Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Кемпир-Абад иши: абактагылардын бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда каралат

0
Кемпир-Абад иши: абактагылардын бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда каралат

Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган саясатчы, активисттердин бөгөт чарасы 2-майда Бишкек шаардык сотунда карала баштайт. Бул тууралуу абакта отургандардын бири Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты Тимур Султанов 1-майда “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин 12-19-апрель аралыгында Биринчи май райондук соту массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп айыпталган саясатчы, активисттердин бөгөт чарасын карап, жети кишини үй камагына чыгарган. Калган 16 кишини тергөө абагында калтырган. Калганы буга чейин үй камагына чыгарылган.

Бул иш боюнча башында жалпы 20дан ашык киши кармалган.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Кемпир-Абад иши "жашыруун" деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *