Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Алматыда Кытай менен визасыз режимге каршы чыккандар кармалды

0
Алматыда Кытай менен визасыз режимге каршы чыккандар кармалды

Алматыда Казакстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режимге каршы митингге чыккан бир канча киши полиция кармады.

"Азаттык" радиосунун казак кызматы 1-майда кабарлагандай, Горький атындагы сейил бакта 20дай адам чогулду. Прокурор аларга митинг мыйзамсыз экенин эскертип, тарап кетүүнү талап кылган. Кийинчерээк тартип сакчылары аларды күч менен кармап, жүк ташуучу унаага салып кетишкен. Полиция эч кандай түшүндүрмө берген эмес. 

Жарандарды бул митингге катышууга Казакстанда тыюу салынган “Демократиялык тандоо” кыймылынын жетекчиси, чет элде жашаган Мухтар Аблязов үндөгөн. Ал Кытай жарандарынын Казакстанга визасыз киришине каршы чыгып, Астананы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жана Евразиялык экономикалык биримдигинен чыгууга чакырган.

Тышкы иштер министрлиги өкмөттүн "Казакстан жана Кытайдын ортосундагы виза талаптарынан бошотуу жөнүндөгү келишимге кол коюу" тууралуу мыйзам долбоорун апрелде коомдук талкууга чыгарган. Келишимге 18-19-майда президент Касым-Жомарт Токаев Бээжинге мамлекеттик сапар менен барганда кол коюлары пландалууда.

Казакстанда ар кандай нааразылык акцияларына чыгуу үчүн акимчиликтен уруксат алышы керек. Уруксат берилбеген акциялар мыйзамсыз деп табылып, катышуучуларды полиция кармайт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *