Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

"Керемет Банк" иши: Дагы эки мурдагы жетекчиге өкүм чыкты

0

98% жакын акциясына Улуттук банк ээлик кылган "Керемет Банктын" иши боюнча кармалгандардын дагы экөө күнөөлүү деп табылып, ар бири мамлекеттин эсебине 1 миллион сомдон айыппул төгүүгө милдеттендирилди.

Ишти караган Биринчи Май райондук соту өкүмүн 2-майда жарыялап, Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары Айнура Тезекбаева жана бул банктын башкармалыгынын мурдагы мүчөсү Алмаз Сыдыков Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде күнөөлүү деп аныкталганын билдирди.

Ал эми аларды абакта кармоо чечими өзгөртүлүп, “сыртка чыкпоо” бөгөт чарасы белгиленди.

Улуттук банктын башкармалыгынын ушул эле иш боюнча кармалган мурдагы мүчөсү Тимур Жусупов да бир ай мурда 1 миллион сом айыппулга  соттолгон.

Жогоруда аталгандардан тышкары дагы эки адам тергөө абагында отурат.

“Керемет Банктын” (мурдагы «Росинбанк») айрым кызматкерлерине кылмыш ишин Башкы прокуратура былтыр декабрдын башында козгогон. Алар мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард сом каражатты инвестиция катары банкка мыйзамсыз салганы, натыйжада өлкө казынасы мындай операциядан 4,5 миллиард сомдон ашык зыян тартканы маалымдалган. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *