Ала-Арча суусуна агып кеткен атасы менен кызынын сөөгү табылды
Ала-Арча паркындагы дарыяга агып кеткен Борис Михайловдун жана анын сегиз жаштагы кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. Маалыматка ылайык, 6-августта саат 15:30да куткаруучулар атасынын сөөгүн, бир нече саатка созулган издөө иштеринен кийин кызынын да сөөгүн суудан таап чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Борис Михайлов кызы менен Ала-Арча паркына 3-августта кеткен. Ошондон бери алардын дайыны чыкпай жаткан. ... Читать дальше...