Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 10.08.2023

Чүй: жер мунапысына байланыштуу митинг

Azattyk.org 

Чүйдүн Лебединовка жана Көк-Жар айылынан жер тилкесин алган жүздөй тургун жер мунапысына байланыштуу 10-августта облустук акимчиликтин алдына митингге чыкты. Алар "жер мунапысы тууралуу мыйзам тандалма жүрүп жатат" деп нааразы болууда.

Эквадордо президентикке талапкерди атып кетишти

Azattyk.org 

Москвада 10-августка караган түнү эки дрон атып түшүрүлгөнү кабарланып, Домодедово жана Внуково аэрпортторундагы каттамдар үзгүлтүккө учурады. Президент Садыр Жапаров "Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат" деп айтууга негиз жоктугун билдирди. Мунун алдында АКШ сенатору Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулганына байланыштуу Садыр Жапаровго кайрылган. Чүйдун тургундары нааразылык акциясына чыкты. Алар жер мунапысы менен мыйзамдуу берилген кызыл китептери кайра жокко чыгып жатканын айтып... Читать дальше...

Сергиев Посаддагы жарылуудан кийин 12 киши дайынсыз болууда

Azattyk.org 

Москвадан анча алыс эмес жайгашкан Сергиев Посад шаарындагы Загорск оптико-механикалык заводундагы жарылуудан кийин он эки киши дайынсыз болууда. 9-августта болгон жарылууда бир киши мерт кетип, элүүдөн ашуун киши жаракат алды. Алардын бешинин абалы оор. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги урандылардын алдынан адамдарды издөө иштери уланып жатканын билдирди. "База" телеграм-каналы булагын көрсөтпөстөн түнү урандылардын алдынан үч кишинин сөөгүн алып чыгышканын жазды. Бул маалыматтын чын-төгүнүн ырастоо мүмкүн эмес. Читать дальше...

БУУ каржы тартыштыгынан оогандарга жардамды кыскартарын эскертти

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жетиштүү каржынын жоктугунан ачарчылыкка дуушар болуп жаткан миллиондогон оогандарга жардамды кыскартууга аргасыз болорун эскертти. "Ооганстандын алыскы аймактарындагы үч миллиондой кишиге кышкыга азык-түлүк камдоого бизге шашылыш түрдө 100 миллион доллар керек", - деди "Азаттыктын" ооган кызматына курган маегинде БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Ооганстандагы өкүлү Вахидулла Амани. Ал жакыр оогандыктарга жардам көрсөтүү үчүн алдыңкы... Читать дальше...

"Алтын балалыкта" кыйылган өмүр: Куткаруучулар кайда жүргөн?

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунда 14 жаштагы кыздын сууга чөгүп кеткени көл жээгиндеги эс алуучу жайларда коопсуздук чаралары тийиштүү деңгээлде каралбаганын дагы бир жолу көрсөттү. Буга чейин деле көл жээгинде мунун айынан адам өлүмү менен коштолгон окуялар көп катталган. "Сиңдимди чоочун эле адам куткарып чыгыптыр" 5-августта Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” реабилитациялык борборунда 14 жаштагы Айзада Кылычбекова сууга чөгүп кеткен. Кыздын туугандары... Читать дальше...

Орусиялык компания Баткенге шамал станциясын курары айтылды

Azattyk.org 

Орусиянын “Росатом” мамлекеттик корпорациясына караштуу "НоваВинд" компаниясы келерки жылы Баткен облусуна шамалдан электр энергиясын ала турган станция курат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев орусиялык "РИА Новости" басылмасына курган маегинде билдирди. Андан тышкары орусиялык "Юнигрин" компаниясы келерки жылы 300 мВт кубаттуулуктагы күн энериясын ала турган станция кура турганын кошумчалады. "АЭСке байланыштуу, "Росатом" менен кызматташуу боюнча документке кол коюлган. Учурда иштер жүрүп жатат. Читать дальше...

Боштондук күрөшү, колониалдык режимдин кыргыны

Azattyk.org 

“Куугунтук курмандыктары” подкастында кыргызстандык окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Аскар Беделбаев жана казакстандык тарыхчы Шамек Туалебаев менен 1916-жылдагы колониализмге каршы күрөш, катаал режимдин кыргыны – Үркүн тууралуу кеп кылабыз.

"Алтын балалыктын" жетекчилиги сууга чөккөн кыз боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Ысык-Көлдөгү балдардын "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев төрт окуучу кыздын сууга чөгүп, бири көз жумганы боюнча "Азаттыкка" түшүндүрмө берди. Бейшеналиев кырсык болгон учурда өзү да балдар менен жээкте болгонун белгилеп, "балдар кароосуз калган" деген сөздөрдү төгүндөдү. "Ал күнү мен өзүм да жээкте балдар менен чогуу болчумун. Жарым сааттай мурун программа боюнча балдар сууга түшүп чыккан. Биз балдар менен мелдеш өткөрүп, жаңы эле аяктаганбыз, ошол мезгилде коңшу пляждан ызы-чуу угулуп калды. Читать дальше...



Министр Ниязбеков Бостериде каза болгон жигиттин жакындары менен жолукту

Azattyk.org 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 10-августта Бостери айылында каза болгон Бекбол Аманкуловдун жакындары менен жолугушту. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, министр маркумдун жакындарына бул окуя ар тараптуу жана калыс каралып жатканын, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын максаттуу тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, анын курамына тажрыйбалуу кызматкерлер киргенин билдирди. Тергөө иштеринин жүрүшү боюнча маркумдун туугандарына маалымат бериле турганын, окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Отуздан ашуун мечит убактылуу жабылды

Azattyk.org 

Жакында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мекемелер аралык жумушчу топ менен бирге Ош облусундагы диний жайлардын ишмердигин текшерди. Анын алкагында бир катар мечиттер менен медреселердин ишмердиги убактылуу токтотулду. Анын себептери, текшерүүнүн максаты тууралуу суроолорго Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Канат Мидин уулу жооп берди. - Канат мырза, жакында Ош облусунун аймагында диний жайлардын ишмердиги текшерилди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет... Читать дальше...

Кыргызстан Орусиядан газды көбүрөөк алууга ниеттенүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядан газдын көлөмүн көбөйтүп алуу ниети бар. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев орусиялык РИА Новости басылмасына курган маегинде билдирген. Ал Бишкек шаарын толугу менен жана анын жака белиндеги райондорду, Бишкек жылуулук борборун газдаштыруу иштери жүрө турганын айтып, газ сатып алуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча кыргыз тараптын жакшы пландары бар экенин белгилеген. Бишкек шаарында кышында соңку жылдары абанын кирдеши негизги көйгөйгө айланды. Ошол себептүү... Читать дальше...

Желим буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзамга кол коюлду

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат. Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында тыюу 2024-жылдын 1-январынан тартып иштей баштайт. Мыйзам экспорт үчүн өндүрүлүүчү,  турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычы жок жана түргөктөп сатылуучу баштыктарды өндүрүүгө тыюу салбайт.  Жогорку Кеңеш 2023-жылы... Читать дальше...

Чолпон-Атада самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт. Кубок 22-23-августта өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, мелдешке 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчу катышат. Мелдештин алкагында төмөнкү салмак категориялар боюнча беттештер өтөт: Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг; Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65... Читать дальше...

Футбол: Улуттук курама жаңы форма киет

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол бирлиги улуттук кураманын жаңы формасын көрсөттү. Кызыл жана ак түстөгү формаларга улуттук оюм-чийимдер түшүрүлгөн. Бишкекте өткөн иш-чарага футболсулар, атактуу спортчулар, спорт ишмерлери жана журналисттер катышты. Улуттук курама команда жаңы форма менен 2024-жылы январь айында Катарда өтө турган Азия Кубогунда ойнойт.

Быйыл 100 мектеп колдонууга берилери айтылды

Azattyk.org 

Быйыл жыл аягына чейин жүз, жаңы окуу жылына 36 мектеп колдонууга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев куруучулардын кесиптик майрамына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада билдирди. Анын айтымында, 2023-жылы республика боюнча 204 мектептин курулушу башталган. Ал жалпысынан 491 объектинин курулушуна жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарына республикалык бюджеттен 8 млрд сомдон ашуун каражат каралганын кошумчалады. Төрөбаев каражаттын канчасы бөлүп берилгенин тактаган жок. Читать дальше...

ӨКМ: кооптуу аймактар изилденет

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаменти өлкө аймагында табигый кырсыктардан жапа чегиши ыктымал аймактарды изилдейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Табигый кырсыктардын ичинен сел жана суу ташкындары эң көп зыян алып келген. Бир жылда 70тен ашуун ирет сел жүргөн, анын алтоо өзгөчө кырдаал деп катталган. Аталган министрлик изилдөөнүн негизги максаты селдин алдын алуу, табигый кырсыктарды болтурбоо, алдын ала баалоо экенин белгиледи. ... Читать дальше...

Собянин Москвада эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Орусиянын баш калаасынын мэри Сергей Собянин абадан коргонуу системасы Москвага багыттылган эки учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн билдирди. "Таңкы саат төрттөрдө абадан коргонуу системасы калааны көздөй учуп келаткан эки учкучсуз аппаратты атып түшүрдү. Бири Калуга облусунда, бири Борбордук айланма автожолдун аймагында (ЦКАД)", - деп жазды мэр Телеграм-каналына. Москвадагы Внуково жана Домодедово аэропортторунда 10-августка караган түнү учууларга чектөө киргизилгенин РИА Новости агенттиги жазды. Читать дальше...

Бишкекте троллейбус айдоочулары маянаны көтөрүү талабы менен жумуштан кетүүгө арыз жазды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун айдоочулары жумуштан кетүү арызын жазганы кабарланды. Алар 20-28 миң сом айлык алышарын айтып, маянаны көтөрүүнү талап кылды. Алар айдаган коомдук транспорттор камсыздандырылбаганы үчүн кырсыкка учураганда чыгымды айдоочулар төлөй турганын айтышты. "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров троллейбус айдоочулары менен 9-августта жыйын өткөнүн, сентябрь айынан тарта алардын маянасы 110% көтөрүлө турганын "Азаттыкка" билдирди. Читать дальше...

Орусиянын түрмөлөрүндө мусулмандар басмырланып жатканы кабарланды

Azattyk.org 

Орусиянын Ульяновск облусуна караштуу Димитровград шаарындагы түрмө кызматкерлери ал жакта жазасын өтөп жаткан мусулмандардын сакалын күчтөп алып, уруп-сабап, намаз окууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бул тууралуу "Гражданское содействие" укук коргоо уюму түрмөдө отурган беш адамдын сөзүнө таянып кабарлады. "Июль айынын башында мусулмандарды мончого алып барып, чачыбызды жана сакалыбызды толук алууну талап кылышты. Мен укугум бузулуп жатканын айтып, баш тарттым. Түрмө кызматкери "бул жерде мыйзам менмин" деди"... Читать дальше...

Гавайинин аралдарын каптаган өрттөн кеминде 36 киши каза болду

Azattyk.org 

Гавайинин Мауи аралында өтө тездик менен жайылып жаткан өрт бери дегенде 36 кишинин өмүрүн алганын расмий бийлик 10-августта билдирди. Токойлорду каптаган өрт катуу шамалдан улам калктуу конуштарга жайылып, жүздөгөн имараттарды күлгө айлантты. Аралдагы миңдеген адамдар турак жайын таштап качууга аргасыз болуп, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Учурда тургундарды куткарып, издөө иштери жүрүп жатат. Көп адамдар дайынсыз. Гавайинин вице-губернатору Сильвия Люк бийлик болгон аракетин көрүп жатканын билдирди... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолордо өткүн өтөт

Azattyk.org 

11-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17... Читать дальше...

Талантбек Өмүралиев "Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын" башчылыгына расмий түрдө бекиди

Azattyk.org 

Улуттук банк “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Талантбек Өмүралиевди дайындоого макулдук берди. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында жазылат. 2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына алгачкы директор болуп кыргыз жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган эле. “ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиев менен байланыштарын иликтеп чыккандан кийин маселе парламентте да көтөрүлгөн. Читать дальше...

Польша Беларус менен чек арасына 10 миңдей аскер жөнөтүүнү көздөйт

Azattyk.org 

Польша Беларус менен чек арасына кошумча 10 миңге чейин аскер жөнөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу 10-августта коргоо министри Мариуш Блащак билдирди. "Чек арада 10 миңдей аскер болот. Алардын 4 миңи Чек ара кызматына көмөк көрсөтөт, 6 миңи резервде кармалат. Агрессорду бизге кол сала албагыдай кылып коркутуу үчүн армиябызды Беларуска жакын аймакка жайгаштырып жатабыз", - деди Блащак. 9-августта ички иштер министринин орун басары Мацей Васик Варшава Беларус менен чек арага кошумча 2 миң аскер жибере турганын билдирген . Читать дальше...

Быйылкы июль 1850-жылдан берки эң ысык ай болду

Azattyk.org 

Июль 1850-жылдан берки эң ысык ай болгону расмий аныкталды. Бул тууралуу климатты изилдөө боюнча европалык Copernicus кызматы билдирди. Изилдөөчүлөрдүн маалыматында айтылгандай, июлда дүйнө жүзү боюнча абанын орточо температурасы 17 градус болгон. Бул өнөр жай дооруна чейинки абанын табынан 1,5 градус жана 2019-жылдагы ушул айдагы рекорддук ысыктан 0,3 градус жогору болду. Copernicus абанын мындай ысышы бардык континенттерде тегиз байкалганын билдирди. Абанын ысышы түшүрүлгөн кратада көрсөтүлгөндөй... Читать дальше...

Айыл чарба министрлиги айдоо жерлерин сугаруу 92% аткарылганын маалымдады

Azattyk.org 

Айыл чарба министрлиги айдоо жерлерин сугат суу менен камсыздоо боюнча жылдын алгачкы жарымына карата жыйынтык чыгарып, суу жеткен жана жетпей калган сугат жерлер жөнүндө маалымат берди. Билдирүүнү министрликтин басма сөз кызматы таратты. Маалыматта айтылгандай, 1-августка чейин Кыргызстандагы сугат жерлерди 4 млрд 155,7 млн куб метр суу менен камсыздоо планы коюлса, иш жүзүндө 3 млрд 822,9 млн куб метр суу берилди. Бул план 92% аткарылды дегенди түшүндүрөт. Министрликтик билдиришинче, жарым... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *