Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Новости за 31.08.2023

Ташиев көкбөрүдө чыр чыгаргандар жазаланарын эскертти

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу көкбөрү оюнунун финалынан кийин чыр чыгаргандар жазага тартыларын билдирди. Бул тууралуу 1-сентябрга караган түнү Ташиевдин социалдык тармактарга жарыяланган видео кайрылуусунда айтылат. Ал көкбөрү оюнунан кийин чыр чыгаргандарды кескин сынга алып, кыргызстандыктарды биримдикке үндөгөн. Ташиев соңку окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүү баштаганын, чагым баштоого шектүү адамдар аныкталып жатканын кошумчалады. УКМК... Читать дальше...

Ошто көкбөрү оюнунун финалында чыр чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 32 жылдыгындагы Эгемендик күнү майрамына карата Ошто өткөн көкбөрү оюнунун финалдык беттешүүсү чыр-чатак менен коштолду. 31-августтун кечинде социалдык тармактарда Оштогу Төлөйкөн ат майданында жаалданган топ беттешүү өткөн талааны көздөй жүгүрүп баратканы чагылдырылган тасма тараган. Күбөлөрдүн айтымында, оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым күйөрмандар ортодогу калысты ур-токмокко алганы айтылууда. "Достук" жана "Ынтымак" командалары чечүүчү беттешүүгө чыгышып... Читать дальше...

Front Line Defenders "Клоопту" жабуу аракетине тынчсызданды

Azattyk.org 

Эл аралык Front Line Defenders уюму кыргыз кыргыз бийлигинин Kloop Media басылмасын жабуу аракетине тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун эсебинде Kloop Media адам укуктарын чагылдырып, так маалыматты элге жеткирип жатканы үчүн чабуулга кабылууда. Front Line Defenders Кыргызстандагы укук коргоочулар жана журналисттер кабылып жаткан коркутуп-үркүтүүлөрдүн масштабына да камтамачылык билдирди. Баш кеңсеси Дублинде жайгашкан Front Line Defenders укук коргоо уюму 2001-жылы негизделген. Буга чейин эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ)... Читать дальше...

Казакстанда адам өзүнө насыя алууга тыюу салган кызмат ишке кирди

Azattyk.org 

Казакстандын бийлиги жарандарга өздөрүнө насыя алууга тыюу салган он-лайн кызматты ишке киргизди. Бул тууралуу маалымат "Улуттук информациялык технологиялар" мекемесинин сайтына жарыяланды. Мекеме башчысы Ростислав Коняшкиндин айтымында "жаран өз ыктыяры менен насыялардан баш тартуу боюнча өтүнмө тапшыра алат, аны кайра артка кайтарса да болот". Бул үчүн казакстандыктар eGov mobile мобилдик тиркемеси же eGov.kz. порталы аркылуу насыя алуудан баш тартуу өтүнмөсүн киргизишет. Муну менен жаранга алты айга насыя алууга тыюу салынат. Читать дальше...

Доор үнүн симфонияга айланткан Сталбек Бактыгулов

Azattyk.org 

Кыргыз эл артисти, белгилүү композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жаш чагында адабиятка аралашып, прозаик катары таанылган талант кийинчерээк музыкага өмүрүн арнап, профессионал композитор катары таанылган. "Азаттык" анын чыгармачыл бейнеси тууралуу сөз кылат. Кош өнөрдүн ээси Мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган Сталбек Бактыгулов музыка менен адабият дүйнөсүнө эрте аралашкан. 14 жашынан тарта ырлары, этюддары, макалалары райондук жана республикалык гезит-журналдарга жарыяланган. Читать дальше...

Бишкекте жана Чүйдө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

Azattyk.org 

Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде 1-сентябрда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармагы” ишканасынын маалыматына караганда, Чүйдүн бардык райондорундагы отуздай айылда жана Токмок, Кара-Балта шаарларында саат 9дан 17ге чейин оңдоо, техникалык тейлөө, бактарды бутоо иштери жүргүзүлөт. Ушундай эле себепке байланыштуу Бишкектин бир нече көчөсүндө, “Ак-Өргө”, “Алтын-Казык”, “Ак-Чий” “Кайыңды”, “Чалбай” конуштарында, Пригородное айылында да жарык болжол менен саат 9дан 17:00гө же 18:00гө чейин убактылуу өчүрүлөт. Читать дальше...

Баткендеги майрамга Өзбекстандан өкүлдөр келди

Azattyk.org 

31-августта Эгемендик майрамы Баткенде да белгиленди. Майрамдык иш-чара аянтта өтүп, ага коңшу Өзбекстандын бир катар райондорунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү конок катары катышты. Чек арада жашаган эл 2021-жылы апрель айында жана 2022-жылы сентябрь айында болгон чек ара кандуу кагылышты эске салып, бийлик Баткендин тургундарына коопсуз жашоону камсыздап берсе деген тилегин айтышты.

Эл артисти Сталбек Бактыгуловдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Azattyk.org 

Бүгүн 31-августта Бишкекте Эл артисти Сталбек Бактыгулов менен коштошуу зыйнаты өттү. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Кыргыз эл артисти, таанымал композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгулов 30-августта 69 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал 1954-жылдын 7-октябрында Чүй районунун Кегети айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Музыкага, поэзияга, прозага тартылуусу эрте байкалып, 1968-жылдан баштап мектеп окуучусунун ырлары, этюддары, макалалары райондук жана республикалык газета-журналдарга жарыялана баштаган. Читать дальше...



"Кыргызстан - Борбор Азиядагы интеграциянын өзөгү"

Azattyk.org 

31-августта Кыргызстан эгемендик алганына 32 жыл толду. “Легендарлуу парламенттин” курамында ошол тарыхый окуяларга күбө болгон саясатчы, Жогорку Кеңештин экс-спикери, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмурбек Текебаевдин "Азаттык" менен болгон эксклюзивдүү маеги.

Британиянын коргоо министри Бен Уоллес кызматтан кетти

Azattyk.org 

Британиялык саясатчы Бен Уоллес 31-августта Коргоо министрлигинин башчылыгынан кеткенин ырастады. Өз чечими тууралуу ал өкмөт башчы Риши Сунакка кат аркылуу билдирген. Уоллес мекемени 2019-жылдан бери жетектеп келген. Орусиянын агрессиясына каршы турууда Киевге колдоо көрсөтүү чечимдеринин баары анын башкаруусунда кабыл алынган. Уоллес кызматтан кетүү ниетин өткөн айда эле кыйыткан. Ал жакында өтчү шайлоого катышууну дагы көздөбөйт. Рейстер агеннтиги жазгандай, Уоллес «жаңы мүмкүнчүлүктөрдү» караштырып көрөрүн айткан. Читать дальше...

Ошто таза суу резервуарлары ишке берилди

Azattyk.org 

31-августта Ош шаарын таза суу менен камсыз кыла турган төрт резервуар ишке берилди. Ош облусунунда иш сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров бул жайдын ачылышына катышты. Ар бир резервуарга 6 миң куб метр суу батат жана анда жарандар үчүн ичүүчү таза суу топтолот. Маалыматка ылайык, шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарлар толук тазаланган. Баасы 194 миллион сомду түзгөн долбоордун ишке ашышы менен Ош шаарынын таза суу маселеси чечилгени айтылат. Президент Жапаров 27-июлда... Читать дальше...

80-Венеция кинофестивалы башталды

Azattyk.org 

Венеция кинофестивалынын мааракелик 80-айлампасы башталды. 30-августтун кечинде өткөн иш-чаранын ачылыш салтанатында "Түнкү портье" фильминин автору, 90 жаштагы Лилиана Каваниге дүйнөлүк киноискусствого кошкон салымы үчүн "Алтын арстан" сыйлыгы ыйгарылды. Ошол эле кечте Каванинин "Убакыт тартиби" аталышындагы жаңы тасмасы көрсөтүлдү. Адамзаттын "акыр заман" тууралуу санаркоолору чагылдырылган тасмада башкы ролдордун бирин орусиялык актриса Ксения Раппопорт ойногон. Бул жолу эл аралык кинофестивалдын... Читать дальше...

Эгемендик - кыргыздын миңдеген жылдык эңсөөсү

Azattyk.org 

Кыргызстан бүгүн, 31-августта СССР деген держава кыйрагандан кийинки ээ болгон көз карандысыздыгынын 32 жылдыгын белгилеп жатат. Айрым саясий ишмерлер Эгемендик кыргыздар эзелтен эңсеп келген баалуулук экенин айтышууда.   Быйыл Эгемендик майрамы Ош шаарында белгиленүүдө. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик, коомдук, саясий, жана маданий ишмерлер катышып жатат. Өлкө президенти Садыр Жапаров Ош шаарында өтүп жаткан салтанатта кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен куттуктады. Читать дальше...

"Унаа" мекемеси машиналарды онлайн каттаган пилоттук долбоорун баштайт

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу "Унаа" мекемеси Санарип өнүктүрүү министрлиги менен бирге эртең, 1-сентябрдан тартып машиналарды онлайн кайра каттаган бир жылдык пилоттук долбоорун баштайт. Буга чейин аталган мекеме жол эрежесин бузганы үчүн айып пулу, анын тууму жана салыктан карызы жок учурда гана онлайн каттоого мүмкүн экенин билдирген. "Онлайн кайра каттоо үчүн машинанын ээси машинасын визуалдык кароодон өткөрүп, "Унаа" мекемесинин бөлүмдөрүндө сүрөткө тартып алышы керек. Машинанын... Читать дальше...

"Барселона" клубунун легендалары Кыргызстанда

Azattyk.org 

30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” клубунун мурдагы оюнчулары жана Борбор Азиянын ардагер футболчулары ортосунда беттеш өттү. Ал 3:0 эсебинде "Барселонанын" жеңиши менен аяктады. Мунун алдында “Барселона" легендалары Жалал-Абад шаарындагы футбол академиясынын ачылышына катышып, жаш футболчулар менен ойноп, машыгууларды өткөрдү. Кыргызстанга клубдун президенти Жоан Лапорта да келди.

Бишкек: Жаңы автобустар эки күн бекер иштейт, үч жаңы каттам ачылды

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн 31-августта мэрия Кытайдан сатып келген жаңы автобустар жолго чыгып, алар Эгемендик жана Билим күндөрүнө карата эки күн бою жүргүнчүлөрдү бекер ташымай болуп жатканын шаар башкармалыгы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, №15 (Ак-Ордо - Калыс-Ордо), №51 (7-апрель - Манас проспекти (айланма)) жана №52 (12-кичи район - Көлмө) деген үч жаңы каттам ачылды, ошондой эле маршруттук кичи автобустар тейлеп келген №100, №105, №152, №195, №32 деген каттамдарга да жаңы автобустар коюлду. Читать дальше...

HRW: Кытайда "адамзатка каршы кылмыш" уланууда

Azattyk.org 

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) укук коргоо уюму билдиргендей, кытай бийлиги уйгурлардын жана башка мусулмандардын укуктарын басмырлоону улантып жатканын билдирди. Уюм расмий Бээжиндин Шинжаңдагы аракеттерин адамзатка каршы кылмышка салыштырды. "Былтыр жыл бою кытай аткаминерлери уйгурларга жана башка түрк тилдүү мусулмандарга каршы катаал саясатын улантууда. Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө мамлекеттер адамзатка каршы кылмыш болуп жатканда үн катпай турбашы керек", - деген HRW уюмунун... Читать дальше...

Йоханнесбургдагы өрт 60тан ашык адамдын өмүрүн алды

Azattyk.org 

Түштүк Африка Республикасынын баш калаасы Йоханнесбургда үй-жайсыздар ээлеп алган көп кабатуу имаратта чыккан өрт кеминде 63 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу 31-августта Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди. Маалымат катчы Роберт Мулаудзи билдиргендей, таң сүрүп калганда тутанган өрттөн 40тан ашуун киши жаракат алды. Ал набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти. Каза болгондордун арасында бир бала бар экени кабарланды. Маалыматка караганда, борбордогу бош турган көп кабатуу имаратка үй-жайсыздар мыйзамсыз эле кирип алышкан. Читать дальше...

Акыйкатчы адам укуктарын сактоо ыйык парз экенин айтты

Azattyk.org 

Эгемендик Кыргызстандын эң кымбат баалуулугу экенин бүгүн 31-августта кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда акыйкатчы Жамила Жаманбаева белгиледи. Өлкөнүн көз каранды эместик күнүнө карата куттуктоосунда омбудсмен эгемендикти ар дайым сакташыбыз керек экенин, ар бир атуул үчүн, мамлекетибиз үчүн бүгүнкү күн абдан маанилүү экенин айтты. Адам укуктарынын сакталышы жана корголушу эгемен Кыргызстандын эң башкы жетишкендиги болушу керектигин кошумчалаган акыйкатчы өлкөнүн эркиндигин баалоо, адам... Читать дальше...

Ошто Насирдин Исановдун айкели ачылды

Azattyk.org 

Эгемен Кыргызстандын алгачкы премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдыгын белгилөө иш-чаралары бүгүн 31-августта Ош шаарында анын айкелинин ачылышы менен уланды. Айкел Ош мамлекеттик университетинин алдына аталган окуу жайдын жамаатынын демилеси жана аракети менен орнотулду. Айкелдин ачылыш салтанатына катышкан президент Садыр Жапаров өз сөзүндө 1991-жылы өлкөдө өндүрүш төмөндөп, жумушсуздук күчөп, эмгек акы боюнча карыз топтолуп, экономика өзү рецессия абалда турганын, ошол жылы өкмөт башчылыкка... Читать дальше...

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

1-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28... Читать дальше...

УТРКнын талкуу жараткан логосу алмашты

Azattyk.org 

Улуттук телерадио корпорациясы медиа мекемеде ребрендинг башталганын социалдык тармактагы баракчасына 30-августта жарыялады. Анын алкагында каналдын буга чейин коомчулукта талкууга түшкөн логосу алмашканы белгилүү болду. Корпорациянын карамагындагы дагы беш каналдын - “Маданият”, “Спорт”, “Ала-Тоо-24”, “Баластан”, “Музыканын” логотиптери алмашкан. Ошондой эле телеканалдын эфирлери 31-августтан тарта HD форматына чыга баштады.  Улуттук телерадио корпорациянын январь айында жаңыланган мурдагы логотиби коомчулукта сынга кабылган. Читать дальше...

Президент Жапаров Эгемендик күнү менен куттуктады

Azattyk.org 

Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Өлкө президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен Ош шаарында өтүп жаткан негизги салтанат учурунда куттуктады. Президент  "эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар дубанда өткөрүүнү ниети" болгонун, быйыл "3000 жылдан ашуун тарыхы бар, Фергана өрөөнү жана жалпы эле Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын катарында турган ордолуу Ош шаарында, касиеттүү Сулайман тоонун астанасында" өтүп жатканын белгиледи.  "Эркиндиктин... Читать дальше...

Тажик банкирин өлтүрүүгө шектүү эки адам Орусияда кармалды

Azattyk.org 

Орусияда тажикстандык банкир Шухрат Исматуллоевди өлтүрүүгө шектүү эки адам кармалды. "Озоди" радиосу бул тууралуу Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев билдиргенин жазды. Анда кармалгандардын аты-жөнү аталган эмес. "Озодинин" божомолунда алардын бири Дилшод Саидмуродов болушу мүмкүн жана ал жакынкы убакта Тажикстанга экстрадицияланышы ыктымал. Саидмуродов мурдагы милиция кызматкери. Тажик бийлиги буга чейин ал банкирдин өлүмүнө шектүү экенин, Орусияда жашынып жүргөнүн билдирген. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *