Улуттук банк жыл башынан бери сыртка 4 тоннадай алтын сатты
Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев жыл башынан бери сыртка 3,97 тонна алтын сатылганын билдирди. Ал 18-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде алтын сатууга-алууга байланыштуу соңку жагдайды түшүндүрдү. Анда алтын сатып алууга жаатында "Кумтөр" компаниясы менен аталган банктын келишими жоктугун айтты. "Улуттук банк Кыргызстандын аймагында казылып алынган жана өндүрүлгөн алтынды сатып алууга байланыштуу операцияларды мезгил-мезгили менен жүзөгө ашырат. Бул операциялар... Читать дальше...