Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Автоунаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүктөр айып пул төлөшөт

0
Автоунаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүктөр айып пул төлөшөт

1-июлдан тартып автоунаасын камсыздандырбаган чет өлкөлүк жарандар жана ишканалар айып пул төлөй баштайт. Ошондой эле башка өлкөдө катталган машинелер дагы 1-апрелден тартып милдеттүү камсыздандыруудан өтүшү керек болгон тизмеге кошулду. Буларга автоунааны милдеттүү түрдө камсыздандыруу быйыл, 1-апрелден тарта башталганын каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров журналисттерге билдирди.

Анын маалыматына караганда, автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) берүү лицензиясы 13 ишканага берилген. Алар апрель айынан тартып, 21 743 полис беришти.

"Айрым айдоочулар полисти пайдаланууга үлгүрүштү. Алгачкы төлөмдөр төлөндү", - деди Пирназаров.

Жол коопсуздугун караган инспекторлорго милдеттүү көрсөтүлө турган документтердин тизмесине камсыздандыруу полиси дагы кирди.

Кыргызстанда катталган менчик автоунаалар 2024-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүлүшү зарыл.

Кыргызстанда автоунаага милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келет. Быйыл тийиштүү мыйзам күчүнө кирмек.  Министрлер кабинети милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жыла турганын кабарлаган. Полис албаган катардагы айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынмак.

Бийлик бул автокырсыкка учурап, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтурууга, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоого керек экенин айтууда.

Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, баа машиненин түрүнө, айдоочунун жаш курагы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учурай турганына жараша өзгөрүп турарын билдирген.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *