Иран Шираздагы мечитке тажик жараны кол салганын билдирди
Ирандын бийлиги жекшемби күнү Шираз шаарындагы Шах-Черах мечитине Тажикстандын жараны кол салганын билдирди. Фарс провинциясынын башкы прокурору Казем Мусави 14-августта маалымдагандай, шииттердин мечитине кол салууга байланыштуу сегиз адам кармалды. Алардын баары чет өлкөнүн жарандары. "Негизги шектүү өзүн Рахматулло Норузов тааныштырды. Ал тажик жараны", - деди Мусави. Мындай билдирүү боюнча Тажикстандын бийлиги азырынча маалымат бере элек. 13-августта Шах-Черах мечитинде ок атылып, андан кеминде бир адамдын өмүрү кыйылган. Читать дальше...