз паспорт берген кызматкерлерге иш козголду

Azattyk.org 

Ош жана Жалал-Абад облустарында паспорт жана күбөлүктөрдү мыйзамсыз жазып берип жүргөн кызматкерлер аныкталганын бүгүн 19-майда Санариптик өнүгүү министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аталган облустарда атайын комиссия иштеп, Калкты каттоого алуу департаменттериндеги коррупциялык элементтер боюнча 27 фактыны аныктап, тийиштүү материалдарды укук тартибин коргоо органдарына өткөрүп беришти. Алардын ичинен тогуз факт улуттук паспортторду мыйзамсыз берүү, 15 факт туулгандыгы жөнүндөгү... Читать дальше...

"Верстка": Орусиянын "чет элдик агенттер" тизмесине киргендердин көбүн журналисттер түзөт

Azattyk.org 

Орусиянын "чет элдик агенттер" тизмесине киргендердин 40% ашыгын журналисттер менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү түзөт. "Верстка" басылмасы жазгандай, тизмедеги 274 кишинин 112си журналисттер. "Чет элдик агенттер" тизмесинде экинчи орунда жарандык активисттер турат. Алардын саны - 33 киши. Басылма белгилегендей, 2022-жылы "чет элдик агенттер" тизмесине киргизилген музыканттар, актерлор, сүрөтчүлөр жана жазуучулар көбөйүп, 26 адамга жетти. Тизмеде ошондой эле 25 оппозициячыл саясатчы бар ... Читать дальше...

Өзбекстан менен Казакстандын армиясы биргелешкен машыгуу өткөрдү

Azattyk.org 

Ташкент аскердик округунун полигонунда Өзбекстан менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Атайын багыттагы бөлүктөрүнүн биргелешкен "Калкан-2023" машыгуусу аяктады. Бул тууралуу Газета.uz басылмасы Өзбекстандын Коргоо министрлигине таянып кабарлады. Аскердик машыгууга эки өлкөнүн коргоо министрлери байкоо салышты. Жоокерлер Чек ара кызматынын ыкчам тобу менен "шарттуу душманды" жок кылышты. Бул үчүн дрон менен аймак изилденип, "душмандын" ыктымал жашырына турган жери аныкталды. Андан соң минометтор... Читать дальше...

Медиа коомчулук ЖМК долбоору боюнча президентке кайрылды

Azattyk.org 

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мурдагы айрым мүчөлөрү жана медиа коомчулук президент Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылууда президенттин администрациясынын башкы юристи Мурат Укушовго долбоорго байланыштуу корутунду алуу үчүн документти Венеция комиссиясына жиберүү сунушу жазылган. Юристтер, журналисттер кол койгон кайрылууда ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ толук кандуу иштебегени, журналисттердин берген сунуштары кабыл алынбаганы айтылат. Читать дальше...

Иранда коомчулуктун өтүнүчүнө карабай үч активист өлүм жазасына тартылды

Azattyk.org 

Иранда абактагы үч демонстрант – Мажид Каземи, Саид Якуби жана Салех Мирхашеми коомчулуктун каршылыгына жана укук коргоочулардын өтүнүчүнө карабай, өлүм жазасына тартылды. Үчөө 19-майда эртең менен дарга асылганын Иран сотунун басма сөз кызматы маалымдады. Алар 16-ноябрда Исфаханда окко учкан "Басиж" жарым аскерлештирилген күчтөрүнүн эки мүчөсүнүн жана укук коргоо органында иштеген кызматкердин өлүмүнө күнөөлүү деп табылды. Эл аралык Мунапыс уюму үч демонстрант адвокаттары менен жолугуша албаганын... Читать дальше...

Акын, журналист Жедигер Саалаевдин китебинин бет ачары өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн 19-майда Бишкекте белгилүү акын жана журналист, коомдук ишмер, юрист Жедигер Саалаевдин “Адам пенде, Жер энеге таазим эт!” аттуу китебинин бет ачар аземи өтүп жатат. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ардактуу профессору, юридика илимдеринин кандидаты, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Саалаевдин чыгармачылыгына арналган иш-чара университеттин жыйындар залында өтүүдө, ага белгилүү окумуштуулар, тарыхчылар, маданият ишмерлери, журналисттер катышууда. Жедигер Саалаев “Жөрөлгө”... Читать дальше...

Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри менен жолукту

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-апрелде Алматы шаарында Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолукту. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу Алматы шаарында өтүп жаткан “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумунун алкагында өттү. Сүйлөшүүдө тараптар эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгы, эл аралык уюмдар менен интеграциялык бирикмелердин алкагындагы мамилелери күндөн-күнгө тереңдеп жана өнүгүп келе жатканын белгилешти. Читать дальше...

УКМК мамлекеттик ишкананын директору 1 млн. сом пара менен кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Кен иштетүү боюнча жаңы түзүлгөн ишканадан 2,5 миллион сом талап кылган мамлекеттик ишкананын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал компанияны кендерди иштетүү лицензиясын алам деп коркутуп, инвесторлордон акча жана ишкананын 20% акциясын талап кылган. Шектүү мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары каттатып, андан кийин дагы 2,5 миллион сом талап кылганы аныкталган.... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *