Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 03.05.2023

Парламент Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алды. Парламентте бул чечимди 79 депутаттын 50сү колдоп, бешөө каршы болду. Айрым эл өкүлдөрү акыйкатчы кызматтан одоно мыйзам бузуулар менен алынганын айтып чыгышты. Өткөн аптада парламенттин тармактык комитети аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын сунушун жактырган. Жогорку Кеңештин 3-майдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынынын лидери Бакытбек Сыдыков Акыйкатчыны мөөнөтүнөн... Читать дальше...

Камактагы активист Илгиз Шаменовго кошумча айып тагылды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча камалган активист Илгиз Шаменовго 3-майда кошумча айып угузулду. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, кошумча айыпта Шаменов бийликти күч менен басып алуу аракетин уюштурууга даярдык көргөн деп жазылган. "Азыр Илгиз Шаменовго Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан төмөндөгүдөй кошумча айып угузулду. “Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу... Читать дальше...

Түркмөнстан Өзбекстан үчүн Каспийдеги эл аралык портко жол ачат

Azattyk.org 

Түркмөнстан Өзбекстандан келчү жүк ташуучу автоунаалар үчүн Каспий деңизиндеги эл аралык деңиз портуна жол ачат. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Сердар Бердымухамедов 2-майда Ашхабадда Эл аралык транспорт форумунун катышуучуларына кайрылуусунда айтылганын мамлекеттик "Нейтральный Түркмөнстан" гезити жазды. Жүктөр андан ары Европага, Кавказга, Иранга, Оманга, Перс булуңуна жеткирилет. Былтыр ноябрда Өзбекстан чет өлкөлөргө экспортту көбөйтүү максатында Латвиянын Вентспилс портунан пайдаланууну көздөп жатканы кабарланган. Читать дальше...

Президенттик администрация Тамчыдагы жер тилкелери боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Президенттик администрация Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы 70 жер тилкесинин ээлеринин суроолоруна жооп берип, алар убагында мыйзам бузуу менен менчиктештирилгенин белгиледи. Мамлекет башчынын сайтындагы маалыматка ылайык, бул тилкелер ижарачыларга мал чарбачылыгы үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин, ал эми башка максаттар үчүн 5 жылга чейинки мөөнөткө берилген. "Райондук мамлекеттик администрация ижара келишимдерин түзүү учурунда Жер кодексинин талаптарына ылайык жерлерди бир категориядан экинчи... Читать дальше...

Белград: өспүрүм мектепке кол салууну алдын ала пландаганын билдирди

Azattyk.org 

Белград шаарынын полиция бөлүмүнүн башчысы Веселин Милич мектептеги кол салууну уюштурган өспүрүм баарын алдын ала пландаганын билдирди. "Көзүн тазалоону окуучулардын аты-жөнүн да алдын ала тизме кылып жазып алган. Мектепке кирип-чыгуу планын чийген. Анын чиймеси видео оюн же коркунучтуу тасмадагыдай көрүнөт. Ал кайсы класска кантип кирүүнү жана башкаларды кантип атып салууну ийне-жибине чейин пландап алганы көрүнүп турат”, - деди ал. Сербиянын борбору Белград шаарындагы мектепте 3-май күнү 7-класстын... Читать дальше...

Британ элчилиги "Азаттык" боюнча сот чечимине тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча сот чечимине тынчсыздануусун билдирди. Элчиликтин Твиттердеги баракчасындагы билдирүүдө, апелляциялык кароодо акыйкат чечимге үмүт артары айтылат:  "Соттун "Азаттык Медианын" ишмердүүлүгүн токтотуу чечими тынчсыздануу жаратты. Британия бул ишке байкоо салып турат, өлкөдөгү сөз эркиндигине, апелляциялык арыздын акыйкат жана мыйзамдуу каралышына үмүт артат". 3-майда Европа Биримдигинин Кыргызстандагы... Читать дальше...

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси алмашты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Марат Пирназаров дайындалды. Тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-майда кол койду. Пирназаров буга чейин аталган кызматтын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Буга чейин аталган кызматта Улан Сарбанов иштеп келген. Ал Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жетекчи болуп банктын директорлор кеңешинин 18-апрелдеги жыйынында бекитилген.(ZKo)

Бишкектеги жаңы конуштарда 10 744 үйгө техпаспорт берилди

Azattyk.org 

"Кадастр" мекемесинин маалыматы боюнча, 3-майга карата Бишкектеги жаңы конуштардагы 10 744 турак жайга техникалык паспорт берилди. Мунун ичинен Ленин районунда 2 392, Биринчи Май районунда 4 859, Свердлов районунда 3 006, Октябрь районунда 487 үй техникалык паспортко ээ болду. Техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 2021-жылы 7-декабрдан тарта ишин баштаган. Көчмө бригадалар турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, техникалык паспорт даярдайт. Жарандар түз эле Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып... Читать дальше...



Журналистке күч колдонулган окуя боюнча жолугушуу өттү

Azattyk.org 

Govori TV порталынын кабарчысына күч колдонгон соттук тартип сакчылары тартип жазасына тартылмай болгонун бүгүн 3-майда аталган медианын жетекчиси Кайрыгүл Урумканова маалымдады. Анын айтымында, бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык сотунун төрагасы Нурбек Эсеналиев жана тартип сакчыларынын жетекчилиги менен жолугушууда Соттор кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова билдирди. Каримова, Урумканованын айтымында, кызматтык териштирүү жүргүзүлгөнүн кабарлап, райондук милицияга жазылган арызды кайра кайтарып алууну өтүндү... Читать дальше...

Беларус соту Роман Протасевичти сегиз жылга эркинен ажыратты

Azattyk.org 

Беларус соту оппозициялык NEXTA Телеграм каналынын негиздөөчүлөрүнүн бири Роман Протасевичти сегиз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун беларус кызматы 3-майда билдирди. Прокуратура аны 10 жылга эркинен ажыратууну сураган. NEXTA иши менен дагы эки айыпталуучуга сыртынан өкүм чыгарылды. Степан Путило 20 жылга, Ян Рудик 19 жылга эркинен ажыратылды. Тергөөнүн маалыматында Протасевич, Путило жана Рудик кеминде 1586 кылмыш жасаган деп айтылат. Арасында социалдык кастыкты козутуу... Читать дальше...

Таластагы окуя: агрессия, артка кетүү, алсыз мыйзам

Azattyk.org 

Таласта мал базарда акча уурдоого шектүүнү адамдар өздөрү мамыга таңып, ортого алганын көрдүк. Коомдогу мындай окуялар эмнеден улам келип чыгууда жана анын кесепеттери кандай болушу ыктымал? Студиянын коноктору саясий илимдеринин кандидаты, коопсуздук, коргоо системалары боюнча эксперт Орозбек Молдалиев жана психолог Айгүл Ысыкеева.

Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 64 ардагери калды

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүнкү күндө Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринен 64 адам калды. Бул тууралуу 3-майда “Азаттык” радиосуна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Бир жыл мурда алардын саны 100дөй адамдын тегерегинде болчу. Жыл сайын ардагерлердин катары суюлуп жатат. 1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. Быйыл бул согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленет. Бүгүн өкмөттө өткөн... Читать дальше...

Обочодо калган Чарбактагы оор турмуш

Azattyk.org 

Он жыл мурда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы Баткен районунун Чарбак айылында чыр чыккан. Анда отуздан ашуун адам барымтага алынып ызы-чуу болгон. Ошол күндөн бери айылга Өзбекстандан келген суу да, жол да жабылып, суу жана жол айланып жеткирилгени менен толук камсыздай албай турат. Жергиликтүү бийлик чек араны тактоо иши эми аяктагандыктан курулуш иштери жүрөт деп убада берип келет.

Автоунаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүктөр айып пул төлөшөт

Azattyk.org 

1-июлдан тартып автоунаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүк жарандар жана ишканалар айып пул төлөй баштайт. Ошондой эле башка өлкөдө катталган машинелер дагы 1-апрелден тартып милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү керек болгон тизмеге кошулду. Буларга автоунааны милдеттүү түрдө камсыздандыруу быйыл, 1-апрелден тарта башталганын каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров журналисттерге билдирди. Анын маалыматына караганда, автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу... Читать дальше...

4-майдын аба ырайы

Azattyk.org 

4-майда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Түндүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 12…17; Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт... Читать дальше...

Белградда мектептеги куралдуу кол салууда бери дегенде он киши каза болду

Azattyk.org 

Сербиянын борбору Белград шаарындагы мектепте 7-класстын окуучусунун куралдуу кол салуусунан бери дегенде 10 киши киши набыт болду. "Новости" басылмасы 3-майдагы окуяда сегиз окуучу, бир кароолчу каза болгонун кабарлады. Informer жана B92 басылмалары бир мугалим да окко учканын жазды. Түрдүү булактарда жетиден 16га чейин адам жараат алганы айтылды. Ок аткан 14 жаштагы бала кармалды. Жанынан эки тапанча жана "Молотов" коктейлдери салынган рюкзак табылган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал маңзат колдонгон абалда болгон. Читать дальше...

Өзбекстанга ID-карт менен кирүүгө уруксат берген мыйзам долбоору колдоо тапты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 3-майдагы жыйынында Өзбекстанга ID-карт менен кирүүгө уруксат берген мыйзам долбоору дароо үч окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечи, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдиргендей, Өзбекстан кыргыз жарандары ID паспорт менен кире алган үчүнчү өлкө болуп калды. Учурда кыргызстандыктар Казакстан менен Орусияга ID-карт  менен кире алышат. Мыйзам долбоорунда дагы төрт өлкөгө визасыз режим киргизүү сунушу камтылган. Кулубаев Мальдив мамлекетине да 30 күндүк визасыз режим кирип жатканын билдирди. Читать дальше...

Азимбек Бекназаров менен Кубанычбек Кадыров 20-июнга чейин абакта калды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 3-майда Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган саясатчылар Азимбек Бекназаров менен Кубанычбек Кадыровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, канааттандырган жок. Эки саясатчы тең 20-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калды. 2-майда аталган сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камалган Эрлан Бекчоро уулун, Равшан Жээнбековду, Рита Карасартованы, Акыл Айтбаевди жана Илгиз Шаменовду да 20-июнга чейин камакта калтырган. Читать дальше...

АКШнын элчиси Тажикстанды сөз эркиндигин сыйлоого жана ЖМКга колдоо көрсөтүүгө чакырды

Azattyk.org 

АКШнын Тажикстандагы элчиси Мануэл Микаллер тажик өкмөтүн сөз эркиндигин сыйлоого жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК) колдоо көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу элчи 3-майда Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата Дүйшөмбүдө өткөн иш-чарада билдирди. "Көз карандысыз ЖМКлар демократияны өнүктүрүүдө, жемкорлукка каршы күрөшүүдө жана коомго туура маалымат берүүдө чынында эле маанилүү ролду ойнойт. Сөз эркиндиги – америкалык гана баалуулук эмес, ал бүткүл дүйнөнүн баалуулугу", – деди Микаллер. Читать дальше...

Кулубаев: Кытай менен визасыз режим маселеси тууралуу сүйлөшүү жүрүүдө

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Ал 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында 27-апрелде Кытайдын тышкы иштер министри менен Сиань шаарында жолугушканын, бул маселе ошол жерде сүйлөшүлгөнүн айтты. “Анда биздин жүк ташуучу айдоочуларга, жарандарга виза берүү маселесин сүйлөштүк. Мүмкүнчүлүк болсо эки тараптуу визадан бошотуу боюнча да сөз болду. Эми иш өзүбүз тараптан болот. Биз кандай сунуш киргизебиз... Читать дальше...

Судандан алты кыргызстандык эвакуацияланды

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилиги жана Орусиянын Хартум шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Судандан алты кыргызстандык жаран 2-майда Москвага эвакуацияланды. 3-майда алардын баары Москва- Бишкек каттамындагы учак менен Кыргызстанга жиберилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдап, кыргызстандык жарандарды Судандан эвакуациялоого көмөктөшкөнү үчүн Орусияга ыраазычылыгын билдирди. Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы... Читать дальше...

Израил түрмөсүндө ачкачылык жарыялаган Кадер Аднан каза болду

Azattyk.org 

Израил түрмөсүндө "Ислам жихады" радикал тобунун жогорку даражалуу мүчөлөрүнүн бири Кадер Аднан 86 күндүк ачкачылык акциясынан кийин каза болду. Израилдин түрмө кызматы 2-майда кабарлагандай, Аднан камерада эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилгенде көз жумган. Ал буга чейин ачкачылыктан улам саламаттыгы начарлаганда медициналык кызматтан баш тарткан. "Ислам жихады" тобу Аднандын өлүмү үчүн Израилге жооп болорун билдирди. Палестин автономиясынын премьер-министри Мухаммед Штайе Израил бийлигин аны "атайылап өлтүргөн" деп айыптады. Читать дальше...

Мадумаров: Кыргызстанда өз пикирин айтууга тыюу салуу аракети жүрүп жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Кыргызстанда өз пикирин айтууга, ой жүгүртүүгө тыюу салуу аракети жүрүп жатканын билдирди. Ал мындай оюн 3-майда Бишкекте сөз эркиндигинин абалы талкууланган жыйында айтты. “Бул - журналисттердин же саясатчылардын эле иши эмес. Бул - Кыргызстандын, коомдун маселеси. Муну коомчулук өзүнүн колуна алышы керек. Ар бир кишинин өз пикирин айтууга укугу болушу керек. Чар-жайыттык менен сөз эркиндигин аралаштырбашы керек. Эгер биздин... Читать дальше...

"Керемет Банк" иши: Дагы эки мурдагы жетекчиге өкүм чыкты

Azattyk.org 

98% жакын акциясына Улуттук банк ээлик кылган "Керемет Банктын" иши боюнча кармалгандардын дагы экөө күнөөлүү деп табылып, ар бири мамлекеттин эсебине 1 миллион сомдон айыппул төгүүгө милдеттендирилди. Ишти караган Биринчи Май райондук соту өкүмүн 2-майда жарыялап, Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Айнура Тезекбаева жана бул банктын башкармалыгынын мурдагы мүчөсү Алмаз Сыдыков Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп аныкталганын билдирди. Читать дальше...

Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 50 сап артка кетти

Azattyk.org 

Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашты. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму рейтингди 3-май - Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата жарыялады. 3-майда жарык көргөн докладда уюм 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттарды, абалды анализдеп чыккан. Натыйжада адистер 31 өлкөдө “олуттуу кырдаал”, 42 өлкөдө “кыйын абал”, 55 жерде “көйгөйлүү”, 52синде “жакшы” же “канааттандырарлык абал” түзүлгөн деген бүтүмгө келди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *