Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 15.08.2023

Министрлик Караколдун төрөт үйүндөгү окуя боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө ымыркай жабыркаган окуянын чоо-жайын саламаттык сактоо кызматкерлери менен катар ички иштер органдары да териштирип жатышканын бүгүн 15-августта "Азаттыкка" Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Мекеме бул окуя үчүн жоопкер экенин белгилеп, кызматтык иликтөө башталганын маалымдады. Жооптуу кызматкерлер мыйзам чегинде жазага тартылары, азыркы учурда ымыркайга да, жаңы төрөгөн келинге да толук сакайып кетиши үчүн бардык тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканы белгиленди. Читать дальше...

Түркмөнстанды түйшөлткөн тамак-аш көйгөйү

Azattyk.org 

Түркмөнстанда субсидияланган тамак-аштын тартыштыгына байланыштуу нааразылык күчөп, сугат суунун жетишсиздигине жана ири шаарларда электр жарыгынын өчүрүлүшүнө байланыштуу чыр-чатактар тез-тез чыга баштады. Ошол эле маалда аткаминерлердин Каспий деңизинин жээгинде эс алып жүргөнү элди ого бетер нааразы кылды. Туура бир апта мурда Түркмөнстандын батышындагы жана Каспийдин боюндагы Түркмөнбашы шаарында жүздөгөн аялдар тамак-аш тартыштыгына байланыштуу митингге чыгып, шаар бийлигине нааразылыгын билдиришкен. Читать дальше...

Польша чек арада чыңалуу күчөгөн маалда ири аскердик парад өткөрдү

Azattyk.org 

Польшанын баш калаасы Варшавада 15-август - Куралдуу күчтөр күнүндө ири аскердик парад өткөрүлдү. DPA агенттиги билдиргендей, ага эки миңдей жоокер, 200дөй аскердик техника катышты. Авиашоуго жүздөй учак жана тик учак тартылды. Ошондой эле көрүүчүлөрдүн алдына америкалык Abrams танктары, HIMARS реактивдүү системалары, Patriot зениттик-ракеталык комплекси чыгарылды. Буга чейин, 1-августта Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак Беларус менен чек арасындагы аскерлеринин санын 10 миңге чейин көбөйтүү пландалып жатканын билдирген. Читать дальше...

Тажикстан: эки ай мурда уурдалган банкирдин сөөгү табылды

Azattyk.org 

Тажикстандагы «Ориёнбанктын» төрагасынын мурдагы биринчи орун басары, эки ай мурда уурдалган Шухрат Исматуллоевдин сөөгү Пенжикент шаарында табылды. Бул тууралуу Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон 15-августтагы маалымат жыйында билдирди. Исматуллоевди кылмыштуу топ 23-июндун кечинде баш калаа Дүйшөмбүнүн Сомони районунан уурдап кеткен. Окуяга байланыштуу 13 киши кармалган, дагы үч адамга издөө жарыяланган. Банкирдин уурдалышына жана өлтүрүлүшүнө Ички иштер министрлигинин эки кызматкеринин да тиешеси бар экенин маалымдалган. Читать дальше...

Каракол: Төрөт үйүнүн дарыгерлерин айыптагандар президентке кайрылышты

Azattyk.org 

Караколдогу төрөт үйүндө көз жарган келини жана анын ымыркайы оор абалда жатканын туугандары социалдык түйүндөр аркылуу айтып чыгышты. 15-августта алар президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдоп, “дарыгерлер карабай койгон” деп билдиришти жана жардам сурашты. “Дарыгерлер карабай койгондуктан баламдын жана жубайымдын абалы өтө оор. Баламдын колу жана акыреги сынган, мээсине кан куюлуп кетиптир. Ушуну өз көзөмөлүңүзгө алып берсеңиз”, - деди келиндин күйөөсү. Окуя 13-августта болгону айтылды. Читать дальше...

Жапаров менен Арипов кыргыз-өзбек кызматташтыгын талкуулашты

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы боюнча өкмөт аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги отурумуна катышуу үчүн бүгүн 15-августта Чолпон-Атага келген өзбек премьер-министри Абдулла Арипов менен президент Садыр Жапаров жолугуп, ортодогу кызматташтык маселелерин талкуулады. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча пикир алышуу болду. “Мамлекет башчысы... Читать дальше...

Лондондо үч киши Орусияга тыңчылык кылууга шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Британияда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылууга шек саналып  Болгариянын үч жараны кармалды. Бул тууралуу «Би-Би-Си» дүйнөлүк кызматы жазды. Ишти Лондондун Олд-Бейли борбордук кылмыш соту карап жатат. Биринчи соттук жараян 2024-жылдын январь айына белгиленген. Маалыматка караганда, бир топ жылдан бери Британияда отурукташкан Орлин Русеев, Бизер Жамбазов жана Катрин Иванова февраль айында кармалышкан. Алардын жанынан бир канча мамлекеттин жасалма паспорттору табылган. Болгариянын Лондондогу... Читать дальше...

Түркияда орус элчиси Карловду өлтүрүүгө шектүү аял кармалды

Azattyk.org 

Түркиянын атайын кызматтары орус элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө шектелген дагы бир аялды кармады. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, ал аял 2016-жылы Анкарада Карловду өлтүргөн Мевлют Алтынташтын жакын санаалашы болгон. Кармалган аял "ФЕТО" кыймылынын (ред: түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) тарапташы экени, ал Стамбулда колго түшкөнү кабарланды. Орусиянын Түркиядагы дипломатиялык миссиясынын башчысы Андрей Карлов 2016-жылдын декабрь... Читать дальше...



Иш көп, тигүүчү тартыш. Жеңил өнөр жайдагы абал

Azattyk.org 

Орусиядан бир катар дүйнөлүк ири бренддердин чыгып кетиши Кыргызстандагы тигүү тармагынын өсүшүнө негиз берүүдө. Тармактын кирешеси былтыр 9,5 млрд. сомдон ашып, 2012-жылкы дүркүрөп өскөн.

Каатчылык күчөп, аял укугу чектелди. "Талибан" башкарган эки жыл

Azattyk.org 

Ооганстанда талибдердин бийликке келгенине 15-августта туура эки жыл болду. Бул убакыт аралыгында кыз-келиндердин укуктары болуп көрбөгөндөй чектелди. Калктын басымдуу бөлүгү ачка отурат. Борбор Азия мамлекеттеринин бири да талибдердин бийлигин расмий тааный элек.

Боснияда миңдеген киши түз ободо аялдын өлтүрүлүшүн айыптап чыкты

Azattyk.org 

14-августта Босния жана Герцоговинада Инстаграмда түз ободо аялдын өлтүрүлүшүн айыптаган нааразылык акциясына миңдеген адам чыкты. 11-августта Градачац шаарынын тургуну социалдык түйүндө түз ободо мурдагы аялын автомат менен маңдайга аткан, ары жакта баланын ыйы угулуп турган. Расмий маалыматка караганда, түз трансляциядагы окуяга 12 миңдей адам күбө болгон. 35 жаштагы кылмышка шектүү фитнес машыктыруучусу болуп иштечү. Ал буга чейин полицияга кол салуу жана маңзат аткезчилигине айыпталып, камалып чыккан. Читать дальше...

Кара-Суудагы жол кырсыгы: жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

Azattyk.org 

Ош-Кара-Суу жолундагы эки адамдын өмүрүн алган кырсыкка шектүү катары жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы 15-августта “Азаттыкка” билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин (“Коркунучта калтыруу”) негизинде кылмыш иши козголуп, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Маалыматта тергөөнүн жүрүшүндө шектүү адам окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган деп айтылат. “Жабырлануучулардын өмүрү жана ден соолугу коркунуч абалда экенин билсе да... Читать дальше...

Нигерде бийликтен кулатылган президент чыккынчылыкка айыпталууда

Azattyk.org 

Нигердеги куралдуу козголоңчулар бийликтен кулатылган президент Мохамед Базумду "мамлекетке чыккынчылык кылган" жана "улуттук коопсуздукка доо кетирген" деген айыптар менен соттоону көздөп жатат. Бул тууралуу бийликти басып алган хунта 14-августта билдирди. Алардын айтымында, Базум "чет элдик лидерлер жана эл аралык уюмдар менен маалымат алмашып", мамлекетке чыккынчылык кылган. АКШ, БУУ жана Батыш Африка мамлекеттеринин лидерлери бул кадамды айыпташты. 27-июлда африкалык өлкөдөгү козголоңчулар... Читать дальше...

23 жаштагы жигиттин өлүмү: Милициянын видеосу шек жаратты

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Ысык-Көлдүн Бостери айылында эс алып жүргөн учурда каза тапкан Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шек саналып төрт адам кармалганын билдирди. Журналисттер милициянын шектүүлөр кармалган учур деп 14-августта тараткан видеосу эки жыл мурунку экенин таап чыгып, талкуу жаратууда. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы анда архивдик кадрлар колдонулганын билдирип жатат. Буга чейин Аманкуловдун жакындары милициянын ишине нааразы болуп, өлкө жетекчилерине кайрылышкан. "Төрт шектүү... Читать дальше...

Новопокровкалык дыйкандар сугат суудан улам кайра акцияга чыкты

Azattyk.org 

15-августта Ысык-Ата районунун 30дай жашоочусу сугат суунун жетишсиздигине нааразылык билдирип, Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдына чыгышты. Алар 1-августтан бери сугат суу кайра тартыш болуп, мунун айынан жаңы отургузулган көчөттөр куурап жатканын айтууда. Дыйкандар ал жерде негизинен малина, кулпунай жана кожогат өстүрүшөрүн, суунун жетишсиздигинен алар чыгаша тартып калышы ыктымал экенин айтышты. "Биздин бул жакка келгендеги негизги максатыбыз - суу. Ушул маселени тездетип чечип беришсе жакшы болмок. Читать дальше...

Эквадордо бир апта ичинде экинчи саясатчы өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Түштүк Америкада жайгашкан Эквадордогу «Жарандык революция» кыймылынын лидери Педро Брионести белгисиз бирөөлөр 14-августта үйүнүн жанынан атып кетишти. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти. Кыймылдын атынан президенттикке ат салышып жаткан Луиса Гонсалес маркумдун жакындарына көңүл айтуу менен Эквадор учурда «эң кандуу доорду баштан өткөрүп жатканын» X (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүнө жазды. 9-августтун кечинде баш калаа Китодо Эквадордун президенттигине ат салышып жаткан, жемкорлукка... Читать дальше...

Тегерандын чоң базарында катуу өрт чыкты

Azattyk.org 

«Тасним» жарым-жартылай мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, Ирандын баш калаасы Тегерандагы чоң базарда 15-августта өрт тутанды. Жабыркагандар же курман болгондор тууралуу азырынча маалымат жок. «Тегерандагы базардагы тилсиз жоо 30дай кампаны жана дүкөндү жок кылды», - деп жазды баш калаанын Өрт өчүрүү кызматы. Тиешелүү кызматтар өрттү убагында өчүрүшкөнү менен, материалдык көп чыгаша келтирилгени кабарланды. Тегерандын чоң базары 1873-жылы негизделген байыркы соода жайы. Ансыз... Читать дальше...

Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек өкмөт өкүлдөрүнүн жыйыны өтөт

Azattyk.org 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 15-августта иш сапары менен Кыргызстанга келди. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аба майданынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы ал 16-августта Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышарын билдирди. Анда кандай маселелер каралары тууралуу азырынча маалымат бериле элек. Абдулла Арипов Кыргызстанга соңку ирет 2022-жылы декабрда келген. ... Читать дальше...

Махачкалада май куйган жайдагы жарылууда 35 адам мерт болду

Azattyk.org 

Дагестандын борбору Махачкала шаарындагы май куйган жайлардын бириндеги жарылууда мерт болгондордун саны кеминде  35 адам болду, арасында үч бала бар. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Дагы 80дей адам жараат алды, алардын 60тан көбү ооруканага жаткырылды. Бейтаптардын ичинен 11инин абалы оор деп бааланууда. Дагестанда  бул кырсыкка байланыштуу аза күтүү күнү жарыяланды. Адам өлүмү менен аяктаган кырсыкка байланыштуу кылмыш иши козголду. Аймактын башчысы Сергей Меликов... Читать дальше...

Активист Токтонасыров боюнча кылмыш ишин тергөө аяктап баратат

Azattyk.org 

Активист Өндүрүш Токтонасыров күбө катары өтүп жаткан кылмыш ишин тергөө аяктап баратканын бүгүн 15-августта “Азаттыкка” адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди. Жактоочунун айтымында, иш сотко ушул жуманын аягында өтүшү мүмкүн: “Азырынча тергөө болуп жатат. Токтонасыров суракта эки жолу болду. 7-июлдагы суракта экспертизанын жыйынтыгы менен таанышканбыз. Анда кастыкты козутуунун элементтери бар деген бүтүм болгон”. Кыргызстанда сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо өз оюн эркин билдирип, ар... Читать дальше...

Караколдо аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 67 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы 15-августта “Азаттыкка” билдирди. Маалыматта айтылгандай, 13-августта Каракол шаардык милициясына бир аял өз үйүндө киши колдуу болгону тууралуу “Тез жардам” кызматынан кабар түшкөн. Милициянын ыкчам-тергөө тобу каза болгон аялга өз үйүндө бычак урулганын аныктаган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголгон. Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

16-августта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…11, күндүз 22…27; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27; Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28 градус жылуу болот. Читать дальше...

Бишкек: автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканы маалымдалды

Azattyk.org 

Бишкекте муниципалдык автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканын мэриянын басма сөз кызматы 15-августта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алардын айлык маянасы 50 миң сомдон болот. “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы жана троллейбус башкармалыгы "D" категориясындагы айдоочуларды өз командасына чакырат. "ВС" категориясы бар айдоочулар үчүн "Д" категориясына акысыз окутуу жана практика каралган. Курсту аяктагандан кийин биз расмий жумушка жана татыктуу эмгек акыга кепилдик беребиз”, - деп айтылат мэриянын маалыматында. Читать дальше...

Ошто Европадан жумуш убада кылган адам алдамчылыкка шектелип кармалды

Azattyk.org 

Ош шаарында кеңсе ачып, Европа өлкөлөрүнө жумушка жөнөтүүнү убада кылган киши ири алдамчылыкка шектелип кармалганын бүгүн 15-августта Ош шаардык милициясынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун Кызыл-Кыштак айылынын 28 жаштагы тургунун Бишкекте жашынып жүргөн жеринен кармап, Ош милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алышты. Ал Польшага жана Германияга жөнөтүп, ошол жактан жумуш таап берем деген убада менен 150дөн ашуун адамды алдап кеткени, алардын көбү виза ачтыруу... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *