Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Новости за 17.05.2023

Казакстан менен Кытай визасыз режим тууралуу макулдашууга кол коюшту

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 23 документке кол коюлду. Алардын арасында эки өлкө ортосунда визасыз режим киргизүү тууралуу да макулдашуу бар. Бул тууралуу Токаевдин маалымат кызматы билдирди. Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө (жалпысынан 180  күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алышат.  Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Токаев Сиань... Читать дальше...

Жалал-Абад: Ишкерге кол салган адам изделүүдө

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында ишкерге кол салган адам изделип жатканын 17-майда “Азаттыкка” облустук милициядан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 24-апрелде болгон, шаарда кафе иштеткен ишкерлердин бирин белгисиз бирөө учтуу нерсе менен сайып жиберип, качып кеткен. Ишкер ооруканага жатып, дарыланып чыкканы, ага кол салган адамга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (“Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү”) негизинде иши козголгону маалымдалды. Кылмышка шектүү адам ким экени аныкталды... Читать дальше...

Акыйкатчынын милдетин экс-прокурор аркалайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаеваны шайлады. Анын талапкерлигин парламенттеги бийликчил "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясы сунуштаган. Коомчулук мурдагы прокурордун акыйкатчылыкка шайланышын түрдүү кабыл алды. Айрымдар социалдык медиада "бул кызмат бийликтин кол баласына айланды" деген пикирлерин жазышты. "Ата-Журт-Кыргызстан" Жаманбаеваны сүрөдү Парламент ушул айдын башында "канааттандырарлык иштей алган жок" деп кызматтан алган Атыр Абдрахматованын ордуна жаңы акыйкатчы болуп Жамиля Жаманбаеваны шайлады. Читать дальше...

Чүйдөгү окуяда жараат алган күч кызматкерине операция жасалды

Azattyk.org 

Чүйдө атайын операция учурунда жараат алган күч кызматкерине операция жасалганын, анын абалы туруктуу экенин 17-майдын кечинде Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, дарыгерлер 32 жаштагы бейтаптын сол жамбашына тийген окту алып чыгышты, абалы туруктуу деп бааланып жатат, дарылоо уланууда. Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-майда УКМК менен биргеликте Чүйдүн Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында террорчулукка шек саналган куралчан адамды кармоо операциясын жүргүзгөнүн... Читать дальше...

БУУ: алдыдагы беш жылда абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетет

Azattyk.org 

Парник газдарынын топтолушу жана Эль-Ниньо кубулушунан улам  алдыдагы беш жылда дүйнөдө абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетет. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму 17-майда тараткан маалыматта айтылат.  Эль-Ниньо — Тынч океандын борбордук жана экватордук бөлүгүндө температуранын кескин жогорулашы. Мындай кубулуш адатта ар бир эки же жети жылда кайталанат. «Жакынкы айларда Эль-Ниньо кубулушу болору күтүлүп жатат. Мындан улам глобалдык температура кескин жогорулашы мүмкүн. Мунун саламаттык... Читать дальше...

УКМК: Кылмыштуу топ түзгөн үч милиционер кармалды

Azattyk.org 

Өзгөн райондук жана Жалал-Абад облустук милиция кызмактерлери кылмыштуу топтун өкүлү катары кармалганын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар көптөн бери катардагы адамдар, айрыкча жаш кыздар аркылуу опузалап акча талап кылуу схемасынын негизинде иштеп жүрүшкөн деп шектелүүдө. Шектүүлөр зордуктоо же маңзат колдонууга азгыруу тууралуу жасалма арыздардын негизинде “кылмыш жообуна тартабыз” деп коркутуп, адамдардан акча алып жүрүшкөнү... Читать дальше...

"Кылмыштуу топтун мүчөсү болгон". Чүйдө жок кылынган шектүүнүн чоо-жайы

Azattyk.org 

Чүйдүн Дмитриевка айылында террорчулукка шектүүнү кармоо учурунда атышуу болду. Ички иштер министрлиги куралчан адам жок кылынганын, аны кармоо учурунда эки күч кызматкери жарадар болгонун билдирди. Ош шаардык милициясы ал куралчан киши Оштогу бир нече оор кылмыштарга шек саналган жана экстремисттик, уюшкан топтун мүчөсү экенин кабарлады. "Шектүү ижарадагы үйдө турчу" Мындан 3-4 күн мурун "Оштон келдим" деген киши айыл өкмөт жана медресеге жакын жердеги үйлөрдүн бирин ижарага алган экен. Үй ээсинин тууганы Марина Мусаеванын айтымында... Читать дальше...

Бейөкмөт уюмдар мыйзамы боюнча алгачкы сот отуруму өттү

Azattyk.org 

Бүгүн 17-майда Конституциялык сотто “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдагы айрым нормаларга байланыштуу жазган арызы боюнча алгачкы отурум өттү. Уюмдун адвокаттары сотко Жогорку Кеңештин эксперттерин жана Казакстандан көз каранды эмес экспертти чакыруу өтүнүчүн келтиришти, сот аны канааттандырып, кийинки отурумду 7-июнга белгиледи. Уюмдун маалыматына караганда,  адвокаттар мыйзам боюнча жүргүзүлгөн экспертизалар тууралуу Жогорку Кеңештен түшкөн... Читать дальше...



“ПолитКлиникага” каршы арыз боюнча сот жараяны 6-июнга жылды

Azattyk.org 

17-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызы боюнча жараянды 6-июнга жылдырды. “ПолитКлиниканын” адвокаттары доогерлер басылманын социалдык баракчаларына чыккан материалдагы кайсы маалыматтар жалган экени тууралуу доо арызга тактоо киргизиши керектигин айтышты. Ишти карап жаткан судья Жамиля Акылбекова ЭлТР телеканалынын юристин кийинки соттук жараянга кайсы маалыматты төгүндөөнү суранып жатканын так жазып келүүгө милдеттендирди. Читать дальше...

Түркияда оппозиция добуштарды саноодо мыйзам бузуу болгонун жарыялады

Azattyk.org 

Түркиянын оппозициялык Элдик-республикалык партиясы 14-майда өткөн шайлоодо мыйзам бузууларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына арызданды. Бул тууралуу партиянын төрага орун барасы Мухаррем Эркек 17-майда билдирди. Анын айтымында, оппозиция президенттик шайлоодо эки миңден ашуун, ал эми парламенттик шайлоодо төрт миңдей үкөктөгү добуштарды саноодо мыйзам бузуулар болгонун аныктаган. "Бул жалпы жыйынтыкты өзгөртпөсүн билсек дагы, биз ар бир добушка көңүл бурабыз", - деди Эркек. Бул жолку... Читать дальше...

Ысык-Көл: Мамлекеттик нотариустар кылмышка шектелүүдө

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда бир нече мамлекеттик нотариуска кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар нотариалдык келишимдерди, машинага, кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугуна байланыштуу ишеним кат, мурастоо күбөлүгү сыяктуу документтерди одоно мыйзам бузуу менен каттаган деп шектелүүдө. “Быйылкы жылдын 27-апрелинен 5-майга чейинки аралыкта Каракол шаарынын, Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун... Читать дальше...

Ош милициясы: Чүйдө жок кылынган шектүү оор кылмыштарга айыпталган топтун мүчөсү болгон

Azattyk.org 

Чүйдө 17-майда күч органдарынын атайын операциясы учурунда жок кылынган адам Ош аймагында бир нече оор кылмышка шектелип жаткан топтун мүчөсү болгонун “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди: “Банданын дагы бир мүчөсү ошол жактан кармалды. Бүгүнкү каза болгон террорист ошол. Бүгүнкү Чүйдө болгон окуяга да катыштыгы бар ошол баланын. Ошто тогуз адам бар азыр - сегиз эркек, бир аял. Чекит коюла элек. Комплекстүү ыкчам издөө, кармоо иштери уланып жатат. Читать дальше...

УТРК Кошалиев Бакиевден жетекчилик менен макулдашпай маек алганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) каналдын кызматкери, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевден алган маеги тууралуу комментарий берди. УТРКнын продюсери Алмаз Касымалиевдин сөзүнө караганда, Кадыр Кошалиев мурдагы президенттен маек алуу боюнча каналдын жетекчилигине эч кандай маалымат берген эмес. “Бул пландалган эмес. Мага редакциянын жетекчиси катары “мен ушуну тартканы жатам” деп айткан эмес. Кийин келип “Менде ушундай материал бар... Читать дальше...

Италия: суу ташкында үч киши каза таап, беш миңдейи коопсуз жайга көчүрүлдү

Azattyk.org 

Италиянын түндүгүндө болгон суу ташкын кеминде үч кишинин өмүрүн алды, беш миңдей адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Табият кырсыгы болгон Эмилия-Романья аймагынын бийлиги кырдаал мындан да начарлашы мүмкүн экенин 17-майда эскертти. Дагы үч кишинин дайыны азырынча белгисиз. Соңку күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам аймактагы бир нече дарыя нугунан ашып, Форли, Чезена жана Чезенатико шаарларын каптап кеткен. Тургундар куткаруучуларды үйлөрүнүн чатырына чыгып, күтүүгө аргасыз болушту. Бир катар жолдор жана темир жолдор жабылды. Читать дальше...

Өзбекстанда "Адолат" партиясы президенттикке аял талапкер көрсөттү

Azattyk.org 

Өзбекстандын "Адолат" социал-демократиялык партиясы президенттикке Жогорку Соттун төрагасынын биринчи орун басары Робахон Махмудованын талапкерлигин көрсөттү. 65 жаштагы Махмудова буга чейин Жогорку Соттун судьясы, президенттин Фергана облустук элдик кабылдамасынын жетекчиси, сенатор болуп иштеген. Ал президенттикке көрсөтүлгөн төрт талапкердин арасындагы жалгыз аял. Буга чейин Экологиялык партия Абдышүкүр Хамзаевди, Элдик-демократиялык партиясы Улугбек Иноятовду жана “Улуттук кайра жаралуу”... Читать дальше...

Жетигенов: Ошто суу маселесин чечүү жолун таптык

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов "Азаттыкка" маек куруп, Оштогу таза суу көйгөйү чечилгенин айтты. Буга чейинки Жогорку Кеңештин депутаттары курулуш тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө карата айткан пикирлерин азыркы чакка тиешеси жок деди мэр.

Аба ырайы: айрым жерлерде сел жүрүшү мүмкүн

Azattyk.org 

18-20-май күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. 18-майга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде, жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Читать дальше...

"Дастан" командасы футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

Azattyk.org 

"Дастан" командасы футзал боюнча Кыргызстандын чемпионаты - Суперлиганын чемпиону болду. Акыркы финалдык беттеште ал "777-Агростайлды" 5:4 эсебинде утту. Суперлиганынын финалдык сериясында "Дастан" "777-Агростайл" командасы менен төрт беттеш өткөрүп, үч беттеште (3:2, 5:2, 5:4 эсебинде) жеңишке жетти жана өлкө чемпиондугун утуп алды. "777-Агростайл" командасы чемпионаттын күмүш медалын тагынса, "Фарватер-Аман" командасы үчүнчү орунду ээледи. Кыргызстандын футзал боюнча чемпионаты — Суперлиганын оюндары төрт этапта өтөт. Читать дальше...

Президент Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга учуп кетти

Azattyk.org 

17-майда президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга учуп кетти. Президенттин басма сөз кызматы президент сапардын алкагында “Кытай-Борбор Азия” саммитине да катышарын билдирди. Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки өлкөнүн кызматташтыгын арттыруу боюнча маселени талкуулашат. Кыргызстандын делегациясынын курамында президенттин жубайы Айгүл Жапарова, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев... Читать дальше...

Акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаева шайланды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 17-майдагы жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлерди шайлоо өтүп, анда эң көп добушту Жамиля Жаманбаева алды. Аны парламенттин 48 депутаты колдоду. Акыйкатчы кызматын шайлоого талапкер катары Жамиля Жаманбаева менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков ат салышып, ал 20 добуш алды. Депутат Гуля Кожокулова "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамда бул кызматка талапкер кеминде 50 депутаттын колдоосуна ээ болушу керектиги жазылганын айтып чыкты. "Бүтүн Кыргызстан"... Читать дальше...

Өзбекстанда мигранттар менен бийлеген кыздарды сындаган имам иштен алынды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Фергана облусундагы Ташлак районунун башкы имамы Шукрулло Эгамбердиев кызматтан алынды. Анын чет элге миграцияга кеткен жарандарды жана бүтүрүү кечелеринде бийлеген кыздарды сындаган сөздөрү социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, нааразы пикирлерди жараткан. Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, аны жумуштан бошотуу чечими Ички көзөмөл комиссиясынын 16-майдагы жыйынында кабыл алынды. Эгамбердиевдин чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарын сындаган видеосу өткөн аптада тараган. Читать дальше...

Акыйкатчыны шайлоо: Кубатова талапкерликтен баш тартты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 17-майдагы жыйынында акыйкатчы кызматына талапкерлерди карай баштады. Омбудсмендикке үч талапкер сунушталган. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы бул кызматка Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбековду, “Мекенчил” депутаттык тобу жана “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы прокуратура тармагында иштеген Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин көрсөткөн.м “Ыйман Нуру” фракциясы буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинде жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинде Күлира Кубатованы сунуштаган. Читать дальше...

Бишкек мэриясы таштанды төгүүчү жайдагы өрт өчүрүлгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаардын түндүк тарабындагы таштанды төгүүчү жайдагы өрт толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлады. Калаа бийлиги таштанды полигонунун аймагын ирээтке келтирүү жана айланасына тосмо куруу иштери уланып жатканын билдирди. Бишкектеги таштанды төгүүчү жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт. Полигондогу таштанды күйүп, шаарды кышы-жайы дебей түтүн каптап жатканына нааразылыктар тынбай айтылып келет. Читать дальше...

5,6 млрд. долларлык карыз: Үч жылда 700 миллион доллар кошулду

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд. 623 млн. долларды түздү. Азыркы бийлик ишке киришкенден бери сумма дээрлик 700 миллион долларга көбөйдү. Соңку беш жыл аралыгында кошулган каражат 1 млрд. доллардан ашат. Мурдараак маалымат айдыңында “жаңы бийлик тыштан карыз алган жок” деген талаш чыккан. Статистика анын тескерисин көрсөтүп жатат. Бирок бийлик карызды төлөөдө маселе жоктугун, өз убагында тейленип жатканын билдирүүдө. “Элдик экономика” түрмөгүндө мына ушул теманын тегерегинде сөз кылабыз. Читать дальше...

Иш учурунда каза болгон укук коргоо кызматкерлерине берилчү кенемте изилденет

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат учурунда каза болгондо төлөнө турган кенемте боюнча маселени изилдеп чыгуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Компенсациянын суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди”. 15-майда парламенттин Бюджет... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *