Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 05.05.2023

Ирактын "Русафа" түрмөсүндө отурган жүздөгөн аял ачкачылыкты улантууда

Azattyk.org 

Иракта террорчулукка шек саналып, Багдаддын "Русафа" түрмөсүндө отурган чет элдик жүздөгөн аял ачкачылык акциясын улантууда. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочуларынын жубайлары экенин BBC 5-майда кабарлады. Ачкачылык акциясы тууралуу 25-апрелде "Азаттык" радиосуна "Русафа" түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандык келиндер маалымат беришкен. Ачкачылык жарыялагандардын арасында кыргызстандыктардан тышкары, Орусия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркия жана башка өлкөлөрдүн да жарандары бар. Читать дальше...

Рейдер-аферист Алияр Исабекович Байоглиев присвоил дом у инвалида 86-лет Турсиновой и выгоняет её на улицу умирать. Президент должен помочь!

Новости пользователей сайта 

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

                                     723317, Кара-Суу  району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Сураташ айылы, Сабиров көчөсү №68 үйүнүн тургуну 86 жаштагы инвалид Турсинова Халисхандан (тел. +996 552 159090)

АРЫЗ (жардам бергиле, чоң энеге рейдер Алияр Байоглиев  кол салган, күйөөм асынып өлгөн)

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Ишкаван айылынын жашоочуусу 1987 ж.т. жеке стоматолог... Читать дальше...

COVID-19: ДССУ өзгөчө кырдаал аяктаганын жарыялады

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирус же COVID-19 вирусу жайылганда эл аралык деңгээлде жарыяланган өзгөчө кырдаал аяктаганын билдирди. Мындай чечим 5-майда кабыл алынды. Кытайда 2019-жылдын аягында башталган мурда белгисиз коронавирус инфекциясынын эпидемиясынан улам 2020-жылдын январында глобалдык алкакта өзгөчө кырдаал жарыяланган. Эпидемия дүйнөгө жайылгандан кийин 2020-жылдын март айында пандемия деп жарыяланган. Көптөгөн өлкөлөр экономикага таасирин тийгизип, жашоо-турмушту чектеген карантиндик чараларды киргизген. Читать дальше...

Тажикстанда 10 жылга соттолгон журналисттин арызы каралбай жатат

Azattyk.org 

Дүйшөмбү шаардык соту 10 жылга соттолгон журналист Далер Имомалинин апелляциялык арызын төрт айдан бери карай элек. Бул тууралуу журналисттин жакындары "Азия-Плюс" басылмасына билдиришти. Алардын айтымында, журналист Шохмансур райондук сотунун Имомалини 10 жылга эркинен ажыратуу өкүмүнө каршы шаардык сотко даттанган. Далер Имомали – Тажикстанда 2022-жылы кармалган сегиз журналист жана блогердин бири. Ал өлкөдө тыюу салынган "Группа 24" кыймылы менен кызматташууга, "мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн"... Читать дальше...

Ошто "Ынтымак" телеканалынын кызматкери сабалды

Azattyk.org 

"Ынтымак" коомдук-аймактык телерадио компаниясынын 23 жаштагы кызматкери Талгат Талантбек уулу 3-майда сабалып, ооруканага түшкөн. Жакындарынын айтуусунда ал жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек. Талгат Талантбек уулунун буту сынып, колунан жарака кеткен. Дарыгерлердин маалымдашынча абалы орто оор. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) окуя болгон күнү 2000-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына 48 саатка киргизилгенин билдирүүдө. ШИИБдин басма сөз кызматынын маалымдашынча, шектүүгө... Читать дальше...

Rest Point: ажатканага байланган туризм жана ага корогон акча

Azattyk.org 

Туристтик сезон алдында “Туризмди өнүктүрүү фонду” ишканасынын айланасында чыр күчөдү. Атайын кызмат ишканадагы коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Ажаткана жана туризм Жогорку Кеңештин 4-майдагы жыйынында бир катар депутаттар “Туризмди өнүктүрүү фонду” ишканасынын жетекчиси Елена Калашникованын ишмердүүлүгүн кескин сынга алды. Бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд. сомдун дайыны, эс алуучулар үчүн ажаткана жана ишкана короткон чыгымдар негизги тема болду. Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек... Читать дальше...

Швецияда Куранды өрттөгөн активист сыртынан камакка алынганы кабарланды

Azattyk.org 

Швециянын прокуратурасы Stram Kurs партиясынын ультра-оңчул активисти Расмус Палуданды сыртынан камакка алганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Палудан быйыл январдагы акцияларда Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында мусулмандардын ыйык Куран китебин өрттөгөн. Учурда ал Данияда жүрөт. Швед басылмалары кабарлагандай, Палуданга карата улут аралык кастыкты козутуу фактысы менен тергөө жүрүп жатат. Ал Швецияга суракка чакырылган, бирок баруудан баш тарткан. Швеция бийлиги Дания полициясынын... Читать дальше...

Түркиядагы шайлоо: Кыргызстандагы түрк жарандары добуш берүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда жашаган түркиялыктар президенттик шайлоого добуш берип жатат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, Түркиянын президентин шайлоо үч күнгө созулуп, 5-6-7-май күндөрү жүрөт. ТРТ Аваз телеканалынын маалымдашынча, Кыргызстанда 3 119 түрк жараны расмий катталган. Мамлекеттик "Анадолу" агенттигинин маалыматына ылайык, 73 өлкөдө элчилик жана консулдуктардын имараттарында шайлоо тилкелери ачылган. Аларда 3 миллион 416 түркиялык шайлоочу катталган. Читать дальше...



Садыр Жапаров ФИФАга ыраазычылык билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантинону кабыл алды. Жолугушууда кыргыз футболун өнүктүрүү, Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Жанни Инфантинону Эл аралык футбол федерациясынын президенттигине кайрадан шайланышы менен куттуктап, дүйнөлүк футболду өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи. Садыр Жапаров Эл аралык футбол федерациясына кыргыз футболун өнүктүрүүгө... Читать дальше...

ЖМК жана бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамдын автору "Манас" ордени менен сыйланды

Azattyk.org 

Бүгүн, 5-майда Бишкекте Конституциянын 30 жылдыгына арналган иш-чарада Баш мыйзамды реформалоого салым кошкон айрым адамдарга мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Сыйлангандар арасында президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин укук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Андан тышкары Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Карыбек Дуйшеев, Конституциялык соттун судьясы - Латип Жумабаевге “Кыргыз Республикасынын... Читать дальше...

Кулубаев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 5-майда Индиянын Панажи шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты. Иш-чарада ШКУнун Нью-Делиде өтө турган саммитине даярдык жана Иран менен Беларусту уюмга мүчө катары кабыл алуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кулубаев кыргыз бийлиги ар тараптуу, анын ичинде энергетика, жашыл экономика, маалыматтык технологиялар, электрондук... Читать дальше...

"Хроники": Мамдуманын депутаты Юрий Петров үй-бүлөсү менен кыргыз жарандыгын алган

Azattyk.org 

2021-жылдан 2023-жылдын май айына чейин Орусиянын 352 жараны кыргыз жарандыгын алган. Бул тууралуу “Хроники” иликтөө долбоору билдирди. Долбоор Кыргызстан президентинин коомчулукка жарыяланган жарлыктары менен таанышып чыккан соң ушундай бүтүмгө келгенин ырастоодо. Иликтөөчү журналисттер өз өлкөсүнүн жарандыгын алган кыргыздарды эсепке алган эмес. Орусияда туулган жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык алгандарга гана анализ жасашкан. "Хроники" Түндүк Батыш федералдык округунун статистикасын өзүнчө карап чыккан. Читать дальше...

Каракалпакстан окуялары үчүн соттолгондордун апелляциялык арызы Ташкентте карала баштады

Azattyk.org 

Өзбекстанда Каракалпакстан окуясына байланыштуу январда соттолгондордун апелляциялык арызы жана прокуратуранын протести 5-майда карала баштады. Жараян Ташкентте Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча коллегиясында өтүп жатканын "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды. Биринчи инстанция Бухарада өтүп, январдын аягында 22 адамга өкүм чыккан. Башкы айыпталуучу деп саналган Даулетмурат Тажимуратов 16 жылга эркинен ажыратылса, дагы 17 адам үч жылдан сегиз жарым жылга чейин кесилген. Алты жылга кесилген Полат... Читать дальше...

Эмделген бала шал жана кызамыктан алыс болот

Azattyk.org 

Кыргызстанда кызамык же корь илдетин жуктуруп алгандар көбөйүүдө. Кызамык өтүшүп кетсе,  пневмония, мээнин шишүүсүнө алып келип, адам азиз болуп калуу коркунучуна кептелет. Башка жугуштуу оорулардай эле анын алдын алуунун жалгыз жолу – эмдөө. Үрөй учурган мисал, эскертүүлөргө карабай, эмне себептен балдардын эмдөөсү дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда аксап жатат?

Чымкоргон: суудан өксүгөн эл, аткарылбаган убада

Azattyk.org 

Кеминдеги Чымкоргон айылынын тургундары ичүүчү суу маселеси чечилбей жатканына нааразы. Алар мындай талап менен 3-майда айылда жыйынга чогулду. Элеттиктер жергиликтүү бийликтин буга чейин убадасы аткарылбай, ал үчүн бөлүнгөн каражат кайда жумшалганы белгисиз экенин айтууда.

Түркмөн бийлигин сындаган активисттин апасына өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Түркмөнстандык активист, өзбек тектүү Хамида Бабажанованын апасы ажылык сапарга чыга албай калды. 73 жаштагы аял Меккеге баруу үчүн көп жылдан бери акча топтоп жүргөн. Виза жасатып, билет сатып алгандан кийин түркмөн бийлиги ага өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Бабажанова түркмөн бийлигинин апасына каршы аракеттери анын ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу деп эсептейт. Расмий Ашхабад чет өлкөлөрдө жашаган активисттерди ооздуктоо үчүн алардын жакындарын коркутуп-үркүтүү ыкмасын колдонуп келет. Бул үчүн өлкөдөн чыгууга тыюу салуу гана эмес... Читать дальше...

Баткенде кыргыз жана өзбек район башчылары жолугушту

Azattyk.org 

Кыргызстандын "Өтүкчү", Өзбекстандын "Тул" чек ара бекетинде Кыргызстандын Баткен районунун жана Өзбекстандын Сох, Риштан райондорунун акимдери, жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту. Кыргызстандык делегацияны Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жетектеп барды. Жолугушууда тараптар чектеш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарында чыр-чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, чарбалык ирригациялык маселелерди жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө... Читать дальше...

Садыр Жапаров сөз эркиндигин, адам укугун коргоо өлкөнүн башкы максаты экенин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров учурда өлкөнүн алдындагы негизги милдеттер - демократиялык принциптерди бекемдөө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин кепилдигин чыңдоо экенин билдирди. Мамлекет башчы мындай билдирүүсүн Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата 5-майда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан иш-чарада жасады. Ал 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын максаты - эффективдүү мамлекеттик башкарууну уюштуруу экенин айтты. "Биз Конституциянын... Читать дальше...

Бишкекте ысык суу 22-майда өчүрүлөт

Azattyk.org 

Баш калаанын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 22-майдан тартып Бишкекте ысык суу берүү бир айга токтотулат. Маалыматка ылайык, бул тууралуу жарлыкка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду. "Ысык суу жылуулук тармактарын оңдоо жана кийинки жылытуу мезгилине даярдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт", - деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы. Жыл сайын Бишкекте май-июнь айларында шаардыктарга ысык суу берүү Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) келерки жылытуу мезгилине даярдоо үчүн оңдоп-түзөө... Читать дальше...

"Баш мыйзамды бийлик баш болуп сакташы керек". Конституцияга 30 жыл

Azattyk.org 

Кыргызстанда Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Өлкөнүн эгемендик тарыхында Конституция онго жакын өзгөртүлүп, бир нече жолу кризистик кырдаалды башынан өткөрдү. Ар бир келген бийлик Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин көтөрүп, ал ишке ашып келди. Өлкөнүн негизги мыйзамы болгон Баш мыйзамдын 30 жылдык мааракеси өлкөдө сөз эркиндигине басым күчөп, эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрү көбөйгөн учурга дал келди. Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгына байланыштуу президент... Читать дальше...

Белграддын жанындагы атышуудан кеминде сегиз киши мерт болду

Azattyk.org 

Белград шаарына жакын Младеновац аймагындагы атышуудан кеминде сегиз киши мерт болуп, дагы бир нече адам жараат алганын жергиликтүү басылмалар жазды. Сербиянын Ички иштер министрлиги каргашалуу окуя тууралуу так маалымат бере элек. РТС телеканалы атышуу Младеновацкиге жакын Дубона, Мало Орасье жана Сепсин айылдарында болгонун жана кол салган адамды издөө иштери уланып жатканын маалымдады. Маалыматка ылайык, атышуу болгон айылдарга кирген-чыккан жолдорду полиция бөгөттөп, журналисттерди да өткөрбөй... Читать дальше...

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун жетекчиси камакка алынды

Azattyk.org 

Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Темирбек Эркинов 3-июлга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 4-майда чыгарды. Сот чечимине ылайык, Темирбек Эркинов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун кеңсесинен "Азаттыкка" билдиришти. Айрым маалымат каражаттары Темирбек Эркинов коррупция боюнча мурдараак козгогон кылмыш ишинин алкагында... Читать дальше...

Садыр Жапаров Конституциянын 30 жылдыгы менен куттуктады

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганынын 30 жылдыгы менен кыргызстандыктарды куттуктады. Президент куттуктоосунда өлкөнүн Баш мыйзамында мамлекеттин жогорку баалуулугу - адам, анын жашоо-турмушу, укугу жана эркиндиги деп таасын белгиленгенин, эгемендик, элдик бийлик, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, укук үстөмдүгү жана демократиянын салттары бекемделгенин айткан. Конституция зарыл болгон социалдык-экономикалык, коомдук-саясий жана башка шарт-жагдайлардын... Читать дальше...

ФИФАнын президенти Инфантино Бишкекке келди

Azattyk.org 

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги билдирди. Бул - ФИФА президентинин Кыргызстанга биринчи сапары. 5-майда Жанни Инфантино Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугушары күтүлүүдө. Кыргыз футбол бирлигинин жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышары кабарланган. Жолугушууларда Кыргыз футбол бирлигинин демилгелери, өлкөдөгү футболду жакшыртуу жана өнүктүрүү маселелери талкууланат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *