Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2023

ТИМ: Грузияда абакта отурган кыргыз жарандары менен жолугушуу өттү

0
ТИМ: Грузияда абакта отурган кыргыз жарандары менен жолугушуу өттү

Грузиянын абактарында отурган кыргызстандык жарандар менен жолугушуу өткөнүн 4-майда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 1-3-май күндөрү Кыргызстандын Азербайжандагы жана Грузиядагы элчилигинин (кеңсеси Баку шаарында жайгашкан) консулу Грузияга барып, тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү менен консулдук кызматташтыкты талкуулады, ал жактагы кыргыз жарандарына паспорт алууга, алмаштырууга, санарипке өткөрүүгө, консулдук каттоого турууга байланыштуу маалымат берди.

“Мындан тышкары, Грузиянын аймагында эркинен ажыратылып, жазасын өтүп жаткан кыргызстандык жарандар менен жолугушуу өткөрүлдү. Аларга консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча бардык кызыктырган суроолоруна байланыштуу кеп-кеңеш берилди”, - деп билдирди ТИМ.

Грузияда Кыргызстандын канча жараны кандай негизде камакта отурганы тууралуу маалымат берилген жок.

Чет өлкөлөрдө абакта отурган кыргызстандыктар боюнча ТИМ быйыл февралда тараткан расмий маалыматта 1282 адам тууралуу сөз болуп жатканы айтылган. Алардын 1077си (1205и эркек, 91и аял) Орусиянын 74 аймагында экени маалым болгон. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *