Аба ырайы: үшүк жүрөт
5-6-май күндөрү түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. 5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк жүрүшү ыктымал.
5-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү мүмкүн.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.
5-майдагы жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
5-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15…20;
Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 15…20;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14...-19, күндүз -3...-8.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 18…20 градус болот.