Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

Исабеков Беларуста кармалып турган унаалардан күмөндүү документ табылганын билдирди

0

Европа өлкөлөрүнөн жана АКШдан Кыргызстанга ташылып келатып, Беларусиянын чек арасында кармалып турган унаалар боюнча Бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков маалымат берди. Ал 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, кармалып турган унаалардын ичинен арзан баада сатып алынганы боюнча документтер табылганын билдирди.

“Мисалы, сатып алынып келаткан 40 миң долларлык машинанын ичинен аны “350-500 долларга сатып алды” деген документтер чыккан. Ошондон улам беларус тарапта “Кыргызстанга келгенде ушундай баа менен бажы төлөмү алынабы” деген шек жаралган”, - деди Исабеков.

Ал Кыргызстанга алынып келаткан унаалар боюнча Беларустун бажы кызматы менен эки жолу сүйлөшкөнүн билдирди.

29-мартта АКШ, Европадан машина ташып иштеген ишкерлер Беларуста жүздөгөн унаалары кармалып турганын айтып чыгышкан. Алардын айтымында, алды беш айдан бери беларус чек арасында кармалып турган унаалардын саны 500гө чамалайт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча 29-мартта түшүндүрмө берип, ал өлкөдөгү элчиликтин кызматкерлери иш алып барып жатканын айтышкан. Анда айтылгандай, элчиликтин кызматкери 1-февралда Минск аймактык бажы кызматына барганда, тралдар ЕАЭБдин бажы аймагына киргизилген товар катары кошумча текшерүүгө алынары белгилүү болгон.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыр Кыргызстанга 41 миң 237 даана жеңил унаа импорттолсо, алардын эң көбү, 10 миң 604ү Түштүк Кореядан ташылып келген. Европа өлкөлөрүнөн жана АКШ, Канаданы кошкондо 16 миңден ашык унаа алып келинген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *