Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 18.05.2023

Эрдоган жеңишке эмнеге жете албады? 

Azattyk.org 

Түркия тагдыр чечүүчү тандоо алдында турат. 28-майда шайлоонун экинчи айлампасы өтүп, өлкө президенттин катуу көзөмөлүндө калабы же оппозиция өкүлү убада кылган демократиялык багытта кетеби деген суроого жооп табылат. Азыркы президент Режеп Тайып Эрдоган жана бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу элге кандай убада берип жатышат? Кимиси шайлоочуларды көбүрөөк ынандыра алат?

Борбор Азиянын Бээжин менен мамилеси кандай болот?

Azattyk.org 

Кыргыз президенти Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барып, ал өлкөнүн жетекчилери менен жолугушту. Ал 19-майда Сианда «Борбор Азия-Кытай» саммитине катышат. Бул чөлкөмдөгү мамлекеттердин Кытай менен мамилесиндеги көп багыттарды аныктайт деп айтылууда. Кытайдын мамиледе эмнелер өзгөрөт?

"Кемпир-Абад" иши: Абактагы Атай Бейшенбек айып изоляторуна камалды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган активист Атай Бейшенбек Бишкектин Тергөө изоляторунун (СИЗО-1) айып изоляторуна киргизилгенин бүгүн 18-майда Жаза аткаруу кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, буга пландуу тинтүү иш-чаралары учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы себеп болду. “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары” жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Жаза аткаруу кызматы билдиргендей, “айыпкерлерге... Читать дальше...

Ысык-Көлдө желим баштыкка тыюу салуу маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун аймагында желим баштыктарды колдонууга бара-бара тыюу салуу маселеси бүгүн 18-майда Экономика жана коммерция министрлигинде мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү катышкан жыйында талкууланганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында көл аймагында полиэтилен пакеттерин өндүрүүгө, колдонууга жана сатууга этап-этабы менен тыюу салуу, алардын ордуна экологиялык коопсуз баштыктарга өтүү маселеси боюнча иштей турган жумуш тобу түзүлдү. Топтун курамына желим жана кагаз... Читать дальше...

Ирандын президенти Ооганстанды суу келишимин сактоого чакырды

Azattyk.org 

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Ооганстандагы "Талибан" режимин чек арадагы суу пайдалануу келишимдерин бузгандыгы үчүн айыптады. 18-майда Систан-Балучистан аймагына барган президент “Ооганстанды башкаргандар Ирандын сууга болгон укуктарын олуттуу кабыл алууга тийиш” деп эскертти. Мунун алдында талибдердин тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки жана Ирандын тышкы иштер министри Хоссейин Амир-Абдоллахиан телефондон бир нече маселени, анын ичинде Гилменд дарыясынан суу өткөрүүнү талкуулашкан. Амир-Абдоллахиан "суунун Ооганстандын да... Читать дальше...

Пашинян Москвада азери президенти менен жолугушарын билдирди

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 25-майда Москвада Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө макул болгонун Интерфакс агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөр орус президенти Владимир Путиндин ортомчулугу менен өткөрүлөт. "Биз орус тараптан 25-майда орус президентинин ортомчулугу менен үч тараптуу жолугушуу өткөрүү сунушун алдык. Ага оң жооп бердик", - деп Пашинян өкмөт жыйынында айтканы жазылган. 2020-жылы эки өлкөнүн ортосундагы алты... Читать дальше...

Казакстан: Бир нече активист визасыз режимге каршы акцияга чакырган деп айыпталды

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө шаарынын соту 17-майда бир нече активистке тынч митингдерди өткөрүү эрежелерин бузган деп административдик жаза чыгарды. Тергөөнүн материалдарына караганда, алар социалдык тармактарда жана WhatsApp тайпаларында митингдерге чакырышкан. Айыпталгандар дооматтарды четке кагууда. Ахмет Сарсенгалиевди сот төрт суткага камады. Ал 1-майда митинг өткөрүүгө үндөгөн деп күнөөлөндү. Ал эми Алмира Куватова жана Бауыржан Маратулы айып пулга жыгылды. Соттун материалдарына ылайык, алар 31... Читать дальше...

Таластагы көтөрүлүш: кулакка тартуу, басмачылык жана “кызыл кыргын”

Azattyk.org 

1930-жылдары Кыргызстандын Талас аймагында көтөрүлүш болуп, эл кулакка тартуу саясатына жана башка басым-кысымга каршы чыккан. Бул окуянын арты эмне менен бүткөн жана анын кесепети кандай болгон? "Куугунтук курмандыктары" подкастында кулака тартуу жана басмачылык кыймылдардын чыныгы себеби жана анын оор кесепеттери, миңдеген кишилердин бейажал кыргыны тууралуу кеп кылабыз. Талкууга коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөнүн автору Талант Разаков жана “Азаттыктын” редактору Заирбек Бактыбаев катышты. Читать дальше...



Кытай Кыргызстанга техникалык-экономикалык долбоорлор үчүн грант бөлөт

Azattyk.org 

Кытай Кыргызстанга бир катар артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга грант бөлүп бермей болгонун 18-майда өлкөнүн Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жардам тууралуу макулдашууга Кытайда президент Садыр Жапаровдун сапары алкагында министр Данияр Амангелдиев жана Кытайдын тышкы иштер министри Цин Ган кол коюшту. Макулдашууга ылайык, “эки өлкө ортосундагы техникалык-экономикалык кызматташтык алкагында артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга грант бөлүнүп берилет” деп билдирди кыргыз тарап. Читать дальше...

Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы жана анын орун басары камалды

Azattyk.org 

«Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомунун президенти Елена Калашникова жана вице-президенти камакка алынганын 18-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеме алар тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин, бөгөт чарасын сот аныктарын, мамлекетке келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады. УКМК уставдык капиталы 1 миллиард сомдук бул фонд өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн... Читать дальше...

Кыргызстандык Кадыр Сайдилкан Эвересттин эң бийик жерине чыкты

Azattyk.org 

Ишкер Кадыр Сайдилкан 17-майда Эвересттин эң бийик жерине чыкты. Бул тууралуу анын бир тууганы Жоодар Сайдилкан 18-майда Фейсбукка жазды.  Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөтүндө ал калпак кийип, Кыргызстандын туусун жана Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун китебин кармап турганын көрүүгө болот. Жоодар Сайдилкан агасы дүйнөдөгү жети континентте жети чоку долбоорун аткарган биринчи кыргыз альпинисти болгонун белгилеген. Ал буга чейин Килиманжаро (Африка), Эльбрус (Европа)... Читать дальше...

"Комузду укканда көзгө жаш алышты". Пакистанды байырлаган кыргыздар

Azattyk.org 

Кыргызстандык тарыхчы, изилдөөчү, маданият кызматкерлеринен турган топ Пакистанда жашаган этникалык кыргыздарга барып, кабар алды. Алар Гилгит шаарында жана Иммит айылында болуп, бир катар илимий иш-чараларга катышып, этникалык кыргыздар менен жолугушкан. Дээрлик бир кылым мурун совет бийлигинин репрессиясынан качып, Пакистанда отурукташып калган этникалык кыргыздардын саны ушу тушта 1200гө чамалуу. Тарыхчылар, этнографтар жана маданият кызматкерлеринен турган он кишиден турган топ 8-май күнү Пакистандын борбору Исламабадга барышкан. Читать дальше...

Өзбекстанда катуу зилзала тууралуу кабар берген система ишке киргизилет

Azattyk.org 

Өзбекстанда 1-декабрдан тарта катуу жер титирөө тууралуу алдын ала кабар тараткан система ишке киргизиле баштайт. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 18-майда президенттин сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо чаралары жөнүндө токтому кабыл алынды. Улуттук системанын алкагында өлкөдөгү жана чек ара аймактарындагы сейсмикалык кубулуштарга реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүлөт. Документке ылайык, зилзаланын очогуна жакын жайгашкан эки же андан көп сейсмикалык станцияларда күчү 5 балл жана андан ашкан жер титирөө катталса... Читать дальше...

Бишкекте лифтте калган пенсионер жүрөгү кармап каза болду

Azattyk.org 

“Туңгуч” кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин тургуну лифтке камалып калгандан кийин жүрөгү кармап каза тапканы белгилүү болду. Маалыматты "Бишкек лифт" муниципалдык ишканасы ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө, окуя 14-майда болгон. Лифт биринчи жана экинчи кабаттын ортосунда токтоп калганда 67 жаштагы пенсионер анын ичинде 20 мүнөттөй туруп калган. Адистер лифтти ачканда ал эстен танган абалда болгону, "Тез жардам" кызматы бир сааттан кийин келип, анын жүрөгү кармап каза болгонун аныктаганы айтылды. Читать дальше...

Президент Жапаровдун Кытайга сапарында 20дан ашык документке кол коюлду

Azattyk.org 

18-майда Сиань шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарында 20дан ашык документке кол коюлду. Анын ичинде Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Кытайдын Коммерция министрлигинин ортосундагы сооданы өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча иш-чаралардын планы... Читать дальше...

Мыйзамдагы теңсиздикти жойгусу келген Жакшылык

Azattyk.org 

Конституциялык сотко шайлоо күрөөсүнүн көптүгү боюнча арыз менен кайрылган юрист Жакшылык Кадыров "Азаттыктын" "Укугум бар" берүүсүндө конокто болду. Ал шайлоо тууралуу мыйзамда талапкер жеке каражатынан Боршкайкомдун эсебине ири суммадагы акчаны күрөө катары төгүшүн милдеттендирген берене социалдык теңсиздикти жаратат деп эсептейт. "Шайлоо мыйзамы адамды басмырлайт" Оштогу "Көрүүсү начар жана азиз адамдардын коому" бирикмесинин мурдагы жетекчиси, юрист-консультант Жакшылык Кадыров Конституциялык сотко кайрылып... Читать дальше...

Мыйзамдагы мүчүлүштүктү жойгусу келген Жакшылык

Azattyk.org 

Конституциялык сотко шайлоо күрөөсүнүн көптүгү боюнча арыз менен кайрылган юрист Жакшылык Кадыров "Азаттыктын" "Укугум бар" берүүсүндө конокто болду. Ал шайлоо тууралуу мыйзамда талапкер жеке каражатынан Боршкайкомдун эсебине ири суммадагы акчаны күрөө катары төгүшүн милдеттендирген берене социалдык теңсиздикти жаратат деп эсептейт. "Шайлоо мыйзамы адамды басмырлайт" Оштогу "Көрүүсү начар жана азиз адамдардын коому" бирикмесинин мурдагы жетекчиси, юрист-консультант Жакшылык Кадыров Конституциялык сотко кайрылып... Читать дальше...

УТРК Кошалиевдин Бакиев менен маеги боюнча ички териштирүү баштады

Azattyk.org 

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) каналдын кызматкери, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маеги тууралуу 18-майда да комментарий берди. Каналдын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганы, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегени кайталанган. “Учурда УТРКдан эфирге чыккан “Кыргыз ааламы” көрсөтүүсүнүн жасалгасын... Читать дальше...

Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен уландын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен 17 жаштагы уландын сөөгү төрт күндөн кийин 18-майда табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди. 14-майда эки бала Баткен районундагы Төрткүл суу сактагычында кайык менен жүрүп сууга чөгүп кеткен. 15-майда 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылган. Экинчисин издөө иштерине 18-майда 46 куткаруучу тартылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза... Читать дальше...

АКШнын Монтана штатында ТикТокко тыюу салынды

Azattyk.org 

Монтана ТикТокко тыюу салган АКШдагы биринчи штат болуп калды. Кытай ээлик кылган кыска видеолорго адистешкен популярдуу платформаны өлкөдө 150 миллиондой киши колдонот. Монтананын губернатору Грег Жанфорте шаршембиде тиешелүү мыйзамга кол койду. Анын айтымында, бул кадам штат тургундарынын жеке маалыматтарын "Кытай Коммунисттик партиясынан" коргойт. Эми Google же Apple компанияларына штаттын аймагында ТикТок тиркемесин сунуш кылууга тыюу салынат. Мыйзам 2024-жылдын январында күчүнө кирмекчи. Читать дальше...

Кыргызстандын курама командасына 33 футболчу чакырылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бишкекте 1-9-июнь күндөрү машыгууларды өткөрөт. Кыргыз футболдук союзунун басма сөз кызматы бул CAFA NATIONS CUP-2023 эл аралык мелдешине даярдык экенин билдирди. Улуттук курама команданын жаңы башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин штабы 33 оюнчудан турган футболчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Тизмеге Кыргызстандын курамасына төрт жылдан бери чакырылбай калган коргоочу Азамат Байматов, чабуулчу Антон Землянухин да кошулду. (Толук... Читать дальше...

Пакистандын полициясы экс-премьер Имран Хандын үйүн курчап турат

Azattyk.org 

Пакистандын полициясы экс-премьер Имран Хандын Лахордогу үйүн курчоону улантты. Саясатчынын турак жайында баш калкалап жатат деп шектелген адамдарды өткөрүп берүү үчүн берилген 24 сааттык мөөнөт 18-майда аяктайт. Тартип коргоочулардын мындай аракеттери, Хандын жакында кармалышына каршы чыккан акциялардын катышуучуларына издөө  салынышы экс-премьердин тарапташтарын ого бетер ачуулантып, кандуу кагылышуулар кайталанышы ыктымал деген тынчсызданууну жаратууда. Өткөн аптада Хан камакка алынгандан... Читать дальше...

Сот Нью-Йорктогу кол салууга айыпталган Саиповго катаал өкүм чыгарды

Azattyk.org 

АКШнын соту 2017-жылы Нью-Йоркто теракт аркылуу сегиз кишинин өлүмүнө күнөөлүү деп табылган Өзбекстандын жараны Сайфулло Саиповду сегиз жолу өмүр бою жана 260 жылга эркинен ажыратты. Өкүм 17-майда чыгарылганын АКШнын Юстиция министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, 34 жаштагы Саипов күнөөсүн моюнга алган жок жана терактты “Ислам мамлекети” радикал уюмунун атынан ишке ашырганын айтты. Март айында арачылар соту аны өлүм жазасына тартууну четке каккан. Кылмышкер жаза мөөнөтүн Колорадодогу абакта өтөмөкчү. Читать дальше...

УКМК: “Каракол” аэропортунун жетекчилигине кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы “Каракол” аэропортунун жетекчилигине кылмыш ишин козгоду.  Атайын кызматтын маалыматына ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренеси менен тергелип жатат. УКМКнын басма сөз кызматы “Каракол” аэропортунун кызмат адамдары аэропорттун атайын техникасын жана жабдууларын, андагы баалуу металлдарды мыйзамсыз сатып жибергени аныкталганын билдирди. “Каракол шаарында... Читать дальше...

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

18-20-май күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. 19-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *