Баткенде чек ара аймактарында кырдаал туруктуу
Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында кырдаал туруктуу. 24-июль кечке жуук чек арада болгон окуядан кийин эки тараптын күч кызматтары жана жергиликтүү жетекчилер сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. "Кыргызстандын үч жараны биринчи жардам алгандан кийин үйлөрүнө жөнөтүлдү, абалдары жакшы", - деп билдирди Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы. Мекеменин маалыматына караганда, "жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында эки тараптан тең чыр-чатакка тиешеси бар жарандар аныкталып, териштирүү иштери башталды. Читать дальше...