Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 25.08.2023

Сөз эркиндигинин абалы: Олжобай Шакирге жеткен берене

Azattyk.org 

24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Буга УКМК "массалык башаламандыкка чакырууга” беренеси менен кылмыш иши козгогону себеп болгон. Олжобай Шакир бийликти бир катар аракеттерин кескин сындап, сөз эркиндиги жана жарандык коомго басым күчөгөнүн айтып келген.  Жазуучунун камалышын сөз эркиндигине кысым катары баалагандар, ошол эле маалда Олжобай Шакир ашыкча кетти дегендер да бар. Негизи эле Олжобай Шакир “Массалык... Читать дальше...

Кыргыз жарандыгын "оюн үчүн" алган орус элитасы

Azattyk.org 

Орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуховицкий кыргыз паспортун "оюн үчүн" гана алганын социалдык тармактарда ачык жазганы талкууга түштү. Мындан улам активисттер анын жарандыгын жокко чыгарып, ушул айда Кыргызстандын атуулу болгондордун тизмесин ачык жарыялоону талап кылышууда.

Дания өкмөтү Куранды өрттөөгө тыюу салган мыйзам сунуштарын билдирди

Azattyk.org 

Даниянын өкмөтү диний китептерди, анын ичинде Куранды, Библияны жана башкаларды өрттөөгө тыюу салган мыйзамды сунуштоону көздөп жатат. Ага ылайык, диний китептерди өрттөгөндөргө кылмыш иши козголуп, эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу 25-августта юстиция министри Петер Хуммельгорд билдирди. Ал Куранды өрттөө акцияларын "чет жакта жана өлкө ичинде даниялыктардын коопсуздугуна коркунуч келтирген мазактоо актысы" деп атады. Учурда коңшу Швециянын бийлиги да ушуга окшош чара киргизүүнү караштырып жатат. Читать дальше...

Бишкекте коомдук транспорт үчүн жол тилкесин бөлүү сунушталды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясы борбор калаада коомдук транспорттор үчүн атайын жол тилкелерин бөлүүнү сунуштады. Бул боюнча 25-августта шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров жыйын өткөрдү. Анда Аалы Токомбаев көчөсүндө Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнөн баштап Байтик Баатыр көчөсүнө чейин эки багытта, Жусуп Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө Жибек Жолу проспектисинен баштап Аалы Токомбаев көчөсүнө чейин өзүнчө жол тилкесин бөлүү сунушталды. Ошондо коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилке 12-кичи райондон башталып... Читать дальше...

Саида Мирзиёева президенттин жардамчысы болуп дайындалды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тун кызы, 38 жаштагы Саиданы өзүнүн жардамчысы кылып дайындады. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат катчысы Шерзод Асанов Телеграмдагы расмий баракчасы аркылуу билдирди. Буга чейин "Озодлик" радиосу өз булактарына таянып, бул президенттик аппараттын өзгөргөн, жаңыртылган түзүмүндөгү эң жогорку кызмат болорун билдирген. Мындан улам Саида Мирзиёева атасынын администрациясын жетектейт. Мирзиёев кызы Саиданы былтыр ноябрда президенттик администрациянын... Читать дальше...

"Азаттык" көрсөткөн кыштак интернетке туташты

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасында кырдаал өзгөргөн жок. Хабаровскиде полициянын рейдинде мигрантка ок атылып, жарат алды. Эки айга камалган Олжобай Шакирге байланыштуу Кыргызстандын жарандык коому бийликке кайрылып, аны бошотууну талап кылды.

Кремль Пригожиндин учагынын кулашына тиешеси жок экенин билдирди

Azattyk.org 

Кремль "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге таандык учактын кулашына тиешеси жок экенин билдирди. 23-августта болгон авиакырсыкта каза тапкандар арасында Пригожин өзү да болушу мүмкүн экени кабарланууда. Азырынча бул маалымат расмий бышыктала элек. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 25-августта билдиргендей, учурда авиакырсыкта каза болгондордун тек-жайын аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат. "Бул авиакырсыктын, жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде Евгений Пригожиндин... Читать дальше...

"Карасу" жана "Ак-Тилекте" кезек азая элек

Azattyk.org 

Казак-кыргыз чек арасынын "Карасу" жана "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү бекетиндеги оор жүк ташуучу унаалардын узун кезеги кыскара элек. 25-августта саат 14:00до тартылган видео.



Хабаровскидеги рейдде мигрантка ок атылды

Azattyk.org 

Орусияда мигранттарды текшерип, кармоолор дагы эле уланып жатат. Хабаровскиде полициянын рейдинде мигрантка ок атылып, жараат алды. Ал арада Мамлекеттик Думанын депутаты Василий Власов мамлекет мигранттарга жумшак мамиле жасап жатканын айтып, көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Орусияда акыркы үч айдан бери мигранттарга карата рейддер уюштурулуп, полициянын жарандарга одоно мамлеси жана кысымы күчөгөнү туурасында видеолор социалдык тармактарга жарыяланып жатат.

Ысык-Көл жана Панфилов райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 25-августта Ысык-Көл районуна Жапарбек Ормоновду аким кылып дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Бул кызматты ээлеп турган Калыбек Жумадылов өз арызы менен иштен кеткен. Анын алдында алты айда начар жыйынтык көрсөткөнү үчүн аны иштен алуу тууралуу президенттик администрацияга сунуштама берилген. Ушул эле күнү Панфилов районуна Бекмаат Масаидов аким болуп дайындалды. Бул кызматты ээлеп турган Маил Алиаскаров өткөн аптада айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалган. Читать дальше...

Кировдо суу аз: мээнети күйгөн дыйкандар

Azattyk.org 

Таластагы Киров суу сактагычындагы суунун деңгээли быйыл жылдагыдан аз. Кыргызстандык дыйкандар жай саратанда сугат суу тартыш болуп, эккен жашылча-жемиши июлда эле күйүп кеткенин айтууда. Чек аранын ары жагындагы казакстандык дыйкандар бир айдан бери суу көрбөгөн талаасы какшып калганына даттанышты. Бишкек ушул айда коңшу Казакстан өз лимитин алганын билдирип, суу берүүнү токтоткон. Көп узабай Кыргызстандын жүк ташуучу автоунааларынын айдоочулары Казакстандын чек арасынан өтө албай ара жолдо калганын айтып чыгышты. Читать дальше...

Бишкек-Ош жолундагы кырсык беш кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Чычкан капчыгайындагы Бишкек-Ош жолунда 23-августа эки машине кагышып, беш киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады. Эки автоунаанын бири Чычкан суусунан түшүп кетип, айдоочусу жана төрт жүргүнчү каза болгон. Айрым массалык маалымат каражаттары каза болгондордун арасында балдар бар экенин жазышты. Жыл башынан бери балдар катышкан 900дөн ашуун жол кырсыгы катталып, кырктан ашуун бала каза болуп, миңден ашыгы ар кандай жараат алган. Улуттук статистика комитетинин маалыматында... Читать дальше...

Британ чалгын кызматы: Пригожин "каза болушу мүмкүн"

Azattyk.org 

Британиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин авиакырсыкта "каза болушу толук мүмкүн". Азырынча орус бийлиги Пригожиндин өлүмүн бышыктай элек. 24-августтун кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин Твердеги учак кырсыгында өмүрү кыйылган он кишинин жакындарына көңүл айтуу менен бирге Пригожин тууралуу өткөн чакта сүйлөдү. Бирок Путин башкы "вагнерчинин" өлүмүн расмий тастыктаган жок. Британ чалгын кызматы тараткан маалыматта... Читать дальше...

Бажы кызматы: өлкө кармалган контрафакт товар Орусияда даярдалган

Azattyk.org 

Кыргызстандын Бажы кызматы Улуттук коопсуздук комитети жана Орусиянын күч түзүмдөрү менен бирге контрафакт тамеки жасаган трансулуттук кылмыштуу топ аныкталганын кабарлады. Бажы кызматынын кабарлашынча, өлкөдө табылган контрафакт товар Орусияда өндүрүлөрү аныкталган. Ал жерден сегиз тоннага тамекини таңгактоо үчүн басма продукциялары алынган. Учурда уюштуруучуларына кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Контрафакт – бул белгилүү бренд менен чыккан товардын жасалма үлгүсү. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык... Читать дальше...

Кылмыштуу топтун мүчөсү Улан Токтосунов №27 абакка которулду

Azattyk.org 

17 жылга эркинен ажыратылган Улан Токтосунов Чүйдүн Молдовановка айлындагы №27 абакка которулду. Токтосуновдун жакындарынын кагаз түрүндөгү кайрылуусун эске алуу менен мыйзамга ылайык, атайын комиссиянын чечими аркылуу аталган абакта күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөөрү аныкталды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди. Милицияда кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Улан Токтосунов Нарындагы абактан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулуп жатканына каршы болгон жакындары... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси чечиле элек

Azattyk.org 

Казакстан тарапка өтө албай кыргыз-казак чек арасында тыгында турган оор жүк ташуучу машиналар боюнча абал өзгөрө электигин бүгүн 25-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Мекеменин өкүлү Сажира Чоколоева "Азаттыкка" маалымдагандай,  автоунаалардын узун кезеги былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда эки эсе көп болуп жатат: "Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде оор жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги байкалууда. "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында 353, "Чалдыбарда" 88, "Кең-Булуңда" 38... Читать дальше...

Түндүк-түштүк альтернативалык жолуна көчкү түшүп, жол жабылды

Azattyk.org 

Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун Арал-Казарман тилкесине көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 25-августта билдиргендей, көчкүнүн көлөмү 5 миң куб метр болгон. Көчкү түшкөн жерде жабыркагандар жок, ага жакын жерде калган 30-40 киши чыгарылган. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Буга чейин да ушул эле жол тилкесиндеги тоо боорунан таштар түшүп, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 8-августта жол толугу менен тазаланганын билдирген. Читать дальше...

Өзбекстан СССР доорунда басмачылыкка айыпталган 240 кишини актады

Azattyk.org 

Өзбекстандын Жогорку Соту совет бийлиги 1920-1930-жылдары басмачылардын катарына кошулганы үчүн репрессиялаган 240 кишини актады. 24-августта жарыяланган соттун чечимине ылайык, акталгандардын көбү ошол кезде дароо эле өлүмгө өкүм кылынган, айрымдары көп жылдарга концлагерлерге камалгандар болгон.  Өзбекстандын Жогорку Соту мындан эки жыл мурун дагы басмачылыкка жана антисоветтик аракеттерге айыпталган 115 адамды актаган эле. Муну талдоочулар Борбор Азияда басмачыларды актап, саясий реабилитацияга жол ачкан алгачкы учур катары белгилешкен. Читать дальше...

Медиа коомчулуктун өкүлдөрү Олжобай Шакирдин камалышы боюнча бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камалышына байланыштуу Кыргызстандын медиа коомчулугунун жана жарандык коомдун өкүлдөрү кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоду. Анда Шакирге козголгон кылмыш иши негизсиз болгонун, Кыргызстандын Баш мыйзамында жана Адам укуктары боюнча жалпы декларацияда өз пикирин эркин айтууга жана тынч жыйындарга чогулуу эркиндиги кепилденгени белгиленген. “Бирок укук коргоо органдары жарандардын мыйзамдуу талаптарын “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар... Читать дальше...

Ооганстанда YouTube жылдызынын өлүмүнө шек саналгандар кармалды

Azattyk.org 

Ооганстандын башында турган талибдердин өкмөтү 24-августта билдиргендей, YouTube аркылуу белгилүү болгон блогер аял Хора Садаттын өлүмүнө шектелген эки адам кармалды. Окуя баш калаа Кабулда 21-августта болгон. Хора Садат Ютубда социалдык темаларды чагылдырган видеолорду жайгаштырып келген. Анын каналына 300 миңден көп киши катталган. Ооганстанды талибдер басып алган 2021-жылдын август айынан бери аялдарга карата зордук-зомбулук күч алды. Ошондой эле журналисттерди камоо жана өлтүрүү фактылары көбөйдү. Читать дальше...

Тайвань: Кытай аралдын айланасында аскердик активдүүлүгүн күчөттү

Azattyk.org 

Тайвандын бийлиги билдиргендей, Кытай аралдын айланасында аскердик активдүүлүгүн күчөтүүдө. 25-августта Тайванга жакын аймакка Кытайдын 13 аскердик учагы жана беш патрулдук кемеси киргенин "Рейтерс" агенттиги Тайвандын коргоо министрлигине таянып жазды. Тайвань бийлиги учурда байкоо жүргүзүп жатканын маалымдаган. Өткөн дем алыш күндөрү Кытайдын армиясы Тайвандын жээгине жакын жерде аскердик машыгууларды өткөргөн. Расмий Бээжин билдиргендей муну менен алар Тайвандын бийлигине "чет мамлекеттер менен бирге кутумга кирип кетпөөнү" эскертүүдө. Читать дальше...

Чабуулчу кызды өпкөнү үчүн испан футбол федерациясынын президентине иш козголду

Azattyk.org 

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Испан футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалеске каршы 24-августта дисциплинардык иш козгоду. Ал Аялдар арасындагы дүйнө чемпиондугундагы испандардын жеңишинен кийин курама команданын чабуулчусу Женнифер Эрмосону оозунан өөп алган. Футбол федерациясынын башчысы видеокайрылуу аркылуу кечирим сурап, ал "туура эмес кылганын" мойнуна алды. 33 жаштагы футболчу айым Инстаграмга ага Рубиалестин аракети "жакпаганын" жазган. Луис Рубиалестин бул кылыгын Испаниянын премьер-министри Педро Санчес дагы айыптап... Читать дальше...

"Азаттык" көрсөткөн Кырчын айылы интернет менен камсыз болду

Azattyk.org 

Жумгалдын Чаек айыл аймагына караштуу Кырчын айылы интернет менен камсыз болду. Бул тууралуу айылга интернет жеткизген “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” уюму кабарлады. Уюм учурда интернетти пайдалуу колдонушу үчүн тургундардын сабаттуулугун жогорулатууну пландап жатышканын билдирди. “2023-жылдын апрель айында Azattyk Media’сынын YouTube баракчасында Кырчын кыштагы тууралуу видеорепортаж чыккан. Анда айылдын жашоосу кенен чагылдырылган. Пандемия учурундагы карантинде мектеп окуучулары тапшырмаларды... Читать дальше...

Ысык-Көлдө президенттик лицей ачылды

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарында адистештирилген жалпы билим берүүчү “Акылман" президенттик лицейи ачылды. Анын ачылышына мамлекет башчы Садыр Жапаров жана билим берүү министри Каныбек Иманалиев катышты. Лицейдин директору Эмил Рыскуловдун айтымында, республика боюнча 1500 окуучу Жалпы республикалык тестирлөө борборунун атайын тесттинен өтүп, анын ичинен 75 окуучу тандап алынган. Тандоону Билим берүү жана илим министри уюштурган. "Лицейде окууну 7-класстан баштап окута баштайбыз. Жатаканасы бар, негизи биз 350 окуучуга ылайыктаганбыз. Читать дальше...

Берлинде кыргыз-немис кызматташтыгы талкууланууда

Azattyk.org 

Кыргызстан Германия менен кызматташтыгынын бардык багыттары боюнча мамилесин активдүү бекемдөөгө кызыкдар. Бул тууралуу Германияда иш сапарда жүргөн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Кыргызстандын тышкы саясий мекемеси маалымдагандай, 24-августта ал немис президентинин мекеме башчысы Дёрте Дингер менен сүйлөшүү жүргүзүп, кыргыз тараптын Германия менен мындан ары да активдүү кызматташуу ниети бар экенин белгиледи. Өз кезегинде немис тарап да ортодогу мамилени бекемдөөгө кызыкдар экенин айтты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *