Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Судандан алты кыргызстандык эвакуацияланды

0
Судандан алты кыргызстандык эвакуацияланды

Тышкы иштер министрлигинин, Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилиги жана Орусиянын Хартум шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Судандан алты кыргызстандык жаран 2-майда Москвага эвакуацияланды. 3-майда алардын баары Москва- Бишкек каттамындагы учак менен Кыргызстанга жиберилди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдап, кыргызстандык жарандарды Судандан эвакуациялоого көмөктөшкөнү үчүн Орусияга ыраазычылыгын билдирди.

Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген "Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу 15-апрелден бери уланууда.

Буга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду. Түрдүү маалыматтарда Судандагы башаламандыкта 450дөн 600гө чейин киши өлүп, беш миңге жакын адам жаракат алганы айтылат.

Чет өлкөлүктөрдү, анын ичинде дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү  мамлекеттен чыгарылып жатат.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *