Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 09.08.2023

Таласта медициналык окуу жайдын директору коррупцияга шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Талас медициналык коллежинин директору 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, "аталган окуу жайдын кызмат адамдары окуунун бюджеттик жана келишимдик түрлөрүнө абитуриенттерди кабыл алууга көмөктөшкөнү аныкталган". "Козголгон кылмыш ишинин алкагында Талас медициналык коллежинин директору Б.Г.А. жана аталган окуу жайдын башка кызмат адамдары окуунун бюджеттик жана келишимдик түрлөрүнө абитуриенттерди кабыл... Читать дальше...

"Яндекс.Такси" Орусиянын атайын кызматына маалымат береби?

Azattyk.org 

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 1-сентябрдан тарта "Яндекс.Такси" кызматынын бардык өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүнүн маалымат базаларына кире алат. Бул жөнүндөгү токтомго Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин кол койду. Мындай маалыматты "Медуза" басылмасы жазып чыкты. "Яндекс" кызматы ушул эле басылмага бул Орусиядан башка өлкөлөргө тиешеси жок экенин айтып, маалыматты төгүндөгөн. Кыргызстанда кызмат көрсөткөн "Яндекс.Такси.Корп" компаниясы маалыматтар базасы тууралуу соңку сөздөрдү четке какты. Читать дальше...

ИИМ бир жаран баңгизат даярдоого шектелип кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 8-августта Бишкек шаарында бир жаран баңгизат даярдоого шектелип кармалганын билдирди. Шектүү 1974-жылы туулган А.Н. аттуу жаран 7-августта Жалал-Абад облустук милициясына каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштери жүрө баштаган. Ал бир ай мурда Бишкек шаарына көчүп кеткени үчүн тергөө иштери министрликтин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына берилген. "Жогорудагы жаран жашаган үйүнүн жанында өзүнүн жүрүм-турумун шектүү  алып жүргөндүктөн, ИИМдин Кылмыш иликтөө... Читать дальше...

Бишкек шаардык соту Айжана Мырсандын арызын канааттандырган жок

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту социалдык тармактарда Айжана Мырсан деген ат менен белгилүү жарандык активист Айжан Мырсалиеванын арызын 4-августта карап, канааттандырган жок. Буга чейин Биринчи май райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып пул салганы 23-мартта белгилүү болгон. Шаардык сот бул чечимди өзгөртүүсүз калтырды. Былтыр 23-июлда Бишкектин Октябрь райондук милициясы жарандык активистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты... Читать дальше...

Грузияда жер көчкүдөн мүрт кеткендердин саны 21ге жетти

Azattyk.org 

Грузиядагы Шови курорттук аймагында 3-августта болгон жер көчкүдөн мүрт кеткендердин саны 21ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу кызматынын жетекчиси Темур Мгебришвили 9-августта билдирди. Анын айтымында, соңку бир суткада дагы эки адамдын сөөгү табылды. Алардын бири өспүрүм болгон. 12 киши дайынсыз болууда. Табигый кырсык болгон жерде миңдеген куткаруучулар жана аскерлер иштеп жатышат. Оор техника тартылган. Жер көчкү болгон аймактан жүздөгөн адам эвакуацияланган. Көчкү... Читать дальше...

Польша Беларус менен чек арасына эки миң кошумча аскер жөнөтөт

Azattyk.org 

Польша Беларус менен чек арасын бекемдөө үчүн кошумча эки миң аскер жөнөтөт. Бул тууралуу 9-августта ички иштер министринин орун басары Мацей Васик мамлекеттик PAP маалымат агенттигине билдирди. Буга чек араны мыйзамсыз кесип өтүүнү көздөгөн мигранттардын көптүгү түрткү болууда. Аскерлер чек арага эки апта ичинде жиберилет. Ал жакта ушул тапта эки миңдей аскер бар. Буга чейин расмий Варшава Беларус тараптан чагым болушу мүмкүн экенин жана ал жакта жайгашкан "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын... Читать дальше...

Райондук сот экс-депутат Саматбек Ибраевдин уулун сот залынан бошотту

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук соту 20-июлда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Саматбек Ибраевдин уулу Данияр Ибраевди алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга абакка кесүү чечимин чыгарды. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл менен аны сот залынан бошотту. Соттун чечимине ылайык, Ибраев жалпы көлөмү 19 млн 821 миң доллар материалдык чыгымдын ордун толтурууга милдеттендирилди. Данияр Ибраевге бир нече алдамчылык аракеттерин жасагандыгы үчүн 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Читать дальше...

Өзбекстанда белгилүү диний онлайн-медиа күтүүсүздөн жабылды

Azattyk.org 

Өзбекстанда диний багыттагы материалдарды чыгарып келген белгилүү Azon.uz медиа тобу күтүүсүздөн сайтын жаап, онлайн-телерадиоканалын токтотуп, себебин түшүндүрбөстөн социалдык тармактардагы бардык баракчаларын өчүрүп салды. Медиатоптун негиздөөчүсү Мубашшир Ахмад Фейсбуктагы баракчасына себеби кийин түшүндүрүлөрүн гана жазып, чоо-жайын ачык айткан жок.   Айына 400-500 миң адам кирген Azon.uz сайтынын күтүүсүздөн жабылышын Өзбекстандагы маалымат каражаттары жана диний ишмерлер сынга алды. Читать дальше...



Сергиев Посаддагы жардыруудан 5Одөн көп киши жабыркады

Azattyk.org 

Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарындагы Загорск оптико-механикалык заводдун аймагында болгон жардыруудан 50дөн ашуун киши жабыркады. Алардын арасынан абалы оор алты киши азыр реанимацияда. 22 киши оорукананын травмотология бөлүмүнө түштү. Калгандары жеңил жарааттарды алышкан. Бул тууралуу Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев билдирди. Маалыматка караганда, заводдун ичиндеги баардык цехтерден жана айлана-тегеректеги имараттардан адамдар коопсуз жакка чыгарылды. Алдын-ала маалыматка караганда... Читать дальше...

Айыл чарба министрине жаңы орун басар дайындалды

Azattyk.org 

Маил Алияскаров айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды. Мындай тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун 9-августта министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жаңы дайындалган орун басар ветеринардык тармак, балык жана мал чарбасы боюнча жооптуу болот. Маил Алияскаров 2006-2021-жылдары айыл чарба тармагында иштеген. 2021-жылы Чүй облусунун Панфилов райондук администрациясынын башчысы болуп дайындалган. Бул кызматты аркалаган Мурат Байдылдаев февраль... Читать дальше...

Бостери: Бекбол Аманкуловдун өлүмүн милициянын тергөө тобу иликтейт

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Бостери айылында  6-августта көл жээгинде Бекбол Аманкуловдун мерт болгон себебин иликтөө үчүн тергөө тобу түзүлгөнүн билдирди. Анда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бардык териштирүү жүргүзүлөрүн, тиешелүү экспертизалар дайындалганын, анын корутундусу чыга электигин маалымдады. Мунун алдында облустук милиция социалдык тармактарда Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу туура эмес маалыматтар тарап жатканын билдирген. Анда жээктердин биринде тартылган, соцтармактарга... Читать дальше...

Түштүк Американын лидерлери токой саммитине чогулушту

Azattyk.org 

Түштүк Америка мамлекеттеринин лидерлери 8-августта Бразилиянын Белен шаарында дүйнөдөгү эң ири тропикалык чытырман токойлорун сактап калуу жолдорун талкуулоо үчүн атайын саммитке чогулушту. 8-9-август күндөрү өтө турган жыйынга Боливия, Бразилия, Колумбия, Эквадор, Гайана, Перу, Суринам жана Венесуэланын лидерлери топтолду. Бразилиянын аймагына токойлордун 60% туура келет. Өлкөнүн буга чейинки президенти Жаир Болсонарунун тушунда токойлорду кыюу 85 пайызга көбөйүп, жыл сайын он миң чарчы чакырымдай жер тазаланып турган. Читать дальше...

"Азия парк" орусиялык компанияларга Бишкекте кампа курбасын билдирди

Azattyk.org 

"Азия парк" фирмасы Бишкекте орусиялык компаниялар үчүн кампа курбай турганын айтты. "Коммерсантъ" басылмасынын жазганын төгүндөп, ал жайды кыргызстандык компаниялар колдонорун маалымдады. "Биз кампаны "Азия" жана "Азбука" дүкөндөр түйүндөрү жана бир катар фармацевтикалык компаниялар үчүн Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык салып жатабыз", - деп жазылган маалыматта. Мунун алдында "Коммерсантъ" Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановдун үй-бүлөсү менен байланышы бар фирма орусиялык... Читать дальше...

ТИМ: Сергиев Посаддагы жардырууда кыргызстандыктар жабыркаган жок

Azattyk.org 

Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарындагы оптикалык өнөр жай ишканасындагы жарылууда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта учурда жардыруу болгон жерде өрт өчүрүлүп жатканы айтылат. Сергиев Посаддагы жардыруу 9-августтун таңында болгон. Шаар тургундары окуядан кийин асманга көтөрүлгөн коюу түтүндүн видеолорун соцтармактарга жарыялашты. “База” телеграм-каналы жазгандай, Загорск... Читать дальше...

Түркмөнстан: тамак-аш тартыштыгы аялдарды митингге чыгарды

Azattyk.org 

Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында 7-августта жүздөгөн аялдар тамак-аш тартыштыгына нааразы болуп, митингге чыкты. Алар февраль айынан бери эң зарыл болгон ун менен майга жетпей жатканын айтып, акимден жооп талап кылышкан.  Өлкөдөгү катаал экономикалык кризистин шартында көптөгөн үй-бүлөлөр мамлекеттик дүкөндөрдө субсидияланган баа менен сатылуучу товарларга жетпей келет. "Администрациянын кызматкерлери шаар жетекчиси кабинетте жок экенин, райондорду кыдырып жүргөнүн айтышкан. Бирок эл күтпөйбүз... Читать дальше...

Британияда Каримованын хан сарайы жана эки батири конфискация болду

Azattyk.org 

Британ бийлиги Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы, түрмөдө отурган Гүлнара Каримованын эки батирин жана хан сарайын конфискация кылды. Бул тууралуу Өзгөчө ири көлөмдөгү алдамчылыкка каршы күрөшүү бюросу (SFO) билдирди. Жалпы конфискацияланган үч кыймылсыз мүлк 25,5 миллион долларга бааланууда. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлктөр Өзбекстандагы коррупциялык ишмердиктен тапкан кирешеге алынган. Жалпы аянты 70 миң чарчы метрди түзгөн короо-жайы менен хан сарайды Каримова 2010-жылы сатып алган. Читать дальше...

"Алтын балалыкта" 14 жаштагы кыз сууга чөгүп каза болду

Azattyk.org 

5-августта Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунда 14 жаштагы кыз сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу анын тууганы Жазгүл Калканбекова 9-августта “Азаттыкка” билдирди. 4-августта Жумгал районунун Миң-Куш айылынан 238 окуучу “Алтын балалык” реабилитациялык борборуна эс алууга барган. Аларды коштоп жүрүү үчүн айыл өкмөтү тогуз адамды кошуп жөнөткөн. “Коштоочулар барган күнү эле “майрамдап алып”, эртеси күнү балдарды карабай коюшкан. Ошол күнү эки кыз сууга түшүп, чөгүп кетет. Читать дальше...

Испания менен Португалияда токойлорду өрт каптады

Azattyk.org 

Португалиянын түштүк-батышында өрт 7000 гектар токойду күлгө айлантты. Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу башкармалыгынын маалыматына караганда, өлкөнүн түштүк-батышындагы Одемира аймагында токойлорду каптаган тилсиз жоо менен күрөшкө миңдей өрт өчүрүүчү тартылды. Бир жарым миңдей жергиликтүү тургун коопсуз жакка чыгарылды. Португалия менен чек арага жакын жайгашкан Испаниянын Валенсия-де-Алькантара аймагында тилсиз жоо 300 гектар токойду жок кылды. Испаниянын метерологиялык агенттигинин маалыматына караганда... Читать дальше...

Сергиев Посад шаарындагы жардыруудан 16 киши жабыркады

Azattyk.org 

Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарында 9-август күнү эртең менен катуу жардыруу болду. Жергиликтүү тургундар окуядан кийин асманга көтөрүлгөн коюу түтүндун видеолорун соцтармактарга жарыялашты. “База” телеграм-каналы жазгандай, жардыруу Загорск оптико-механикалык заводунда болгон. Жакын жердеги үйлөрдүн терезелери күбүлүп түшкөн. Жардыруу болгонун Сергиев Посад шаардык аймагынын администрация башчысы Дмитрий Акулов дагы ырастады. Алдын ала маалыматтарга караганда, заводдогу пиротехника сакталган кампа жарылган. Читать дальше...

Чүйдөгү 323,3 миң гектар сугат жердин 30% суу жеткирүүдө маселе бар

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9-августта Чүй облусундагы сугат суу маселесине байланыштуу жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда бул аймакта кошумча суу кампаларын чукул арада куруу тууралуу сөз болгонун билдирди. "Чүйдө бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат. Бул багытта өкмөт жакынкы арада ири каражат берет. Адистердин эсебинде, сегиз райондон турган бул облуста cугат жери деп эсептелген 323,3 миң гектардын 30% агын сууну жеткирүүдө маселе жаралууда. Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

10-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30; Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус жылыйт. Читать дальше...

Ереванда ондогон адамдар Лачын коридорун ачууну талап кылышты

Azattyk.org 

8-августта Еревандагы өкмөттүк имараттардын эшиктерин тороп, бийликтен Лачын коридорун ачууну талап кылгандардын бир нечесин полиция кармап кетти. Жикчил Тоолуу Карабак аймагын Армения менен бириктирген Лачын коридорун Азербайжан тарап жети ай мурда жаап салган. 26-июлда Ереван Тоолуу Карабакка жөнөткөн гуманитардык жардам жүктөлгөн машинелерди өткөрбөй койгон. Ереван жана башка эл аралык уюмдар Тоолуу Карабакта гуманитардык кризис күч аларын эскертүүдө. БУУнун көз карандысыз эксперттери 7-августта тараткан билдирүүсүндө аймакта ун... Читать дальше...

Ысык-Көл: мындан ары бардык жарандар пляждарга эркин кире алат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 8-августта “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизди. Анын басма сөз кызматы жаңы жарлык көлдөгү кум жээктерге бардык жарандардын ээн-эркин киришин камсыздоо үчүн чыгарылганын билдирди. "Өзгөртүүлөр бардык жарандардын Ысык-Көлдөгү пляждык аймактарга эркин киришин шарттайт. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет", - деп жазылган маалыматта. Ушул жылдын май айында... Читать дальше...

Кыргызстанда мобилизация тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайты кабарлады. Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 21-июнда кабыл алган. Документ коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды Конституцияга, Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Жаза аткаруу кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине шайкеш келтирүү, президенттин, Министрлер кабинетинин, коргоо жана аскердик коопсуздук... Читать дальше...

Имран Ханга беш жылга саясат менен алектенүүгө тыюу салынды

Azattyk.org 

Пакистандын Борбордук шайлоо комиссиясы мурдагы премьер-министр Имран Ханга беш жылга мамлекеттик кызматтарга барууга, дегеле саясат менен алектенүүгө тыюу салды. Мындай чечим Хан жемкорлукка айыпталып, үч жылга эркинен ажыратылгандан кийин 8-августта чыкты. Буга ылайык, Имран Хан депутаттык мандатынан да ажыратылат. Имран Хан ага тагылган айыптардын саясий мүдөөсү бар экенин айтууда. 70 жаштагы мурдагы крикет жылдызы Хан Пакистан өкмөтүнүн башына 2018-жылы келген. Ал былтыр апрелде бир нече... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *