Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 05.08.2023

Ысык-Көл: тескейди этноборборго айланткан айымдар

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн тескей жээги илгертен эле кол өнөрчүлөрү, усталары, салттуу маданияттын сактоочулары менен таанымал. Аймакта акыркы жылдары ошол салттуу кол өнөрчүлүктү этно-стилдеги конок үйлөргө колдонуп, ишкердикке өткөн айымдардын саны артты.

Уран калдыктар маселесинен улам Акылбек Жапаров Жумгалга барды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-августта Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Миң-Куш айылында урак калдыктарын рекультивациялоо иштери менен таанышты. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайын "Дальнееге" көчүрүүдө коопсуздук чараларын сактоого байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди. "Президент Садыр Жапаров 13-июлда Миң-Кушта тургундар менен жолугуп, уулуу калдыктарды зыянсыздандыруудагы коопсуздуктан улам кооптонууларын  уккан. Читать дальше...

Пакистанда мурдагы премьер-министр Имран Хан үч жылга соттолду

Azattyk.org 

Пакистанда мурдагы премьер-министр, белгилүү крикет оюнчусу Имран Хан коррупция беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында үч жылга соттолду. Саясатчыга мамлекеттик кызматта турганда чет өлкөлүк лидерлерден алган кымбат белектерди саткан деген айып коюлган. Хандын адвокаты Интезар Панжотчу Reuters агенттигине мурдагы өкмөт башчыны резиденциясынан полиция кармап кеткенин, сотко апелляциялык арыз берилерин билдирди. Айыптоо өкүмүнөн улам Хан күзүндө жалпы улуттук шайлоого катыша албай калышы мүмкүн. Читать дальше...

Батыш Африка өлкөлөрү Нигерге аскер киргизүү планын даярдады

Azattyk.org 

Батыш Африка мамлекеттери зарыл болгон учурда Нигерге куралдуу кийлигишүүнүн планын даярдады. Кийинки аптага чейин бийликти басып алган козголоңчулар конституциялык тартипти калыбына келтирбесе жана өлкөнүн демократиялык жол менен шайланган президенти Мохамед Базумду бошотпосо ал план колдонулушу ыктымал. Бул тууралуу Reuters агенттиги Батыш Африка өлкөлөрүнүн экономикалык биримдигинин (ECOWAS) өкүлүнө таянып жазды. Уюмдун саясат, тынчтык жана коопсуздук маселелери боюнча комиссары Абдель-Фатау... Читать дальше...

Ошто денесинин беш жерине ок тийген жаран ооруканага түштү

Azattyk.org 

Ошто денесинин беш жерине ок тийген жаран ооруканага түштү. Шаардык бейтапканадан маалымдашкандай, анын абалы азыр орточо оор. Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуя 4-августта Кара-Суу районунда болгонун бышыктады. Бирок анын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок. Тергөөнүн сыры деген жүйөө менен ок жеген жаран, кылмышка шектүүлөр, алардын кылмыш топтор менен байланышы жана кылмыш ишинин козголуп-козголбогону тууралуу суроолорго комментарий берүүдөн баш тартты. "Азаттыктын"  ишенимдүү булактарынын билдиришинче... Читать дальше...

"Өспүрүм кызы жолдо жоголгон". АКШга жетүү азабы, Мексикада кордук көргөн журтташтар

Azattyk.org 

“Азаттыктын” кабарчылары Мексика аркылуу Америкага бара жаткан борбор азиялыктардан кабар алды. Кооптуу жолду тандап, өмүрүн тобокелге салган мекендештердин тагдырын чагылдырган даректүү тасма жакынкы күндөрдө коомчулукка жарыяланат. Журналист Улан Асаналиев бөтөн жерде оор сыноону баштан кечирип жаткан мигранттардын абалы туурасында айтып берди. Америкага жетүү кыялы жүздөгөн мекендештерди Мексикада азапка салат "Азаттык": Жакында Америкага Мексика аркылуу үч ай дегенде жөө-жаландап араң жеткен казак жигит “Азаттыкка” маек куруп... Читать дальше...

"Эл үмүтүнө" тандалгандар жана өтпөй калгандардын ызасы

Azattyk.org 

Кыргызстанда чет элдик мыкты окуу жайлары кабыл алган студенттерди каржылаган "Эл үмүтү" стипендиясын алгандар аныкталды. Дүйнөнүн алдыңкы деген университеттерине өткөн 13 адамдын окуу акысынын бир бөлүгүн өкмөт каржылайт. Бирок бул программага кирбей калган айрым талапкерлер нааразы болушууда. Өкмөт бардык талаптарды эске алуу менен каржылоого уруксат бергенин билдирүүдө. 2022-жылдын май айында президент Садыр Жапаров "Эл үмүтү" деп аталган эл аралык стипендиялар программасы ишке киргенин жарыялаган эле. Читать дальше...

Чуңкурчак жайлоосунда “Кымыз” фестивалы башталды

Azattyk.org 

Чүй облусундагы Чуңкурчак жайлоосунда 5-августта “Кымызфест- 2023” фестивалы өтүп жатат. Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын ар аймагынан келген кымыз жана сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси уюштурулган. Жарманкенинин алкагында улуттук оюндар болот жана ал концерттик программа менен коштолот. Уюштуруучулардын маалымдашынча, фестиваль маданият аркылуу Кыргызстанга туристтерди, инвесторлорду кызыктыруу, сүт азыктарын өндүргөн ишкерлерди колдоо максатын көздөйт. Иш-чарага... Читать дальше...

Ош: жаңы курулуп жаткан жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулады

Azattyk.org 

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкарбек Пайзиев Абсамат Масалиев  жана  Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан айланма жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулагынын билдирди. Мунун алдында социалдык тармактарда 5-августка караган түнү аталган өтмөктүн бир бөлүгүндөгү курулуш урап калганы тууралуу маалыматтар чыккан. Пайзиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул кабарды төгүндөп, бетон куюп жаткан учурда техникалык катачылыктан улам жаңы куюлуп жаткан бетондун тирөөчтөрү кулап кеткенин айтты. Читать дальше...

Ленин округундагы кайра шайлоо: талапкерлерди каттоо башталды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн жалпысынан 4-августка карата 17 адам арыз бергенин билдирди. Анда Аскар Алмаз уулу менен Токтогул Какчакеев тийиштүү документтердин баарын тапшырып, күрөөгө 100 миң сом акча төлөп каттоодон өткөнүн кабарлады. Арыздарды кабыл алуу 10-августта, ал эми талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт. БШКнын жумушчу тобу 2-августта ушул округдан депутат болгон, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган... Читать дальше...

Бишкек-Чолпон-Ата жолунда дем алыш күндөрү көзөмөл күчөтүлөт

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жайкы эс алуу маалында дем алыш күндөрү Бишкек-Чолпон-Ата жолунда көзөмөл күчөтүлүп,  Ысык-Көл менен Чүй облусунун  милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштерин билдирди. Буга байланыштуу кошумча бекеттер коюларын билдирди. “Айрыкча, Ысык-көлгө жүргүнчү ташыган  машиналар текшерилип,  ылдамдыкты ашыра айдаган, мас абалда болгон жана каршы тилкеге чыккан айдоочуларга чара көрүү үчүн кошумча бекеттер коюлат.  Кечинде Ысык-Көлдөн Бишкекке кайткан машиналардын тыгыны... Читать дальше...

ЕЭК: Бишкек электромобиль импортуна жеңилдикти узартууну сунуштады

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министрлиги Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешине электромобилдерди ташып келүүдө тарифтик жеңилдетүүнү узартууну сунуштады. Бул тууралуу аталган министрлик кабарлады. Ага ылайык, ЕЭКтин былтыркы марттагы чечимине ылайык, бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу менен Кыргызстанга 2022-жылы беш миң, ал эми 2023-жылы 10 миң электромобилдердин айрым түрүн алып келүүгө уруксат берилген. Ушул жылдын март айында аталган министрлик мындай жеңилдикти дагы эки жылга узартууну сунуштаган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *