Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 17.08.2023

Евразия өнүктүрүү банкы Кумтөрдөн бюджетке түшкөн киреше азайганын билдирди

Azattyk.org 

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда Кумтөр алтын кенинен мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешенин көлөмү азайганын билдирди. Бул тууралуу банктын август айындагы баяндамасында айтылды. Банктын эсебинде, мамлекеттик бюджет быйылкы жылдын алгачкы беш айында ички дүң өнүмгө карата 1,9% профицит менен аткарылды, бир жыл мурда ошол эле мөөнөттө бул көрсөткүч 2,4% болгон. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 4,2%, салыктан түшкөн каражат 1,9% көбөйгөнү, чыгаша 4,5% өскөнү маалымдалды. “Кумтөр” ишканасынан... Читать дальше...

Өзбекстанга убактылуу башкарууга бериле турган пансионаттар

Azattyk.org 

“Кылмыштуу топ түзгөн” деп айыпталып жаткан мыйзамдагы ууру атыккан Камчы Көлбаевдин иши токтотулганы кабарланды. Укук коргоо органдары Көлбаев боюнча расмий комментарий бере элек. Орусияда полиция орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган чет өлкөлүктөрдү тескей баштады. Акыркы күндөрү мигранттарды текшерүү күчөдү. Ысык-Көлдө төрт пансионаттын Өзбекстанга 49 жылга убактылуу башкарууга берилиши боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги комментарий берди. Мекеме бул иш инвестиция жана... Читать дальше...

Канадада токойдогу өрттөн улам бир шаардын калкы эвакуацияланды

Azattyk.org 

Канаданын бийлиги токойлорду каптаган өрт тездик менен жайылып баратканына байланыштуу Йеллоунайф шаарынын калкын шашылыш түрдө коопсуз жактарга көчүрүүдө. Калаада 20 миңдей адам жашайт. Жалпысынан Түндүк-Батыш провинциясында 200дөн ашуун өрт тутанган. Апта башында катуу шамалга байланыштуу өрт отуз чакырымга жайылган. Канада менен АКШнын түндүгүндө абанын температурасы 46 градуска чейин жетип, сексен жыл мурунку көрсөткүчтү басып өттү. Ал арада Гавайинин Мауи аралында токойлордо башталып, кийин... Читать дальше...

Июнь окуясы: УКМК күч кызматкерлеринин өлүмүнө шектүү киши кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Июнь окуясы учурунда күч жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деген шек менен Ош облусунун Кара-Суу районунун 50 жаштагы тургуну кармалганын бүгүн 17-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, издөөдө жүргөн шектүү чет өлкөлөрдүн биринен 17-августта кармалды. Ал 2010-жылдын июнь айында Ош облусундагы жапырт башаламандыкка катышкан, Кара-Суунун Нариман айылында укук тартибин коргоочуларды жана... Читать дальше...

Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү

Azattyk.org 

Орусияда соңку айларда мигранттарды жапырт кармоолор күчөдү. Мындай рейдге көбүнчө Тажикстандын жарандары кабылганы айтылууда. Милиция мигранттарга одоно мамиле кылып, колуна кишен салып, кыйнап жатканын айрым укук коргоочулар айтып чыгышты. 16-августта Санкт-Петербургдагы жашылча кампасынан ондогон тажик мигранттары аскер комиссариатына жеткирилгени да маалым болду.

Швецияда террордук коркунучтун деңгээли көтөрүлдү

Azattyk.org 

Швециянын Улуттук коопсуздук кызматы 17-августта өлкөдөгү террордук коркунуч деңгээлин беш баллдык система боюнча төртүнчү баскычта деп баалады. Буга өткөн айда уюштурулган Куранды өрттөө акцияларынан кийин башталган мусулмандардын кыжырдануусу түрткү болду. Мындан улам Дания менен Швеция чек араларында көзөмөлдү күчөткөн. АКШ жана Британия жарандарына террордук чабуул коркунучунан улам Швецияга барбай турууну эскертти. Июнь-июль айларында Скандинавиядагы эки мамлекетте бир нече жолу Куранды өрттөө акциялары өткөн. Читать дальше...

Казакстанда көмүр шахтасындагы өрттөн эки адам каза тапты

Azattyk.org 

Казакстандагы "Карагандинская" шахтасында 17-августтун таңында тутанган өрт эки кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Караганда облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди. Дагы үч жумушчуну издөө иштери уланууда. Сегиз киши ооруканага жеткирилди. Алардын экөөнүн абалы оор. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, шахтанын ичиндеги 222 адам эвакуацияланды. Өрт эмнеден башталганы азырынча белгисиз. "Казакстанская" шахтасы 1969-жылы эксплуатацияга берилген. Ал "Арселор Миттал Темиртау" компаниясы иштеткен сегиз шахтанын бири. Читать дальше...

Көлбаевдин кылмыш иши 2021-жылы кыскарганы кабарланды

Azattyk.org 

Кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевге козголгон соңку кылмыш иши 2021-жылы кыскарган. Бул тууралуу бүгүн 17-августта анын мурдагы адвокаты Сергей Манукян билдирди: “Азыр ага карата эч кандай кылмыш иши жок. Казакстандагы кандайдыр бир маалымат боюнча негизсиз кармашкан. Андан кийин аныктап чыгышып, 2021-жылы кылмыш иши кыскартылган. Менин маалыматымда анын азыр эч кандай кылмыш ишине байланышы жок”. Көлбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылы октябрь айында кармап... Читать дальше...



Көлбаевдин кыскарган кылмыш иши

Azattyk.org 

Кыргызстанда "кримчөйрөнүн анабашы" аталган Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) "уюшкан кылмыштуу топ түзүү” беренеси менен козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланды. 24.kg жана Kaktus.media басылмасы күч органдарындагы булагына таянып, козголгон кылмыш иши кыскартылганын жазды. "Көлбаевдин иши 2021-жылы кыскарган" 24.kg агенттиги Көлбаев "Казакстанда трансулуттук кылмыштуу топ түзүүгө шектелгенин жана кылмыштын жаза мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскартылганын" кабарлады. “Кылмыш 2007-2009-жылдары жасалып... Читать дальше...

Баткенде 83 айыл таза суу менен камсыз болгон эмес

Azattyk.org 

Баткен облусунда 191 айыл-кыштак болсо, анын 83үндө ичкенге таза суу жок. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Ошондой эле жакын арада таза суу тартуу үчүн 20 айылда иш жүрүп жатканы айтылды. Облустун аймагында 108 айылда таза суу бар деп эсептелгени менен, кээ бир конуштарда суу мезгил-мезгили менен берилип, тартыш болуп жатканы айтылып жүрөт. Ичкенге таза суу жеткиликтүү болбогон айылдарда күз мезгилдеринде ичеги-карын оорулары, жугуштуу ооруларга байланыштуу маселе курчуйт. Читать дальше...

Түркияда мигранттардын мыйзамсыз жол менен келүүсүн уюштургандар кармалды

Azattyk.org 

Түркияда мигранттардын мыйзамсыз жол менен келүүсүн уюштурган деген шек менен 39 киши кармалды. Алардын бешөө чет элдиктер экенин ички иштер министри Али Ерликай билдирди. Атайын операция Анталья, Мугла, Измир жана Балыкесир провинцияларында жүргөн. Мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча рейддер Түркияда президенттик шайлоодон кийин эле башталган. Маалымат каражаттары жазгандай, бир эле Стамбулда күнүнө жүздөн ашуун киши кармалган учурлар болгон. Арасында Борбор Азия мамлекеттеринен баргандар да бар. Читать дальше...

Баткен: Капчыгайда жашоо кайра жанданды

Azattyk.org 

Өткөн жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талкаланган Баткендин Капчыгай айылын жол, ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо иштери аяктап калды. Жашоочулар дээрлик баары үйлөрүнө кайтып, жашоо өз нугуна түшкөнү менен коопсуздук жана кенемте маселеси чечилсе деп турушат.

Иранда тасмасы Канн фестивалында көрсөтүлгөн режиссер алты айга кесилди

Azattyk.org 

Терегандагы сот режиссёр Саид Рустаини тасмасы Канн фестивалында 2022-жылы көрсөтүлгөнү үчүн алты айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу "Азаттыктын" иран кызматы - "Фарда" радиосу кабарлады. Ушундай эле мөөнөткө тасманын продюсери Жавад Норузбеги да кесилди. Сот экөөнү «ислам системасына каршы оппозициянын пропагандасын жайылтууга салым кошкону» үчүн күнөөлүү деп тапты. Жаза мөөнөтүнүн тогуз күнүн алар соттун өкүмү күчкө кирери менен, калганын беш жылдан кийин өтөшөт. Бул убакыт ичинде Рустаи менен... Читать дальше...

"Кемпир-Абад" ишине айыпталгандар пансионаттар боюнча кайрылуу жасады

Azattyk.org 

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар кыргыз бийлигинин Ысык-Көлдөгү айрым төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берип жатканын сындап чыгышты. 17-августта президент Садыр Жапаровго жолдогон ачык кайрылуусунда алар кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы достук маанайдагы, өз ара пайдалуу, тең укуктуу кызматташууну ар дайым колдошорун, бирок пансионаттар боюнча чечим туура эместигин белгилешти: “Өзбекстандан 2016-жылы кайтарып алган Ысык-Көл жээгиндеги төрт пансионатты жери менен 49 жылга эч бир негизсиз... Читать дальше...

Бишкекте сугат суулары үчүн жаңы скважиналарды бургулоо уланып жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясы Профсоюз жана Нарвская көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы скважина бургуланганын билдирди. Ушул тушта Ахунбаев жана Көк-Жаңгак көчөлөрүнүн кесилишинде бургулоо уланып жатканын кабарлады. "Борбордогу бак-дарактарды сугаруу үчүн 14 895 миң куб сугат суу алынат. Бул үчүн 23 сугат скважинасы колдонулган, алардын бешөө калыбына келтирилген. Ошондой эле узундугу 2 176 чакырым болгон ирригациялык тармактар орнотулду. "Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасы Аламүдүн райондук суу чарба... Читать дальше...

"Келечек талкаланууда". Маңзат соодасына азгырылган өспүрүмдөр

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги жарым жылда маңзатка байланыштуу 753 кылмыш катталганын билдирди. Соңку кезде өлкөдө маңзат таратуу интернет аркылуу жүрүп, ага жашы жете элек өспүрүмдөр, студенттер тартылып жатканы айтылууда. Буга чейин Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маңзаттарды мыйзамсыз таратып жүргөн бир нече өспүрүмдү кармаган. "Баңгизат издеген өспүрүмдөр көбөйдү" Буга чейинки иликтөөлөрдө Телеграм-каналдарда "жеткирүү кызматына жумушчу керек, айлыгы... Читать дальше...

"Вагнер" Беларуста билим берүү уюму катары катталды

Azattyk.org 

Орусиялык "Вагнер" менчик аскердик компаниясы Беларустун Могилев облусунда "билим берүү уюму" катары катталганы маалым болду. Беларустагы Жеке ишкерлердин жана компаниялардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин сайтындагы маалыматка караганда, "Вагнер" компаниясы расмий түрдө 4-августта "билим берүү ишмердиги менен алектенген" жоопкерчилиги чектелген коом катары каттоодон өткөн. Баш кеңсесинин дареги Могилев облусунун Цель кыштагы деп көрсөтүлгөн. Буга чейин аталган кыштакта Евгений Пригожиндин жалданма аскерлери отурукташканы кабарланган. Читать дальше...

Баткендеги Зардалы айылына каттаган жалгыз жол кеңейтилди

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Баткендеги Зардалы айылына каттаган жалгыз жолдун тар тилкелери тазаланып, кеңейтилгенин билдирди. Жумушту "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө мекемеси аткарганын кабарлады. "Жолчулар жалпы узундугу 85 чакырымды түзгөн Сох-Кан-Зардалы жолунун 53-85-чакырымындагы бир машина араң өтчү тилкени тазалап, кооптуу жерлерде кеңейтүү иштерин жүргүздү", - деп жазылган маалыматта. Мындан туура бир жыл мурда "Кыргыз Интернет Коому" ЮНИСЕФ уюмунун... Читать дальше...

ӨКМ: Жыл башынан бери 95 киши сууга чөгүп каза болду, көбү эркектер жана балдар

Azattyk.org 

Кыргызстанда сууга чөгүп каза тапкандар быйыл былтыркыга салыштырганда көп болуп жатканын бүгүн, 17-августта “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 95 өлүм катталды, былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 72 болгон. 95 кишинин 76сы - жайкы сезон башталгандан тартып каза болгондор. Көз жумгандардын көбү эркектер (95тин 47си) жана 12 жашка чейинки курактагы балдар (95тин 36сы). Былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон. Читать дальше...

АКШ казакстандык ишканага санкция салды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Каржы министрлиги Казакстандын, Орусиянын жана Словакиянын компанияларын санкциялык тиземеге киргизди. Буга алардын Түндүк Корея менен байланышы түрткү болду. АКШ бийлиги билдиргендей, бул фирмалар Орусияга Түндүк Кореядан курал-жабдык жеткирүү тууралуу келишимдердин түзүлүшүнө көмөктөшкөн. Астанада 2018-жылы каттоодон өткөн Defense Engineering, Орусиядагы "Верус" жана Словакиядагы Versor компаниясынын баарынын ээси бир - словакиялык ишкер Ашот Мкртычев. АКШнын Каржы министрлигинин маалыматына караганда... Читать дальше...

Жаңы окуу жылындагы алгачкы сабактын темаларынын бири санариптештирүү болот

Azattyk.org 

Жаңы окуу жылынын алгачкы күнү Кыргызстандын мектептеринде окуучуларга билим, мекен, достук, үй-бүлө темалары менен катар санариптештирүү тууралуу сабактар өткөрүлөт. Бүл тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Мекеменин бүгүн 17-августта жарыялаган маалыматына караганда, башталгач класстарда биринчи сабактын темасы мекен, достук тууралуу, 5-6-класстарда санариптештирүү жана билим, 7-8-класстарда жоопкерчиликтүү үй-бүлөнүн күчтүү коомду куруудагы ролу, санарип сабаттуулук келечектин негизи экени тууралуу болот. Читать дальше...

“Баткенге жардам” атайын эсебинен 327 млн сомдой каражат сарпталды

Azattyk.org 

Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган “Баткенге жардам” атайын эсебине 2022-жылдын 16-сентябрынан 2023-жылдын 15-августуна чейин 354 млн 348 миң сомдой акча топтолуп, анын 327 млн сомго жакыны сарпталганын облустук бийликтен "Азаттыкка" кабарлашты. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү берген маалыматка ылайык, атайын эсептен өрттөлгөн 437 үй ээлерине жана капиталдык ремонтко муктаж 241 турак жай ээлерине 200 миң сомдон акча каражаты төлөнгөн. Курулушу... Читать дальше...

ЭлТР менен “ПолитКлиниканын” сотуна күбөлөр келген жок

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-августта мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызын кароону улантты. Анда эки медианы соттошууга жеткирген видео материалдар көрсөтүлдү. Бул отурумга күбөлөр келбегенине байланыштуу келерки процесс 11-сентябрга белгиленди. Соттун катчысынын билдиришинче, күбө катары чакырылган Финансы министрлигинин кызматкери жыйында болгону үчүн сотко келген эмес. Энергетика министрлигини өкүлү бөлүм башчынын ишеним катынын жоктугунан... Читать дальше...

Индияда жер көчкү 72 адамдын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Индиянын Гималай аймагындагы Химачал-Прадеш штатында 14-августта жүргөн жер көчкүдөн мүрт кеткендердин саны 72ге жетти. Бул тууралуу расмий бийлик 17-августта билдирди. Куткаруучулар издөө иштерин улантып жатышат. Аймакта бир жумадан бери көнөктөп жааган жаандан улам жер көчкү жүрүп, дарыялардагы суу көтөрүлүп, бир катар айыл-кыштактарды каптап кеткен. Жүздөгөн жолдор жабык. Индиянын Метеорология кызматы нөшөр жакынкы жумада токтобой турганын эскертти. Штаттын башкы министри Сухвиндер Сингх... Читать дальше...

Пакистанда христиандарга кол салган жүздөн ашуун жаран кармалды

Azattyk.org 

Пакистандын чыгышында полиция 17-августка караган түнү 100дөн ашуун адамды кармады. Шаршембиде Фейсалабад аймагындагы Жаранвала шаарында жаалданган мусулмандардын тобу христиан азчылыгынын үйлөрүн өрттөп, чиркөөлөрдү талкалап жиберишкен. Буга жергиликтүү тургундардын айтымында, христиан динин тутунган Ража Амир атуу жаран досу экөө Куранды тытып салганы түрткү болгон. Жаалданган топ ошондой эле шаардык администрацияга кирип барышкан. Аларды полиция абага ок атуу жана таяктарды колдонуу менен таркатууга аргасыз болду. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *