Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 16.08.2023

Кыргыз-өзбек мамилеси: суу, темир жол жана соода

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны өттү. Ага катышуу максатында 15-августта коңшу мамлекеттин премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегация Кыргызстанга келген. Мамлекеттик чек араларды тактаган келишимге кол коюлгандан кийин эки өлкө ортосунда мамиле жакшырып, экономикалык карым-катышка таасирин тийгизди. Эки тарапты дагы кайсы кызыкчылыктар бириктирип, биргелешкен кандай долбоорлор мерчемделип жатат? Кыргызстан... Читать дальше...

Согуштар жана ачылыштар: “Розетта ташы”. “Манас” эпосу. Фу-йү кыргыздары

Azattyk.org 

Дүйнөлүк илимде бир катар ачылыштар баскынчыл согуштар маалында жүзөгө ашырылган. Египет таануу илиминин башатында турган “Розетта ташынын” табылышы окуясы, “Манас” эпосунун Европадагы илим чөйрөсүнө дайын болушу да буга күбө. Ал эми Ыраакы Чыгышта, Кытайдын түндүгүндөгү тарыхый Манчжурия аймагында байырлап келе жаткан кыргыздардын бир тобу – “Фу-йү кыргыздары” деп шарттуу аталган бир тууган эл жөнүндөгү алгачкы кабарлар Экинчи дүйнөлүк согуш маалында шардана кылынган. Тарыхчынын блогу.   Согуштар... Читать дальше...

БУУнун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабак боюнча чукул жыйынга чогулат

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 16-августта Тоолуу Карабак жикчил аймагындагы гуманитардык кырдаалдын начарлашына байланыштуу чукул жыйынга чогулат. Буга Армениянын БУУдагы өкүлү Мгер Маргаряндын Коопсуздук кеңешине жолдогон каты түрткү болду. Анда Тоолуу Карабактын эли ири гуманитардык каатчылык алдында турганы белгиленет. Расмий Ереван менен Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги билдиргендей, Азербайжан декабрь айында Лачын коридорун жаап салгандыктан аймакта азык-түлүк, дары-дармек таңкыстыгы жаралды. Читать дальше...

The Killers рок-тобу Грузиядагы окуя үчүн кечирим сурады

Azattyk.org 

Америкалык The Killers рок-тобу Грузиядагы концертте орусиялык күйөрманын сахнага чакырганы үчүн кечирим сурады. Курорттук Батуми шаарында 14-августтун кечинде болгон концертте топтун мүчөсү Брэндон Флауэрс салтка айлангандай эле залдагы күйөрмандарынын бирин сахнага чакырган. Сахнага чыгып, добулбаста ойноону суранып жаткан жигит орусиялык экенин айтканда залдагы күйөрмандар ышкырык, ызы-чуу башташкан. Чогулгандар орусиялыктын сахнадан кетишин талап кылганына карабай топ концертти уланткан. Читать дальше...

Жаңы окуу жылынын каникул күндөрү аныкталды

Azattyk.org 

Кезектеги окуу жылы 1-сентябрда башталып, келерки жылдын 25-майында аяктайт. Бул тууралуу буйрук кабыл алынганын бүгүн 16-августта Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. “Жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйрук түрүнө жана менчигине карабастан өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарына тийиштүү экени белгиленди. Ага ылайык, мектеп каникулдарынын графиги да бекитилди. Күзгү эс алууда окуучулар 6-13-ноябрда болушат, кышкы каникул 1-14-январь күндөргө туура келет... Читать дальше...

CPJ Дүйшөмбүдөн журналист Фозиловду бошотууну талап кылды

Azattyk.org 

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) тажик бийлигинен журналист Хуршед Фозиловду абактан бошотууну талап кылды. 15-августта таратылган билдирүүдө уюмдун башчысы Карлос Мартинес де ла Серна маалымат каражаттарынын кызматкерлерин "кылмышкер" кылып жатканы үчүн тажик сотторун айыптады. "Фозилов - соңку бир жылда узак мөөнөткө эркинен ажыратылган жетинчи журналист. Бийлик аны жана башка ЖМК өкүлдөрүн түрмөдөн бошотушу керек", - деди ал. Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү... Читать дальше...

Боснияда түз ободо аялдын өлүмүнөн кийин Аза күтүү күнү жарыяланды

Azattyk.org 

Босния жана Герцоговинада Градачац шаарындагы үч кишинин өлүмүнө байланыштуу 16-август Аза күтүү күнү жарыяланды. 11-августта жергиликтүү тургун Инстаграмда түз ободо аялын атып өлтүргөн. Трансляцияны ошол маалда 12 миңдей адам көрүп турган. Видеодо ары жакта баланын ыйы угулган. Кийин ошол эле киши дагы эки адамды өлтүргөнүн айтып видео жүктөгөн. Көп өтпөй 35 жаштагы кылмышка шектүү өз жанын кыйган. Ал эмне себептен бул ишке барганы азырынча белгисиз. Болгону ал буга чейин полицияга кол салуу жана маңзат аткезчилигине айыпталып... Читать дальше...

"Эмделбеген эки наристе чарчап калды". Балдар арасында кызылча күчөдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда эмдөөдөн өтпөгөн эки наристе кызылчадан чарчап калды. Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында кызылча жугузуп алган 52 бала дарыланып жатат. Дарыгерлердин айтымында, алардын биринин абалы оор. Ооруканага түшкөндөрдүн дээрлик баарынын ата-энелери убагында эмдөөдөн баш тарткан.   Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жаштагы наристелер кызылча жугуп, чарчап калганын, алардын ата-энелери диний ишенимден улам балдарга вакцина сайдыруудан баш тартканын билдирди. Читать дальше...



Бразилиялык футболчу Неймар Саудиянын «Аль-Хиляль» клубуна өттү

Azattyk.org 

Бразилиялык футболчу Неймар француздардын «Пари Сен-Жермен» (ПСЖ) клубунан Сауд Арабиянын «Аль-Хиляль» клубуна өттү. Бул тууралуу 15-августта жарыяланды. «Мен бул жакта, Сауд Арабиядамын. Мен эми «Аль-Хилялдын» мүчөсүмүн», - деди 31 жаштагы Неймар саудиялык клубдун социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланган видеодо. Неймар ПСЖ клубуна 2017-жылы «Барселонадан» рекорддук өлчөмдөгү (222 миллион евро) акы менен өткөн. LʼEquipe басылмасы жазгандай, Неймардын айлыгы жаңы клубда жылына 80 миллион еврону түзөт. Читать дальше...

Төрөт учурунда жабыркаган ымыркайдын абалы туруктуу оор деп мүнөздөлүүдө

Azattyk.org 

Караколдо төрөт учурунда жабыркаган ымыркайдын абалы туруктуу оор деп мүнөздөлүп жатканын бүгүн 16-августта “Азаттыкка” өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди. Анын айтымында, ымыркайдын абалына мониторинг жүргүзүлүүдө: “Баланын абалы туруктуу оор. Азыр биз Караколдобуз. Жумушубузду кылып жатабыз. Биз менен кошо жогорку категориядагы неонатолог дарыгер бар. Мониторинг, коррекция кылынып жатат. Апасынын абалы туруктуу, жакшы эле”. Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө... Читать дальше...

Статком: Жаштар арасында жумушсуздук көрсөткүчү төмөндөөдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өлкөдө жаштар арасындагы жумушсуздуктун расмий көрсөткүчү соңку жылдары төмөндөй баштады деп эсептейт. Мекеменин маалыматына караганда, 2018-жылы жаштардын жумушсуздук деңгээли 11% болсо, 2022-жылы 8,4% түздү. Ошону менен катар жаштардын өлкөнүн экономикалык активдүүлүгүнө катышуусунда төмөндөө бар – жумуш күчүнүн курамында жаштар 2018-жылы 48,4% түзсө, 2022-жылы 46% болгон. “Жаштардын олуттуу бөлүгү жумуш издеп башка өлкөлөргө туруктуу жашоо үчүн көчүп кетишет... Читать дальше...

Кемпир-Абад: абактагылар иш менен толук таанышпаганын айтып чыкты

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчылар Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жеңиш Молдокматов иш боюнча материалдар менен тааныша албай жатканын айтып чыгышты. Билдирүүдө алар прокуратура кызматкерлери “жашыруун сырды” негиз кылып иштин материалдарын толук бербей жатканын белгилешкен. “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 253-беренесине ылайык, тергөө аяктагандан кийин бардык материалдар менен, анын ичинен жашыруун сырды түзгөн материалдар менен дагы айыпталуучуну толук тааныштырат. Читать дальше...

Кыргызстанда үйлөнгөн жана ажырашкан түгөйлөрдүн саны азайды

Azattyk.org 

Санарип өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жыл башынан бери өлкөдө 19 миң 347 нике катталганын билдирди. Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2687 түгөйгө аз экенин кабарлады. Алты айда ажырашкан жуптардын дагы саны азайган. Былтыркы жылдын биринчи жарымында 6067 түгөй ажырашса, быйыл алты айда 5814 жуп чогуу түтүн булатпай калган. Өлкөдө алты айда 66 миңден ашык бала төрөлгөн, бул 2022-жылдын ушул убагына салыштырмалуу 5807 миңге аз. Алты айда 15 миңден көп... Читать дальше...

17-авгуттун аба ырайы

Azattyk.org 

17-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28 градус жылуу болот. Читать дальше...

"Кыйналган адамдарды көрдүм". Абакта өткөн үч ай

Azattyk.org 

Январда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык оппозициялык активисттер Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы абактан бошоткон. Алар былтыр октябрда кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өттү деген негизде кармалып, Бишкекте үч ай тергөө абагында отурган.

Президенттик администрациянын имаратын куруучу компания 25,7 гектар жер алды

Azattyk.org 

Министрлер кабинети президенттик администрациянын имаратын кура турган компанияга жер тилкелерин менчикке өткөрүп берди. Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-августта кол койгон. Ага ылайык, Бишкек шаарындагы төмөнкү даректеги жерлер мамлекеттин менчигине өтөт: Абсамат Масалиев көчөсү - Ала-Арча дарыясы, жалпы аянты 10,878 га; Абсамат Масалиев көчөсү - Ала-Арча дарыясы, жалпы аянты 1,6215 га; Аалы Токомбаев көчөсү, 12-кичи районунун каршысында, жалпы аянты... Читать дальше...

Ошто атасынын өлүмүнө шектелген киши кармалды

Azattyk.org 

Ошто атасын өлтүргөн деген шек менен 41 жаштагы жергиликтүү тургун кармалганын бүгүн 16-августта шаардык милиция билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 14-августта Амир-Темир кичи районунда болгон. 68 жаштагы тургунду уулу өз үйүндө бычак менен көкүрөгүнө жана колдоруна сайып, ал ошол жерден көз жумган. Милиция ата-бала чырдаша кеткенин, шектүү адам документтерин алып, таксиге отуруп, окуя болгон жерден кетүүгө аракеттенип жаткан учурда кармалганын билдирди. Ош шаардык... Читать дальше...

БУУнун өкүлү Ооганстандагы гендердик кодулоо боюнча иш козгоого чакырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү маселелери боюнча атайын чабарманы Гордон Браун 15-августта билдиргендей, Эл аралык кылмыш соту Ооганстандагы гендердик дискриминацияны адамзатка каршы кылмыш катары таанып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартыш үчүн атайын иликтөө жүргүзүшү керек. 15-августта Ооганстанда бийликке талибдер келгенине эки жыл болду. Бул убакыт ичинде өлкөдө кыз-келиндердин укуктары болуп көрбөгөндөй чектелди. Кыздар эки жылдан бери мектепке бара алышпайт. Ал эми быйыл аялдарга сейил жайларга... Читать дальше...

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү беш айда 13,3% өстү

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарында 16-августта кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйыны өттү. Ага эки өлкөнүн өкмөт башчылары баштаган делегация катышты. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы анда эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык өсүп жатканы белгиленгенин кабарлады. "Эки мамлекеттин соода-экономикалык мамилелеринде оң тенденция байкалууда. Ушул жылдын беш айында соода жүгүртүүнүн көлөмү 13,3% өсүп, 215,8 миллион долларды түздү. Жакынкы келечекте эки тараптуу сооданы эки миллиард долларга жеткирүү пландалууда"... Читать дальше...

"Кумтөр" алтын өндүрүүдөгү баанын кымбаттаганын түшүндүрдү

Azattyk.org 

“Кумтөр” ишканасы алгачкы үч айында өндүрүлгөн алтындын өздүк наркы өсүп кеткен деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин быйылкы жылдын 1-кварталында мекеменин чыгарган отчётунда 1 унций алтындын өздүк баасы 2053 долларды түзгөнү, бул былтыркыга салыштырмалуу 464 долларга кымбат экени көрсөтүлгөн. Ал эми 1 унций алтын 1 миң 891 доллардан сатылганы да жазылган. Ишкана бул боюнча “Азаттыкка” берген түшүндүрмөсүндө чыгымдардын көбөйүшү узак мөөнөттүү жана капиталдык чыгымдардын өсүшүнө, алтын бөлүп алуучу фабриканы... Читать дальше...

Чүйдө жашы жете элек кызга нике кыйган имамга кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Чүй облусунда жашы жете элек кызга нике кыйган имам тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылынын Э.Р. аттуу имамы 2005-жылы туулган Б.М. аттуу кызды өзүнөн он жаш улуу Ш.Х. аттуу жаранга никесин кыйганы аныкталды. Айылдын имамы башында камалып, сотто бөгөт чарасы аныкталганда, үй камагына чыгарылды. "Бул фактыга байланыштуу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике... Читать дальше...

Мыйзамсыз курулуштар: Ишкерлер мэриянын ишине нааразы

Azattyk.org 

Бишкектин борбордук үч көчөсүндө эскиздик долбоорлорго туура келбеген, уруксаты жок кошумча курулуштарды бузуу иштери уланып жатат. Ишкерлер бузуу иштери эскертүүсүз, башаламан жүргүзүлүп жатканын айтып жатышат. Мэрия муну калааны көрктөндүрүү жана ирээтке салуу аракети катары түшүндүрүүдө.

Ала-Бука: жыландын уусун мыйзамсыз сатууга шек саналгандар кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жыландын уусун мыйзамсыз сатууга шек саналып төрт адам кармалганын билдирди. Алардын үчөө Кыргызстандын, бирөө чет өлкөлүк жаран экенин кабарлады. Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси ("сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү") менен кылмыш иши козголду. "Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында "Gurza – vipera Leberetna turaniga"... Читать дальше...

Гавайиде өрттүн курмандыктары 100дөн ашты

Azattyk.org 

Гавайидеги бир шаарды жер менен жексен кылган өрттөн мүрт кеткендердин саны жүздөн ашты. Бул тууралуу 15-августта штаттын губернатору Жош Грин билдирди. Буга чейин ал курмандыктардын саны жакынкы он күндүн ичинде эки же үч эсе өсүшү мүмкүн экенин эскерткен. Учурда сөөктөрдү идентификациялоо жараяны жүрүп жатат. АКШнын президенти Жо Байден табигый кырсык болгон аймакка жубайы Жилл экөө мүмкүнчүлүк болор замат барышарын 15-августта журналисттерге жооп берип жатып айтты. Байден азыр барып алып, куткаруу... Читать дальше...

АКШ талибдерди ооган аялдарынын укугун сактоого чакырды

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кабулдагы режим ооган аялдарынын укугун сыйлап, сактаган шартта гана Кошмо Штаттары "Талибан" кыймылы менен мамилесин жакшыртуусу мүмкүн экенин билдирди. Ал Вашингтондо 15-августта талибдердин бийликке келишинин эки жылдыгына карата журналисттердин суроолоруна жооп берди. Мамкатчынын сөзүнө караганда, Вашингтон аталган кыймылдын берген убадаларын аткарышына, айрыкча аялдар менен кыздардын укугун сакташына байкоо салып турат. "Биз жана дагы ондогон... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *