Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Жапаров Ош, Жалал-Абаддагы жаңы аэропорттордун долбоору менен таанышты

0
Жапаров Ош, Жалал-Абаддагы жаңы аэропорттордун долбоору менен таанышты

Садыр Жапаров бүгүн, 1-майда Ош жана Жалал-Абад шаарларына барды. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, ал жаңы аэропорттор курула турган жер тилкелерин көрүп чыкты.

"Долбоорго ылайык, бул бардык эл аралык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берген жаңы тилкелерде курулган толук кандуу аэропорттор болот",-деп айтылат расмий маалыматта.  

Ал эми азыркы аэропорттордун ордуна заманбап турак жайларды куруу планы айтылды. Курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жарандарга Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген ипотека менен берилмекчи. Учурдагы “Ош” эл аралык аэропортунун аймагынын жалпы аянты 168 га жана “Жалал-Абад” аэропортунун аймагынын жалпы аянты  78,2 га түзөт.

“Ош” эл аралык аба майданы  - Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган жана анда 900дөн ашык киши иштейт. Аэропорт жумасына 160ка жакын каттамды уюштурат. Азыркы аэропорт Ош шаарынан 9 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ал эми жаңы аэропортту Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр жана Мады айылдарынын аймагындагы тилкеге куруу пландалып жатканы кабарланууда. 

"Жалал-Абад" аэропорту ички каттамдарды гана ишке ашырат. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери жүргөн. (ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *