Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 20.05.2023

Аксыда сел жүрүп, чатырларды шамал учурду

Azattyk.org 

Аксыда сел жүрүп, шамал турак жайлардын чатырын учурду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы билдирди. Бүгүн, 20-май күнү болжол менен саат 17:30дар чамасында мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Авлетим айыл аймагындагы үч, Кызыл-Туу айыл аймагындагы эки айылда турак жайларды жана тамаркаларын суу каптаган. Мындан сырткары Кара-Жыгач аймагында Дардак-Дөбө участкасында эки турак үйдүн чатырын шамал учуруп, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган. Читать дальше...

21-майдын аба ырайы

Azattyk.org 

21-майда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Күндүз Нарын, Ысык-Көл облустарында өткүн өтүп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22…31; Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 21…26; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22; ​Бишкекте түнкүсүн өткүн өтөт, күндүз жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Талгарбеков Аскар Акаев Кыргызстанда лекция окуй турганын айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен Бишкекке келди. Акаевдин тарапташы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбековдун "Азаттыкка" ырасташынча, алар өлкөгө 18-майда келген. Алар Таласта Майрам Акаеванын апасына куран окутушуп, Казакстандын Тараз шаарында кыргызстандык хирург Сейтхан Жошибаевдин бейтапканасы менен таанышып, кесиптештери менен жолугушкан. "Эми алар агасына (Акаевдин - ред.) куран окутуу үчүн Кеминге кетишет. Негизи ал Политех менен (Исхак Разаков атындагы... Читать дальше...

Өмүргө кооптуу лифттер

Azattyk.org 

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдөгү лифт маселеси Туңгуч кичи районунда адам өлүмү менен аяктаган окуядан кийин күн тартибине кайрадан чыкты. 67 жаштагы пенсионер лифттен чыга албай калып, каза болгон үйдүн тургундары соңку беш жылдан бери жакшы иштебеген лифт көйгөйүн айтып, кайрылбаган жери калбаганын айтууда. Ал арада мэрия шаардагы лифт көйгөйүн чечүү аракети күч болуп атканын, ал үчүн жеке компания аркылуу быйыл жүз лифт алынып жатканын билдирүүдө.

Кочкор-Атада ууланган окуучулар Ош шаарына которулду

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарындагы мектептин ууланган окуучуларынын 20сы Ош облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Жалал-Абад облустук эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында айтылды. Бейтапканада жаткан окуучуларда баш айлануу, алсыздык сыяктуу белгилер токтобогондуктан балдар 17-майда Ош облусундагы ооруканага которулду.  Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетовдун айтымында... Читать дальше...

"Беш балам менен качтым". Кор болгон аялдарды коргогон "Сезим"

Azattyk.org 

“Сезим” кризистик борбору 25 жылдан бери үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркаган аялдарга, алардын үй-бүлөлөрүнө реабилитациялык колдоо көрсөтүп келет. “Азаттык” аялдардын үнүн угуп, коргоп келген “Сезим” кризистик борборунун иши, зордук-зомбулукка кабылган аялдардын тагдыры, зомбулуктан кийинки жашоосу жана кыялы тууралуу сүрөт баянды сунуштайт. “Беш балам менен качтым” 29 жаштагы Гүлбарчын (аты өзгөртүлдү) чиедей беш баласын кучактап, кызыл камчы күйөөсүнөн качууга аргасыз болгон. Читать дальше...

Кыргызстан-Кытай ортосунда Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол курулат

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол куруу жана өткөрүү пунктун ачуу тууралуу сүйлөшүү жүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча айтып жатып билдирди. Министр эки өлкө ортосунда жол куруу, жаңы аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын айтты. "Негизинен эки мамлекет ортосундагы соода-сатыкты кеңейтүүгө жана жеңилдетүүгө көңүл бурулду. Бул... Читать дальше...

Талас облусунун мурдагы башчысы Нарбеков үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бүгүн, 20-майда президенттин Талас облусундагы мурдагы өкүлү Бакыт Нарбековдун бөгөт чарасы аныкталды. Облустук соттун басма сөз кызматы Нарбековду үй камагына чыгаруу чарасы тандалганын "Азаттыкка" билдирди. Жемкорлукка шек саналып кармалган Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов, Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Эмир Тыныбеков, облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Саламат Салыбаев жана “НИКА KG” компаниясынын өкүлүнүн бөгөт чарасы 19-майда каралып, 29-майга чейин камакка алынышкан. Читать дальше...



Жеңилдетилген насыя 5 миңден ашуун дыйканга берилди

Azattyk.org 

19-майга карата “Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоору боюнча жеңилдетилген насыя 5 миңден ашуун дыйканга берилип, жалпы суммасы 2,3 млрд. сомго жакындады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин финасы жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын башчысы Улан Намазбеков “Азаттык” радиосуна билдирди. Насыя өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориялары боюнча берилген. Министрликтин маалыматына караганда, насыянын теңинен көбүн (3729) мал чарбачылык категориясы боюнча алышкан. Былтыр дыйкан-фермерлерге... Читать дальше...

Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз курулуш аныкталды

Azattyk.org 

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көл районунда 146 мыйзамсыз эс алуучу жайлар аныкталганын билдирди. Аталган мекеме тараткан маалыматка караганда, буга байланыштуу материалдар сот органдарына өткөрүлөт. Курулуш агенттиги облустагы эс алуучу жайларды, пансионаттарды курулуш ченемдерди, архитектура жана шаар куруу мыйзамдарынын сакталышын, инвентаризация жана саркынды сууларды тазалоочу курулмаларын мониторингдөө процессин аяктады. Комиссиянын ишинин... Читать дальше...

Кыргызстан менен Евробиримдик биргелешкен документке кол койду

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министрлиги менен Европа Биримдиги “Кыргызстандагы жашыл экономика программасы” алкагында биргелешкен документке кол койду. Программаны Европа Биримдиги каржылай турганын кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Документке Казакстандын Алматы шаарында, “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экономикалык форумунун алкагында кол коюлду. Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экономикалык... Читать дальше...

"Ортодон өөнөшкөн". Жерүйдүн акчасы жемкорлукка жол ачканбы?

Azattyk.org 

Таластын мурдагы облус башчысы Бакыт Нарбеков менен шаар мэри Аскар Шабданов "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш ишине шек саналып кармалды. Атайын кызматтын маалыматында алар Талас шаарында тигүү фабрикасын курууда “Ника KG” компаниясы менен атайылап пайдасыз келишим түзүп, анын эсебине 25 млн. сомду мыйзамсыз которгон деп шек саналууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 19-майда президенттин Таластагы мурдагы өкүлү Бакыт Нарбеков жана Талас... Читать дальше...

Италиядагы суу ташкындан кеминде 14 киши каза болду

Azattyk.org 

Италиянын түндүгүндөгү Эмилия-Романья районунда суу ташкындан каза болгондордун саны 14кө жетти. Би-Би-Синин жазганына караганда, Равенна шаарынын бийлиги эки чакан шаардын тургундарын тез арада көчүрүүнү чечти. Коопсуздуктун деңгээли кызыл чекке жетип, жогору бойдон калып жаткандыктан элди жолго чыкпай турууга чакырды.  Эвакуация болгон 15 миңдей кишинин жарымы мейманканаларда же атайын даярдалган спорт залдарда түнөдү. Жабыр тарткан аймактагы бир катар шаарларда элге ысык тамак берүү үчүн мобилдик ашканалар иштеп жатат. Читать дальше...

Быйыл Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрүүчү 500 автобус сатып алат

Azattyk.org 

Быйыл Кыргызстан Кытайдан газ менен жүрө турган 500 автобус сатып алат. Автобустардын кийинки партиясы 2024-жылы алынарын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-майда Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шаньдун провинциясынын Цзинань шаарында Zhongtong bus Holding Co., LTD автобус чыгаруучу заводуна барып, анын иши менен таанышты. "Бул заводдон Бишкек шаары үчүн газ менен жүрүүчү 120 автобустун партиясы сатып алынган. Алар... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *