Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 12.08.2023

Кара-Суудагы кырсык. Бөөдө кыйылган өмүрлөр

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу автоунаа жолдун үстүнөн өткөн суу түтүгүн сүзүп, каршы тилкеде келе жаткан жеңил машиненин үстүнө кулап, эки адам каза болду. Үч киши жабыркады, алардын экөө балдар. Айдоочунун жакындары, бул окуяга жол кайгуул кызматын, Транспорт министрлигин, Бажы кызматын айыптап жатат. Транспорт министрлиги айдоочуларды айыптаса, Бажы кызматы маалымат бере элек.

Садыр Жапаров АКШ президентине көңүл айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Гавайидеги өрткө байланыштуу АКШ президенти Жо Байденге көнүл айтты. Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында Гавайи аралдарындагы көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген кабарларды терең кайгыруу менен кабыл алганы жазылган. "Биз АКШнын кайгысын тең бөлүшөбүз. Сизге жана Америка элине, өрттөн набыт болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жабыркагандардын баары тез арада сакайып кетишине тилектешпиз",-  деп жазылган. Гавайинин... Читать дальше...

Аба ырайы: Тоолордо жаан карга айланат

Azattyk.org 

12-августтан 14-августка чейин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы да кескин төмөндөп, өрөөндөрдө түнкүсүн 4-5, күндүз 9-10 градуска чейин ылдыйлайт. Туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Читать дальше...

Ысык-Көлдө милиция кызматкеринин өзүнө кол салышынын чоо-жайы иликтенүүдө

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук экологиялык-туристтик милициясынын лейтенанты Эрлан Мусакожоев командири, милициянын полковниги Бакыт Абакировдун кысымына чыдабай, өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын "Азаттыкка" билдирди. “17-июлдан 18-августка чейин ден соолугума байланыштуу дарыланууга чыккам. Бирок командир күн алыс чалып, жумушка чыкпасаң орду-түбүң менен жоготом деп жатты. 10-августта саат 9:00гө Чолпон-Атадагы “Рух-Ордо” комплексине кел деди, оозго алгыс уят сөздөр менен сөктү. Командирдин кысымына чыдабай өзүмдү өлтүрүүгө аракет кылдым. Читать дальше...

Эки киши каза таап, үчөө жараат алды. Кара-Суудагы кырсыкка ким жооптуу?

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу автоунаа жолдун үсүнөн өткөн суу түтүгүн сүзүп, каршы тилкеде келе жаткан жеңил машиненин үстүнө кулап, эки адам каза болду.  Үч киши жабыркады, алардын экөө балдар. Окуя 12-августта эртең мененки саат 09:00 чамасында орун алган. Оор жүк ташуучу машиненин айдоочусунун жакындары, бул окуяга жол кайгуул кызматын, Транспорт министрлигин, Бажы кызматтарын айыптап жатат. Транспорт министрлиги айдоочуларды айыптаса, Бажы кызматы маалымат бере элек. ... Читать дальше...

Ош-Кара-Суу жолундагы кырсыктан үч киши жаракат алды

Azattyk.org 

Бүгүн, 12-августта Ош-Кара-Суу жолундагы суу түтүгү кулап түшкөн кырсыктан эки адам каза болуп, үч киши жабыркады, алардын экөө жаш балдар. Жабыркандар суу түтүгү кулап түшкөн "Дэу-Нексия" унаасынын арткы салонунда отурушкан. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. "12-август күнү саат 09:40 чамасында, Алай районунун тургуну 1976-жылы туулган К.К. аттуу жаран өзүнүн башкаруусундагы оор жүк ташуучу “J-FANG” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кара-Суу районунун... Читать дальше...

Ош-Кара-Суу жолундагы көпүрөдө суу түтүгү кулап, эки кишинин өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

12-августта Ош - Кара-Суу жолундагы темир жол өткөн көпүрөгө байланган суу түтүгү кулап түшүп, жолдон өтүп бара жаткан автоунааларды басып калды. Атын атагысы келбеген бийлик өкүлү кырсыктан эки адам каза болгонун "Азаттыкка" билдирди. Бул маалыматты окуянын күбөлөрү жана ошол жердеги милиция кызматкерлери да ырасташты. Диаметри болжолдуу 1 метрлик суу түтүгү оор жүк ташуучу автоунаага илинип калып, түшүп кеткени тартылган тасмалар соцтармактарга жарыяланды. Окуя болгон жерден кабарчыбыздын маалымдашынча... Читать дальше...

Өзбекстанда блогерлерге кысым күчөдү

Azattyk.org 

Өзбекстанда блогерлер жана журналисттер камакка алынган учурлар көбөйдү. Жергиликтүү активистер менен укук коргоочулар арасында блогерлерге ачылган кылмыш иштерине байланыштуу эки ача пикирлер жаралууда. Блогерлердин ишмердигин чектеген мындай аракеттер Борбор Азиянын башка аймактарында да байкалып жатат.  Шавкат Мирзиёв Өзбекстанды дээрлик 30 жыл башкарган авторитардык лидер, маркум Ислам Каримовдун ордун баскандан көп өтпөй өлкөдө басма сөз эркиндиги кайсы бир деңгээлде жакшыра баштаган. Мирзиёевдин... Читать дальше...

Мауи аралындагы өрттө каза болгондор 70ке чукулдады

Azattyk.org 

Гавайинин Мауи аралындагы өрттө каза болгондордун саны 67 адамга жетти.   Аралда өрттөн жана истен жаныбарлар да кырылды. Ошондой эле 150 жылдык баньян дарагы да жабыркады. Associated Press агенттиги баньян дарагынын күйгөн бутактары менен кошо мышыктар жана тооктор да күйүп кеткенин сүрөттөп жазды. "Мауинин гуманитардык коомчулугу" бирикмеси өрттөн жаракат алган жаныбарлар да аябай көптүгүн билдирип, коомчулуктан жардам сурады. Бирикменин Фейсбуктагы баракчасында Maui Fires Pets Help Group деп аталган атайын баракча түзүлдү. Читать дальше...

Бишкекте троллейбустардын иши калыбына келди

Azattyk.org 

Бишкектеги троллейбус каттамдарынын иши 12-августта жанданды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, бүгүн 86 троллейбус каттамга чыкты. "Кечээ аларга сентябрдан тартып айлык акылары 50 миң сомго чейин көтөрүлөрү айтылган. Ошол шарт менен бүгүн каттамдар жанданды. Троллейбус жана автобустарга айдоочуларды кабыл алуу да улантылып жатат", - деди Жамгырчиева. 11-августта Бишкек шаарында троллейбус айдаган 250дөн ашуун айдоочу айлыкты көтөрүү талабы менен иш таштаган. Читать дальше...

Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги "Yandex Go" тиркемесинде мыйзамсыз жоболорду аныктады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги "Yandex Go" тиркемесин иликтеп, анда өлкөнүн мыйзамдарына туура келбеген бир катар жоболор бар экенин аныктады. Бул тууралуу аталган агенттик 11-августта маалымдады. "Тиркемеде купуялык саясаты тууралуу маалымат орус тилинде гана жазылган. Ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарына туура келбеген жоболор бар. Документте "Яндекс" жүргүнчүлөр барган уюмдар, алардын тандоосу тууралуу жана телефон тизмегиндеги жана башка маалыматтарды чогулта алары жазылган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *