Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 24.08.2023

Президент Жапаров ЕБ менен кызматташтык жөнүндө келишимди талкуулады

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Европа Парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты талкуулап, “өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү” келишим дагы сөз болду. “Президент ЕБ менен кызматташууну мындан ары да чыңдоого үмүттөнөрүн билдирди жана кол коюуну күтүп жаткан Кеңейтилген... Читать дальше...

Талибдер 100дөй кызды БАЭге окууга жиберген жок

Azattyk.org 

Баш кеңсеси Дубайда жайгашкан Аль-Хабтур компаниясынын негиздөөчүсү, миллиардер Халаф Ахмад Аль Хабтурдун айтымында, талибдердин бийлиги Бириккен Араб Эмираттарына университетке окууга бараткан 100дөй ооганстандык кызды Кабулдагы аэропорттон учурбай койду. Бул тууралуу ал X социалдык түйүнүндө жарыяланган видеодо айтты. «Талибдердин өкмөтү окуганы келе жаткан кыздарды кое бербей койду. Аларга учакка отурууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Биз кыздардын жолун, бул жактагы окуусун, жашаганын бүт төлөп койгонбуз», - деди ал. Читать дальше...

Казакстанда камалган ишкердин жакындары акцияга чыгышты

Azattyk.org 

"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин баратканы айтылган учак кыйрады. Сот жазуучу, публицист жана коомдук ишмер Олжобай Шакирди эки айга камакка алды. Казакстанда үч айдан бери камакта отурган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин жакындары Бишкекте акцияга чыгышты.

ЕБ бейөкмөт уюмдар жана ЖМК мыйзамына көз саларын билдирди

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорлоруна тыкыр көз салат. Бул тууралуу Европа парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер Бишкекте өткөн брифингде билдирди. “Биз бул боюнча Кыргызстандын бийлиги менен Европарламентте кабыл алынган резолюциянын алкагында сүйлөштүк. Жарандык коом менен дагы пикир алмашуу болду. Өлкөнүн президенти жана парламенттин өкүлдөрү менен дагы сүйлөшүү болду”, - деди ал. Ал Европа Биримдиги өнөктөш... Читать дальше...

АЭСтеги суунун төгүлүшүнө байланыштуу Кытай деңиз азыктарын импорттоого тыюу салды

Azattyk.org 

Жапония "Фукусима-1" атомдук электр станциясынан чыккан тазаланган радиоактивдүү сууну 24-августта океанга төгө баштаганын жарыялады. Буга байланыштуу Жапониянын негизги соода өнөктөшү саналган Кытай жапон деңиз азыктарын импорттоого тыюу салды. Жапониянын өкмөт башчысы Фумио Кисида Токио бул боюнча Бээжинге кайрылып, чектөөнү алып салууга чакырганын 24-августта айтты. 2022-жылы Жапония Кытайга 600 миллион долларга деңиз продукцияларын экспорттогон. Атомдук электр станциядагы сууну төгүүгө... Читать дальше...

"ПолитКлиника" журналисттери иш учурунда тоскоолдукка кабылганын билдирди

Azattyk.org 

“ПолитКлиника” басылмасынын журналисттери "Манас" этнокомплексин тартып жүргөн учурда өзүн күзөт кызматкеримин деген киши эч кандай түшүндүрмө бербестен дрондун пультун жулуп алган. Басылма териштирүүдөн кийин күзөт кызматкерлери тартып алган техниканы кайра кайтарып беришкенин билдирди. Этнокомплекс бул боюнча комментарий бере элек. "Манас" этнокомплекси бузулуп жатканы жөнүндө кабарлар социалдык тармактарга тараган. Буга чейин бийлик “Манас айылы” реконструкция болорун маалымдаган эле. “ПолитКлиника”... Читать дальше...

Беларуста "Вагнердин" лагериндеги чатырлар жыйналып жатканы кабарланды

Azattyk.org 

Беларустагы Цель айылынын жанында жайгашкан "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын лагери жоюлуп жатат. Муну Planet Labs тараткан сүрөттөргө таянып "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматы жазды. Planet Labs 23-августта тарткан сүрөттөрдө 273 аскердик чатырдын 101ү жыйналганын көрүүгө болот. Алардын ар бири 20дай кишиге эсептелген. Маалыматка караганда, лагерди жоюу иштери 1-августта эле башталган. "Вагнерге" байланышы бар Телеграм-каналдар жалданма жоочулардын жарымы эс алуу өргүүсүнө чыкса... Читать дальше...

Жазуучу Олжобай Шакир эки айга камалды

Azattyk.org 

24-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, ал 23-октябрга чейин абакта калды. Судья адвокаттардын отурумду ачык өткөрүү боюнча өтүнүчүн четке какты. Отурумга бир гана анын жубайын киргизүүгө уруксат берилди. Анын бөгөт чарасы каралып жатканда сот залынын алдында бир катар укук коргоочулар, жарандык активисттер жана анын жакындары плакаттарды кармап, бошотулушун талап кылып турушту. Шакир 23-августта Улуттук... Читать дальше...



АКШда Республикачылардын алгачкы дебаты Трампсыз өттү

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарда 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого аттанууга ниеттенген республикачылардын алгачкы ички дебаты өттү. 23-августта Висконсин штатынын Милуоки шаарында өткөн дебатка Республикачылар партиясынан президенттикке ат салышууну көздөгөн сегиз үмүткөр катышты. Мурдагы президент, учурда төрт кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Дональд Трамп дебатка катышуудан баш тарты. Ал муну "ансыз деле атаандаштарынан кыйла алдыда экени" менен түшүндүрдү.  "Коомчулук ансыз деле менин ким экенимди... Читать дальше...

Жол коопсуздук кызматкеринен качкан айдоочуга 41 миң сом айып салынды

Azattyk.org 

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Ош-Бишкек жолунда жол коопсуздук кызматкерине баш ийбей кетип калган айдоочу кармалганын билдирди. 24-августта социалдык тармактарга тараган видеодо жол коопсуздук кызматкери “Лексус” үлгүсүндөгү унаанын токтотууга аракет кылганда, айдоочу аны бир топ жерге сүйрөп, кийин качып кеткенин көрүүгө болот. Башкармалыктын маалыматына ылайык, 1986-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочу кармалып, унаасы айып короо жайына токтотулган. Ага бузган жол эрежелери үчүн жалпы 41 миң сом айып салынды. Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: абактагы алты кишинин талабы, соттун жүйөсү

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын ичинен алты киши соттун ачык өтүшүн талап кылып үч күндөн бери ачкачылык кармап жатат. Шектүүлөр соттун кечеңдешине жана иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканына нааразылык билдиришкен. Ачкачылык жарыялагандар менен 24-августта Кыйноолорду алдын алуу боюнча улаттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков жолукту. Ал арада ишти карап жаткан Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча соттун кечеңдеп жатканынын себебин түшүндүрдү. Читать дальше...

Reuters: Москва санкциядан буйтап, тажик компаниялары аркылуу учак тетиктерин алган

Azattyk.org 

Орусиялык авиакомпаниялар санкцияларды буйтап өтүү менен былтыр майдан бери Батыштан 1,2 миллиард долларга учак тетиктерин сатып алган. Бул схеманы ишке ашырууга жардам берген ондогон компаниялардын арасында Тажикстандагы курулуш фирмалары дагы бар. Бул тууралуу "Рейтерс" агенттиги жазды. Макалада белгиленгендей, соода чектөөлөрү киргизилгенче Орусиянын "Урал аба каттамдары", "Аэрофлот", S7 жана башка компанияларына Германиянын Lufthansa Technik сыяктуу фирмалары техникалык колдоо көрсөтүп турчу. Читать дальше...

Экономика министрлиги чек арадагы абал үчүн казак тарапты айыптады

Azattyk.org 

24-августта Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин жана Евразиялык экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө жайындагы абал менен таанышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Анда экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев маалымат берип жатып, чек арадагы “Ак-Тилек”, “Кең-Булуң” жана “Чалдыбар” өткөрмө бекеттериндеги кезек 20-августтан тарта байкала баштаганын билдирди. Министрлик кабарлагандай... Читать дальше...

Беларустагы ЖККУ машыгуусуна Кыргызстан дагы катышат

Azattyk.org 

Беларус өлкөсүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин “Күжүрмөн боордоштук-2023” деп аталган аскердик машыгуусу өтөт. Бул тууралуу ЖККУ сайтында жазылды. Машыгуу 1-6-сентябрь күндөрү өткөрүлүп, ага Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан катышат. 2500 миңден ашык аскер, 500 аскер техникасы тартылат. Маалыматта ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча дагы машыгуу болору жазылган. Азырынча Кыргызстандын расмий органдары расмий маалымат бере элек. Читать дальше...

Агроөнөржай ассоциациясы кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча кайрылуу жолдоду

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы кыргыз-казак чек арасында абалга байланыштуу кайрылуу жолдоду. Анда Казакстан жүк ташуучу унааларды өз аймагына өткөрүүнү чектеген көрүнүш жыл сайын кайталанары, мунун айынан кыргызстандык дыйкандар чоң чыгымдарга учурап келери айтылган. Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттер ортосунда кандайдыр бир экономикалык чектөөлөрү болбогон ЕАЭБ мүчө. Биримдиктин негизги принциби “мүчө өлкөлөр ортосунда бажы декларациясы жана мамлекеттик... Читать дальше...

Кыйноолорго каршы борбор милициядагы кыйноо боюнча УКМКга кайрылды

Azattyk.org 

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө кыйноого кабылганын айтып үч адам арыз жазганын билдирди. Кайрылгандардын бири арызында 20-июлда милиция кызматкерлери аны ички иштер бөлүмүнө алып келип, саат түнкү он бирден таңкы төрткө чейин кыйноого алганын айтып берген. Ал милиция кызматкерлери уруп-согуп, башына уксус менен желим баштык кийгизип кылмышты моюнуна алдырганын айткан. Арыз жазган эки киши дагы милиция бөлүмүндө жогорудагыдай кыйноого кабылып, бири өзүнө... Читать дальше...

Нурланбек Шакиев Европарламенттин комитет мүчөлөрү менен жолугушту

Azattyk.org 

Бүгүн, 24-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Европа Парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Шакиев Кыргызстан Евробиримдик менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө дайыма кызыкдар экенин белгиледи. Ал билдиргендей, Парламенттер аралык кызматташтык комитетинин быйылкы жыйыны декабрда Бишкекте өтөт. “Демократиялык, саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды... Читать дальше...

Жаңы конуштагы көп кабаттуу бир нече үйдүн маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бирине көп кабаттуу үйлөр салынып жатканы боюнча маселе мэрияда талкууланганын мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 24-августта билдирди. Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, Ынтымак конушундагы жана башка бир нече тилкедеги курулушка каршылыгын билдирип, видео кайрылуу жасаган тургундардын арызынан кийин өткөрүлгөн жыйынга мэр Эмилбек Абдыкадыров жана тийиштүү кызматтардын жетекчилери катышты. Беш, алты, жети жана сегиз кабат үйлөргө уруксат кагаздары 2018 жана 2023-жылдары берилгени... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча ЕЭК делегациясы келди

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы абалды талдоо үчүн Кыргызстанга Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) делегациясы келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев билдирди. "Евразия экономикалык комиссиясынын делегациясы келери жөнүндөгү кабардан кийин абал бир аз жакшырып калганын байкадык. Азыр бир саатта 10 машине кое берип жатат. Казакстан тараптын машинелерди кармап, жай киргизип жатканынын так себеби белгисиз. Казакстандын мындай аракети биримдиктеги келишимдерге дал келбейт”... Читать дальше...

Кытай экономикасындагы басаңдоо: Оорчулугун Орусия тартабы?

Azattyk.org 

"Свобода" радиосунун журналисти, публицист Максим Бланттын макаласы. Дээрлик 40 жылга созулган Кытайдагы дүркүрөп өсүү доору соңуна чыгып баратат. Жакыр өлкөнү экономикалык ири державага айландырган модель өз күчүн жоготту. The Wall Street Journalдын баяндамачылары Линглиң Вэй жана Стелла Ифан Си ушундай тыянакка келишүүдө. Узакка созулган экономикалык өсүш заводдорду жана асман тиреген имараттарды курууга, инфратүзүмгө ири инвестиция салууга мүмкүндүк берди. Курулуш тармагы экономиканын ургаалдуу өсүшүнө өбөлгө түзүп... Читать дальше...

БРИКС уюму Иран менен Сауд Арабияны мүчөлүккө чакырды

Azattyk.org 

Экономикасы өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бирикмеси - БРИКС уюму Иранды, Аргентинаны, Египетти, Эфиопияны, Сауд Арабияны жана Бириккен Араб Эмираттарын кошуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса 23-августта билдирди. Блокту кеңейтүү боюнча талкуулар Йоханнесбургда бейшембиде жыйынтыкталган үч күндүк саммитте жүрдү. Уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери блоктун кеңейишине макул болгону менен, алардын арасында чакыруу мөөнөтү боюнча талаш-тартыштар жаралган эле. Читать дальше...

Ошто кош бойлуу аял күйөөсүнөн бычак жеп, курсактагы баласын жоготту

Azattyk.org 

Оштун Кара-Суу районунда 33 жаштагы келин күйөөсүнөн бычак жеп, курсактагы беш айлык баласын жоготту. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, 23-августта түнкү саат 23:30да райондук милицияга 33 жаштагы жаран оор жаракат менен ооруканага түшкөнү кабарланган. “Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 40 жаштагы Л.И. аттуу жаран өзүнүн үйүндө аялы С.И. менен пикир келишпестиктен улам ага учтуу нерсе менен сайып жибергендиги аныкталган. Жабырлануучунун... Читать дальше...

25-августтун аба ырайы

Azattyk.org 

25-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37, Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 30…35, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 7…12... Читать дальше...

Жапония "Фукусима-1" АЭСинен чыккан сууну океанга төгө баштады

Azattyk.org 

Жапониядагы 2011-жылы цунамиде жабыркаган атомдук электр станцияга операторлук кылган "Фукусима-дайити" компаниясы тазаланган радиоактивдүү сууну Тынч океанга төгө баштаганын билдирди. 24-августта түз ободо Tokyo Electric Power Company Holdings компаниясынын жумушчусу сууну кое бергени көрсөтүлдү. Июль айында Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик океанга төгүлө турган суу коопсуздук стандарттарына туура келерин жана "айлана-чөйрөгө жана адамдарга анчалык деле радиологиялык зыян келтирбестигин" айткан. Читать дальше...

Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы акыркы абал боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын чек ара кызматы 24-август саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек ара өткөрмө бекеттериндеги тыгында турган жүк ташуучу автоунаалар жөнүндө маалымат берди. Ага ылайык, “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 379, “Чалдыбарда” 73, “Кең-Булуңда” 89, “Чоң-Капкада” 73. Чек ара кызматы кыргыз тараптагы өткөрмө бекеттер күнүмдүк тартипте иштеп жатканын белгилейт. Чүй облусундагы “Ак-Тилек” бекетинин жанында айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген. Ал жерлерден айдоочуларга медициналык... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *